Депутат Абжалиевдин уулуна байланыштуу кырсыкты эмнеге «тумандатышты»?

Кырсык ар бир адамдын башында бар. Бирок, кандай гана кырдаал болбосун ачык-айкындуулук зарыл. Ысык-Көлдө ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык БМВ Х-7 унаасы катуу ылдамдыкта баратып, «Лексус 300» үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзгөн. Окуя 7-июлда таңга маал 04:35те болгону кабарланган эле. Натыйжада, күлгүндөй болгон 4 бала каза болду. Алгач кырсык катталгандан тарта эле тийешелүү органдар маалыматты жашырып-жабууга жандалбасташканы, элдин кыжырына ойношкону эмнеси? Кеп — Абжалиевдин уулу рулда болгонбу, же болгон эмеспи? Ичимдик ичишкенби? Соо беле? Суроолор арбып кетти. «Артык кылабыз деп тыртык кылгандай» болбой, реалдуу чындыкгы элге жеткизиши керек болчу. Эң башкы маселе ушунда. Андан кийин гана укуктук жагы каралат, балким, маркумдардын туугандары менен элдешүү жолу болобу же?..

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *