Депутат Айнуру Алтыбаева “Биримдик” партиясын негиздегендердин атын атады. Алар кимдер?

Учурда “Биримдик” партиясы укмуш кеп болууда. “Биримдикти” негиздеген Амангелди Муралиев, аны Бакиевдер тартып алып, ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева алып берип коюшкан. Учурда бул партияны көмүскөдө депутат Асылбек Жээнбеков башкарат”,-деген сөз жүрүүдө. Муну тактайлы деп Айнуру Алтыбаевага кайрылсак, ал мындай маалыматты четке кагып, “Биримдикти” ким түптөп, ишин жылдырып келаткандарды айтып берди.

Негизи “Биримдик” саясий партиясын 10 айым түптөгөн, алардын ичинде мен дагы бармын. Биз юридикалык каттоодон өткөрүп, саясий ишмердүүлүктү жүргүзүп келгенбиз жана келатабыз”,-деген депутатка: “Карганбек Самаковдуку болчу”,-деп да жатышат, ал дагы партиянын тизмесинде барбы?”,-десек, “Экс-депутат Карганбек Самаков менен  учурдагы депутат Марат Аманкулов кийин гана кошулушкан“,-деп жооп берди А.Алтыбаева.

Буга чейин экс-премьер-министр Амангелди Муралиев аталган партия тууралуу жооп берген.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-январда аталган партиянын башына ЖК депутаты Марат Аманкулов келгени маалым болгон. Аны депутат өзү журналисттерге билдирген. Анын мындай маалыматын Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган маалымат да тастыктайт, анда М.А.Аманкулов “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн.

 Булак: KyrgyzToday.kg

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *