Депутат Урматбек Самаев Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрасынын орун басарлыгына шайланды

Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын өкүлү Самаев Урматбек Орозбекович депутаттардын 86 добушу менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы – депутат Наталья Никитенко («Ата Мекен» фракциясы).

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *