Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Депутаттар премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин талкуулап жатышат
Саясат

Депутаттар премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин талкуулап жатышат

Бүгүн, 6-октябрда 35 депутат «Достук» мейманканасында, алар премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин талкуулап жатышат. Бул тууралуу жолугушуу бөлмөсүндө жүргөн жарандык активист билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, залды кайтарган кароолчулар массалык маалымат каражаттарын ичине киргизишкен эмес.

«Алардын айрымдары буга чейин Жапаров премьер-министр болот деген документке кол коюшкан. Депутаттар келип-кетип жатышат», — деди активист.

Белгилей кетсек, чечим кабыл алуу үчүн документке 61 депутат кол коюшу керек. Эл мейманкананын өзүнө жакын жерде чогулган.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий