Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Добуштарды кол менен саноонун 22:00гө карата жыйынтыгы: Азырынча беш партия 7% босого чектен ашты
Политика

Добуштарды кол менен саноонун 22:00гө карата жыйынтыгы: Азырынча беш партия 7% босого чектен ашты

Бүгүн, 5-октябрда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат. Азырынча кол менен эсептөө боюнча «Биримдик» партиясы 25,9% менен биринчи орунга чыкты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы 24,56% менен экинчи катарда, үчүнчү орунда «Кыргызстан» — 8,96%, төртүнчүдө — «Бүтүн Кыргызстан» — 7,62%, бешинчиде «Мекенчил» — 7,26%.

Калган партиялар босого чектен (7%дан) аша элек. Алар:  “Республика” партиясы – 5,18%, “Ата Мекен” – 3,71%,  “Ыйман Нуру” –  3,22%, “Бир Бол” – 3,21%, “Замандаш” – 2,25%, “Чоң Казат” – 1,91% “Социал-демократтар” – 1,38%,  “Реформа” – 0,96%, “Мекен Ынтымагы” – 0,59%, Афганистандагы согуштун ардагерлеринин партиясы – 0,13% жана “Ордо” – 0,17% алды.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 10го чукул саясий партиялар, тарапташтары Ала-Тоо аянтында мөөнөтсүз митинг өткөрүшүп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышты. Кечинде аянтка күч кызматкерлери тартылып, митингге чыккан адамдарды күч менен таркатышты. Арасында ондогон адам ар кандай жаракат алды, анын ичинде «Ата Мекендин» лидери Жанар Акаев да бар. Ал бутунан жаракат алган.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий