Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » «Достук» мейманканасында митингдин катышуучулары Садыр Жапаровду алардын алдына чыгууна талап кылышууда
ПОЛИТИКА

«Достук» мейманканасында митингдин катышуучулары Садыр Жапаровду алардын алдына чыгууна талап кылышууда

Бүгүн, 7-октябрь түнкү саат 00:31: «Достук» мейманканасында митинг уланууда.

Бир катар митингчилер Садыр Жапаровдон же депутаттардан алардын алдына чыгууну талап кылышууда.

Күзөт кызматкерлери имаратты коргоого аракет кылып, эч кимди киргизбей жатышат. Алар мейманкананын ичинде эч ким жок деп жатышат.

Күзөтчүлөрдүн айтымында, митингдин айрым катышуучулары таш алып, «Кыргызстан» банкынын терезесин талкалап салышкан.

Белгилей кетсек, 5-октябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтына 5 миңге жакын адам – ​ парламентке кирбей калган партиялардын тарапкерлери чогулушту. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышты.

Андан кийин алар УКМКнын имаратына барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камактан бошотушкан. Ошондой эле, Садыр Жапаров, Сапар Исаковдор ж.б. да бошотулган.

Рекомендуемые

Фото — Главы государств-участников ОДКБ прибыли в Государственную резиденцию «Ала-Арча» г. Бишкек для участия в сессии СКБ ОДКБ

Фото — Вице-премьер-министры Кыргызстана и Таджикистана провели заседание правительственных делегаций по делимитации и демаркации госграницы

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров провел очередное заседание Республиканского штаба по выборам

Оставить комментарий