Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 2 айга камакка алынды
Хроника криминала и происшествий

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 2 айга камакка алынды

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту  Саламаттыкты сактоонун экс-министри Космосбек Чолпонбаевди 2 айга, 15-ноябрга чейин Бишкек СИЗО-1ге (тергөө абагы) камакка алууга чечим чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 15-сентябрда Каржы полициясы Космосбек Чолпонбаевди министр болуп турган учурунда (2018-2020-ж.ж.) мамлекеттик бюджетке 9 млн сом зыян келтирген деген   айып менен 48 саатка кармаган.

Ал эми бүгүн КР Генералдык прокуратурасы Каржы полициясы Чолпонбаевдин үстүнөн козгогон кылмыш ишинин (Кылмыш кодексинин 4 бөлүгүнүн 320-беренеси) материалдарын карап көрүп, Саламаттыкты сактоонун экс-министри Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, консултациялык тейлөө көрсөткөн деген шылтоо менен мамлекетке зыян алып келүүчү келишимдерди түзүп, бюджетке 65 млн сом зыян келтирген деп  бекитип, сотко жөнөткөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Рекомендуемые

В Казахстане задержан главврач: его обвиняют в незаконной пересадке почек

Фото — Сотрудники милиции ОВД Московского района задержали двух подростков, подозреваемых в угоне автомобиля

МВД: По незаконному освобождению Азиза Батукаева задержан экс- вице-премьер-министр Шамил Атаханов

Оставить комментарий