Эл жуткуч элдер көбөйүп баратабы? Же миграциялык процесстердин күч алуусу улуттун түпкү кызыкчылыктарына ылайык келбейт

Биологиялык түрлөрдүн өсүп-өнүп жаткандыгын, же регресстик абалга түшө баштагандыгын аныктоочу императивдик мүнөздөгү туруктуу бир гана сын-ченем бар, ал – популяциясынын же тукумдап көбөйүүсүнүн абалы. Калгандары утурумдук нерселер. Австролопитектин доорунан бери ар кандай себептерден улам популяциясы азайып отуруп, биологиялык он миңдеген, мүмкүн, жүз миңдеген түрлөр биротоло жок болду. Адам да биологиялык түрлөрдүн бири, этносторду белгилүү өлчөмдө подвиддерге салыштырса болот. Конкреттүү этносту алсак, анын популяциясы же демографиялык жагы динамикалуу болсо, ал акырындап саясый, экономикалык жана аскердик позицияларын жакшыртып, ареалдарын да кеңейте берет.

Эгерде ар кандай себептерден (өлгөндөрдүн төрөлгөндөрдөн көп болгондугу, массалык миграциялар, ассимиляциялык процесстер, перманенттүү кагылышуулар ж.б.) улам эли туруктуу азаюу процессине кирсе, анын дүйнөдөгү орду, таасири ширидей акырындап тарып отуруп, убагы жеткенде реликтилик (мас: эскимостор, немецтер ж.б.) этностордун бирине айланып калуусу же башкаларга ассимиля-цияланып биротоло жок болуп кетиши мүмкүн. Ага тарыхтан мисалдар толтура. Ага Америка континентиндеги акыркы 300-400 жылдагы демографиялык процесстерди көрсөткөн эле жетиштүү болот.

Мына ушул өңүттөн алганда кыргыздарды миграциянын чоң толкуну каптап кеткендиги тынчсыздандырбай койбойт. Утурумдук жагынан алганда мигрантгар чет өлкөлөргө барышып, өздөрүнүн жандарын багышып, ата-энелерине, балдарына жылына республиканын бир жылдык бюджетине жакын акча каражаттарын жиберишип, аябагандай чоң иштерди жасашууда. Алардын акчаларысыз республикадагы саясый, экономикалык абалды, сомдун курсун туруктуу сактоо кыйын болмок. Курулуш иштери, соода-сатык, тейлөө тармактары ж.б. өнүкмөк, элдин турмушу азыркыдай абалга жетмек эмес. Ал эми стратегиялык жагынан алганда кыргыздардын миграциялык процесстерге улам көбүрөөк тартылып бараткандыгы улуттун түпкү кызыкчылыктарына ылайык келбей тургандыгын ачык айтышыбыз керек. Эмне үчүн?

Грузиндер, армяндар отурукташып, мамлекеттиктерин түптөшкөндүгүнө жүздөгөн жылдар болду, бирок элдеринин сандары бизден да аз. Алар мындан жүз жылдай мурда эле өздөрүнөн бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча кыйла артта турган коңшулаш Азербайжандан тездик менен артта калып баратышат. Анткени, буларды ХVІІІ-ХІХ кылымдарда эле миграциянын толкуну каптап, пассионардуу инсандарынын дээрлик бардыгынын чет өлкөлөргө чыгып кетип калуусу адатка айланып калган. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында армяндардын диаспоралары бар, ал эми грузиндердин мыкты ырчы-бийчи, окумуштууларынан тартып, өтүкчүлөрүнө чейин Россияда иштешет, жашашат. Азербайжанда деле миграция бар, бирок элдин табигый өсүүсүнүн динамикасы андан жогору болгондуктан анын калкы ишенимдүү көбөйүп, өлкөнүн экономикалык, аскердик кубаттуулугу кошуналарына салыштырганда тез өсүп баратат.

Мигранттарыбыздын басымдуу көпчүлүгү тапкандарын Кыргызстанга которушууда, бирок жылдан жылга башка өлкөлөрдүн жарандыктарын алып, ал жактарга биротоло отурукташкысы келгендердин сандары артууда, үй-бүлөлүүлөрдүн сезилерлик бөлүгү балдарын ал жактарда окутушууда. Отурукташкан мигранттардын биринчи муундары картайганда болсо да Кыргызстанга кайрылып келүүсү мүмкүн, бирок экинчи муундары келишпейт, үчүнчү, төртүнчү муундары ошол жактардагы элдерге ассимиляцияланып, бабаларынын тилдеринен, маданияттарынан биротоло алыстап кетишет. Аларга мигранттардын улам кийинки толкунундагылар кошула берет, анткени, биринчиден, отурукташып, тиричиликтери оңолгондордун артынан кете берүү биздин менталитетке мүнөздүү көрүнүштөрдөн, экинчиден, өнөр жайыбыз жокко эсе, айыл чарбабыздын келечеги бүдөмүк. Эгерде өнөр жайы жок дегенде советтик мезгилдегидей деңгээлге жетпесе, Кыргызстан эли азайбаса да көбөйбөгөн, кайраттуу инсандарынын баары туш тарапка таркап кетип, кары-картаңдары, күндүн өткөнүнөн башкага кызыкпаган мусапырлары, элдин эсебинен жан баккан чиновниктери, азыноолак студенттери, маалим-таалимдери, күркөчүлөрү гана калып, деми кайтып, оту өчүп бараткан өлкөгө айланып калышы мүмкүн.

Буга кошумча, тилекке каршы, демографиялык көйгөйлөрүн жалаң мигранттардын эсебинен чече баштаган эл соргуч өлкөлөрдүн сандары тездик менен көбөйүүдө. Мурда алар Америка континентиндеги айрым, Европадагы мамлекеттерге гана мүнөздүү көрүнүш болсо, азыр Азиядагы айрым өлкөлөр да кошула баштады. Алакандай Сингапур да демографиялык маселелерин мигранттардын эсебинен чечүүдө. Орустар мурда өздөрүндөгү майда этностордун эсебинен демографиялык балансын сактап келишсе, эми Борбордук Азияны негизги демографиялык ресурс катарында карай башташты. Алар кытайлардан коркушат, Түштүк Чыгыш Азиядагыларды, Африкалыктарды кабыл алгылары келишпейт, Борбордук Азиядагы түрк элдерин гана ассимиляциялаганга оңой материал катарында карашат, ал тарыхый тажрыйбада ырасталган. Россиядагы 50 миллиондой этникалык орустардын тектери түрктөрдөн чыккан, аларга жаңы толкундагылары кошулууда. Мисал үчүн айтсак, 1552-жылы Иван Грозный Казань хандыгын багынтып алганда орустардын саны 5,5 миллиондой болсо, татарлардын саны деле ошого жакын болгон. Андан бери көбөйүүнүн эсебинен Орусия дүйнөдөгү эң чоң державалардын бирине айланды, ал эми Татарстандын келечеги барган сайын бүдөмүк болуп баратат. Буга бир мисал. 1920-жылдардан бери Татарстандагы этникалык татарлардын саны көбөйгөн жок, андагы орустардын саны өсүүдө. Анткени, этникалык татарлар Орусиянын туш тарабына окуп, иштегени чыгышып, эки-үч муун өткөндөн аркылары чокунуп, ошондон ары биротоло ассимиляцияланып, орус болуп кетүүдө. Ушул кылымдын аягына карата Орусиядагы түрк элдеринин заттары түгүл, аттары да калбашы толук мүмкүн. Минтемир Шаймиев ислам дини, татарларды өз тилинде мажбурлап окутуу аркылуу ассимиляциялык процесстерди токтотууга катуу аракет кылды, бирок В.Путин бийликке келгенден кийин андай мажбурлоого тыюу салынды. Шаймиев Татарстандын шаарларына, айыл-кыштактарына көптөгөн мечиттердии курдурган, бирок аларга негизинен мигрант өзбектерден, тажиктерден, кыргыздардан башкалар барышпайт.

ХІХ-кылымда, айрымдары андан мурда сүрүлүп келген немистердин 5-6 мууну Евразияда жашап, андан кийинкилеринин дээрлик бардыгы тарыхый ата мекендерине кетип калышты. Эки миң жылдай башка элдерге аралаш жашап жүргөн жөөттөрдүн көбү XX-кылымдын экинчи жарымында Израилге чогулушту. Башка өлкөлөрдө калгандарынын мүмкүнчүлүктөрү барлары Израилди инвестициялар менен камсыз кылышууда. Алакандай Израил ошолордун эсебинен жыл сайын Россияга тартылгандай көлөмдө инвестицияларды алууда. Ал эми түрк элдеринде алардыкындай антиассимиляциялык иммунитет, сапат, этностук тилектештик аз, башка этностордун арасына бириндеп таркагандарынын тукумдары ошондон ары аларга сиңип кетишет. Кыргыздарда болсо башкаларды ассимиляциялоочу сапат да жок. ХІХ-кылымдын экинчи жарымында Кытайдан качкан дунгандардын бир бөлүгү Ош-Анжиан тарапка келип отурукташкан. Чүйгө келгендери чоң диаспорага айланды, ал эми Анжиан тарапка кеткендери эбак өзбектерге сиңип кетишкен. ХІХ-ХХ-кылымдарда Кыргызстанга келгендерине караганда Кашкардан Фергана өрөөнүнө оогон уйгурлардын саны көп болгон, биздеги уйгурлар 7б миңге чамаласа, ал тараптагы этникалык уйгурлар да өзбектерге аралашып кетишти.

Орусия биздин өнөктөшүбүз, бир катар эл аралык уюмдар боюнча шериктешибиз, бирок демографиялык маселеде стратегиялык кызыкчылыктарыбыз дал келбейт, ал эч качан бизге массалык жумушчу орундарды түзүүчү обьектилерди курууга көмөктөшпөйт. Тескерисинче, тымызын бут тосот, анын ордунда болсок, биз да ошентмекпиз. Анткени, ал Борбордук Азиядагы республикалардын экономикалары өнүгүп, элдеринин турмуштары жакшыруусуна эмес, арзан жумушчу күчтөрүнүн Орусияга карата агылуусуна, алардын өз жарандарына айланып, бекемделип калуусуна кызыкдар. Кайталайбыз, Орусияга окшош демографиялык саясат жүргүзгөн өлкөлөр жыл санап көбөйүүдө. Жакында дүйнөлүк рынокто эмгек ресурстары талашка айланат, пассионардуу уул-кыздарыбызды таркатып жиберүү коркунучу жылдан жылга артып барат.

Айрымдар кошуналар менен 5-6 гектар жерди талашканды эрдик катары эсептешип, мурундары дардайып жүрүшөт, аны чече алышпаса да чоң саясатка айландырып, элди дүрбөтүшөт. Бирок, көз алдыбызда улутубуз туш тарапка таркап, каны азайган адамдай алсырап бараткандыгын байкагылары келишпейт. Же анын биротоло оңолгус дартка чалдыгуусун күтүшүүдөбү?

Ички, тышкы саясаттарда эл сактоо биринчи планга чыгышы, капиталдык салымдар, ички, тышкы инвестициялар туруктуу жумушчу орундарды түзүүгө, турак жайларды курууга гана багытталышы, калган статьялардагы чыгымдар убактылуу кыскартылышы керек. Эл болбосо социалдык инфратүзүмдөрдүн, армиянын, күч түзүмдөрүнүн, толгон-токой органдардын, а түгүл жердин кимге кереги бар? Эл жуткучтарга биротоло жутулп кетүүнү каалабасак, эсибизге эртерээк келишибиз керек.

Бакай Чилтегин

Булак: «Майдан»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *