Эмне үчүн япон балдары эрке эмес?

Япон элинин мүнөзү дүйнө жүзүндөгү элдерди суктантып келет. Кандай гана кырсыктар, табият тарабынан берилген сыноолор болбосун алар ар дайым өздөрүнүн чыдамкайлыгы менен жеңип келишет. Кандай гана кырдаал болбосун өздөрүнүн биримдигин көрсөтүшүп, өздөрүн жоготуудан алыс болушат. Алардын чоочун кишилерге болгон сый-урматы жана эмгекти өзгөчө сүйгөндүгү тууралуу айтсак ашыкча болбойт. Мындай сапаттар чоңдорго гана тиешелүү эмес. Япон элинин балакайлары дагы бөлөк континенттин балдарынан айырмаланып турушат. Алар адатта абдан жөнөкөй жана жүрүм-туруму дагы үлгү алаарлык. Алар ар дайым чоңдорду угушат жана эч качан чырланышпайт. Мунун сыры тууралуу төмөндө сөз кылалы.

Япон элинин өзгөчөлүгү катары алардын муундар аралык байланышын айтсак болот. Алар улуу муундун өкүлдөрүн аябай урматтап-сыйлашат. Сыйчылдык жагынан кыргыздардай эле. Алар карыяларды даанышмандыктын үлгүсү катары кабыл алышып, өзгөчө көңүл бурушат. Ал эми улуу муундун өкүлдөрү өз кезегинде жаштарга чыдамкайлыктын жана сүйүүнүн үлгүсүн берүү менен мамиле кылышат.

Япон эли туугандарын баалашат. Ошол эле учурда алардын мамилесинде атайын чек бар. Мисалы чоң ата жана чоң энелер өз балдары бош эмес болсо дагы, неберелерин кароо боюнча жоопкерчиликти ала алышпайт. Японияда тууганчылык мамилелер кандайдыр бир кызыкчылыкты же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу менен байланышкан эмес. Тескерисинче ар биринин өз орду бар экендиги алар үчүн абдан манйлүү.

Бири-бирин түшүнүү аркылуу тарбиялоо

Күн чыгыш мамлекетиндеги үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоодо бири-бирин түшүнүү жана этият мамиле негизги орунда турат. Жаш балдарга үндү көтөрүп сүйлөө катуу жазалоо катары эсептелет. Ата-энелер катуу жазалоодон, уруп-согуудан качуу менен башка адамдардын сезимдерин сыйлоо аркылуу балдарынын дүйнөгө болгон көз карашы калыптанат деп эсептешет. Эгер жаш бала чырланып, эркелеп көчөдө өнөр көрсөтчү болсо ата-энеси көз карашы жана жаңсоолору менен эле жазалашат. Муну менен алар мындай тартиби туура эмес экендигин түшүндүрүшөт.

Мындан тышкары буюмдарга дагы ушундай үлгүдө мамиле жасашат. Мисалы эгер бала оюнчугун талкалап алса «сен муну талкалап салган турбайсыңбы» дегендин ордуна «бузулуп калган турбайбы» дешет. Япон эли муну менен оюнчуктун анчалык маанилүү эместигине басым жасашат. Ошондуктан балдар жаш кезинен эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаганды түшүнүү менен эс тартышат.

5 жашка чейин бала “кудай”

5 жашка толо элек баланы кудайындай көрүшөт. Ага кыйкырганга, уруп-сокконго такыр болбойт. Дагы кызыгы «сага болбойт», «жок», «коркунучтуу» деген сөздөр бала үчүн жашабайт. Бала өзүнүн таанып-билүү чөйрөсүндө ээн-эркин. Мында бала эрке болуп кетиши мүмкүн эмеспи деген суроо жаралат. Мунун баары тарбияда, ата-энелери, туугандары үлгү. Бирок ушуга карабай Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу бала үчүн ата-эненин бийлиги күчтүүлүк кылат. 5 жаштан өткөндө балага кадимки чоңдордой мамиле кыла башташат. Алар социумга көнүшү керек. Коомдо, адамдар менен баарлашууда өз ордун таба албоо – бала үчүн эң коркунучтуу. Муну жаштайынан көрүп чоңойгон бала биримдикте болууга, эл менен тил табышууга аракет кылып чоңоет. 15 жашка жеткен соң кадимки жетилген адам катары коомдо өз ордун түптөй баштайт.

Бош убакытты бала менен өткөрүү биринчи орунда турат

Япон ата-энелери өздөрүнүн бош убактыларын балдары менен өткөрөт. Ал эми тарбия берүүнү атайын бөлүп карашпайт. Алар үчүн бала менен тыгыз байланыш түзүү биринчи орунда турат. Мисалы апасы үчүн жашы 3кө чыга эле баланы балдар бакчасына берүү оюна да келбейт. Биздегидей  балдар бакчасына же болбосо бала багуучуга каратып кете берүү аларда өтө өөн учурайт. Эне болуу чечимин кабыл алган аял ошол жоопкерчиликти толугу менен өз мойнуна алат. Эне үчүн бала биринчи орунда? Алар кайда барбасын, балдарын өздөрү менен чогуу алып жүрүшөт. Мындай физикалык жакындык эне менен баланын ортосунда терең байланышты камсыздап, бири-бирине болгон жакындыкты, мээримди арттырат. Анан да бала менен кичине кезинен эле сүйлөшүү энелер үчүн өтө маанилүү.

Дасторкондон бирге даам татуу жакындаштырат

Японияда үй-бүлөлөр түшкү тамак же болбосо кечки тамак маалында баары дасторкон үстүндө чогулушуп тамактануу салты бар. Дасторкон үстүндө жакындан баарлашып ар түрдүү окуяларды бири-бири менен бөлүшүп, чын жүрөктөн маектешишет. Мындай адат тез-тез кайталанып отургандыктан, жаш балдар кичине кезинен эле үй-бүлө жана тууганчыл мамилени баалоону үйрөнүшүп, канына сиңе баштайт.- Ошондуктан жөндөн-жөн чыр салуу аларда чанда кездешет. Алардын чөйрөсүн үлгү болчу ата-энелери жана чоң-ата, чоң-энелери курчап турат. Чоңдордо болсо чыр чыгаруу адаты жок да. Кээ бир өлкөлөрдө бала эне мээримине, жакындарынын сүйүүсүнө муктаж болуп өсөт эмеспи. Буларда мындай таңкыстык байкалбайт. Алар курчап турган дүйнөдө кандайдыр бир тартип, сый жана ар бир адамдын өз орду бар экендигин бала кезинен көзү менен көрүп, жон териси менен сезип чоңоюшат.

Булак: “Де-факто”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *