Еревандагы эрегиш

Кыргыз-казак чек арасындагы маселе чечилбей турган жагына өтүп калганы 25-октябрдагы Армениянын борбору Еревандагы Евразия экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынында белгилүү болду. Эки элдин чек арасы эки Өкмөттүн тирешүүсүнө чейин көтөрүлгөнү көрүндү.

Жыйын казак-кыргыз премьерлеринин чек арадагы жаралган абал боюнча сөз кылып жатып, кер-мур айтышып кеткенинен эки саат башталбай кармалганын Армениянын маалымат агенттиктер жазып чыгышты. Жыйында сөз сүйлөгөн казак өкмөтүнүн башчысы Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан Кытайдан  келген товардын көлөмүн азайтып, уюмдун шарттарын гана бузбастан, андагы өлкөлөр миллиарддаган доллар зыян тартып жатканын көтөрдү. Казак премьер-министри жыйынга катуу даярдык менен келгендей, Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүдөгү статистиканы ачыктады. Кытай статистикасы боюнча 2015-жылы бизге 4,3 млрд доллар товар кирсе, биздин статистика аны 1 млрд доллар деп көрсөтүптүр. 2016-жылы да ушул эле көрүнүш кайталанганын казак тарап ырастады. Айырма 4,1 млрд долларга чейин жетиптир. Ушул жылы да абал өзгөрбөгөнүн казактар кагаздар менен далилдегенге аракет кылып, биздин өкмөттү чоң жыйында башын шылкыйтты. Казак өкмөт башчынын кыргыз бийлигине койгон дооматы чоң болду. Эгер жылына Кытай тараптан кирген импорттун суммасы менен биздикилер көрсөткөн сумманын айырмасы 4,1 млрд долларга чейин жетип жаткан болсо, биздин бийлик 1 млрд долларды гана көрсөтүп жатса, калган акча кимдин чөнтөгүнө агылып жатат? Бул суроого жоопту казак бийлиги эмес, азыркы президент Алмазбек Атамбаев издеши керек. Себеби, күч органдарынын баары президентке баш ийет эмеспи. Бүтүндөй мамлекеттин жылдык бюджети араң эле 2 млрд долларды түзүп, итке минген абалда турганда, 4 млрд доллардан ашык акча казынага эмес, башка тарапка кеткени кечирилгис иш. Бажыдан байлык топтогондорду беш мүнөттө көздөрүн балбылдатып койгонго президенттин мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. 1-декабрга чейин мыйзам бузгандарды темир тор артына жөнөткөнгө жетишем деп айтпады беле, алгачкы ишин бүтүндөй өлкөгө көлөкө түшүрүп, бетине көө сүйкөп жаткан бажычылардан баштоосу керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *