Видео — Фарид Ниязов 8-октябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1 абагына камалды

Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту КР Президенттик аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовду 7-августтагы Кой-Таштагы, Атамбаевдин үйүндөгү окуялар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адамды барымтага алуу» жана «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренелери боюнча 8-октябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1 абагына камакка алууга чечим чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Фарид Ниязов 8-август күнү Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүнөн Атамбаев менен кошо кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *