Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Фарид Ниязов «Форумдун» алдына чогулгандарды аянтка барууга үндөп, Атамбаевдин тарапташтары Ала-Тоо аянтына жөнөштү
Политика

Фарид Ниязов «Форумдун» алдына чогулгандарды аянтка барууга үндөп, Атамбаевдин тарапташтары Ала-Тоо аянтына жөнөштү

Бүгүн, 7-октябрда президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов «Медиа Форум» имаратынын жанына чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, кызмат орундарын бөлүштүргөн адамдар пайда болгонун белгиледи.

Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал негизги милдет — өлкөнүн биримдигин сактоо, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо экенин айтып, чогулгандарды аянтка барууга үндөдү.

«Бул революцияны жаштар жасады. Ошондуктан, аянтка барып, «акмактарга»жок деп айтууга милдеттүүбүз», — деди ал.

Анын сөздөрүнөн кийин тарапташтар аянтка жөнөштү.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий