Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Фото — Казакстандык модель Mover журналынын мукабасына чыкты
Дүйнө жүзүндө

Фото — Казакстандык модель Mover журналынын мукабасына чыкты

Казакстандык модель Акерке Искакова эл аралык Mover журналынын мукабасына чыкты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.

Модель бул индустрияда 15 жылдан бери аралып келет. Бул убакыт аралыгында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштеген. 3 жылдан АКШда жашайт.

Ал Miss Nation Universe 2020, Miss Asia USA сыяктуу сулуулук сынактарында бир нече жолу жеңишке жетишкен жана жакында эле ал Golden 1000 эл аралык бизнес сыйлыгынын ээси болгон.

Ал модель болууну кыялданган жаштарга эң биринчи орунда амбициялуу, дайыма күчтүү болуп, ар дайым аракеттенип көздөгөн максатка жетүү керектигин айтып кеңеш берет.

Ошондой эле модель Нью-Йорктогу  (New York Fashion week 2019) мода жумалыгында австралиялык бренд үчүн ат салышкан. Topcity, Surreal, Faddy, Ellements, Gmaro, # 1Mag, FHM Netherlands журналдарынын мукабаларына чыккан.

Рекомендуемые

Японское правительство примет меры против «fake news» в социальных сетях

Японский миллиардер станет первым туристом которого отправят к Луне

Япония намерена выкупить полмиллиарда доз вакцины против COVID-19 ради Олимпийских игр

Оставить комментарий