Генерал Молдомуса Коңгайтиевдин жан сакчысынын 2010-жылдын 6-апрелиндеги Таластагы окуяларды эскерүүсү

2010-жылы 6-7-апрелде Таласта Ички иштер министри Молдомуса Коңгайтиевди коргоп жүргөн жан сакчыларынын бири Маратбек (аты өзгөртүлдү) бизге ал окуялар кандайча өрчүп-өнүккөнүн айтып берди:

“2010-жылы мен генерал Молдомуса Конгайтиевдин жан сакчысы элем. 6-апрелде Таласка келгенибизде митингичилер толкуп турган  экен. Биз генералды эки жан сакчы жана жергиликтүү күч структураларынын кызматкерлери коштоп жүрдүк.

Министр келери менен облусттук УВДны коргоону колго алды. Анткени ал жерде курал-жарактар жана ок-дарылар склады бар болчу. Ал складды митингичилер басып алышса жакшылыкка алып келмек эмес.

Андан сырткары ал жердин тергөө абагында жөнөкөй адамдардан тартып, ОПГнын мүчөлөрү  да олтурарын билчүбүз.

Ошондой эле министр митингичилерге каршы ок атуучу курал колдонбоого буйрук берди. Резина ок атуучу куралдарды жана свето-шумовой гранаталарды гана пайдалангыла деди.

Таластын аксакалдары жана активисттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты. Бирок алардын талаптары ал кезде аткарууга мүмкүн болбогон талаптар болчу.

Бир убакта сырттагы митингичилер биз ичинде олтурган облусттук УВДны басып алууга катуу чабуул жасап киришти. Милиция туруштук берип, көпкө чаабулдун мизин кайтарып, элди киргизбей жатты. Бирок чабуул улам күчөп, УВДны курчаган митингичилердин саны көбөйүп, кысым арта баштады. Биз абал коркунучтуу боло баштаганын сезип, жансакчылар генералды сиз чыгып кетишиңиз керек деп көндүрө баштадык. Ал “кантип милиционерлерди, УВДнын кампасын куралы жарагы менен таштап кетем” деп көпкө макул болбой жатып, бир кезде жумшара түшкөндө эптеп сыртка алып чыктык. Генерал менен кошо УВДнын имаратынан Айыл чарба министри Искендер Айдаралиевди жана биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду да алып чыктык. Сыртта турган митингичилер бирин-серин Искендер Айдаралиев менен Акылбек Жапаровду муштап калып жатышты, бирок толпа болуп баса калышкан жок. Ошондуктан алар да 6-7-апрелде Таласта сабалган деп азыр айтылып жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт. Мен өзүм да бир-эки муштум жеп калдым, бирок биз аскер адамы катары ага көнүп калгандыктан көңүл деле бурган жокпуз.

Генералды, Айдаралиевди жана Жапаровду митингичилердин арасынан алып чыгып, атайын даярдалып коюлган джип машинасына олтургузуп, Бишкекке кетмей болуп калдык. Ошондо кетип калганыбызда генерал Молдомуса Конгайтиев эч таяк жебей эле кетип калмак. Бирок, генерал кетпейм деп айный баштады. “Жаш балдарды толпанын колуна салып берип кантип кетип калам? Эл эмне дейт? Кийин бул балдардын бетин кантип карайм?” деп көгөрүп туруп алды. Балдар деп ал Таласка Бишкектен жана Оштон кошумча күч катары жиберилген жаш милиционерлерди айтып жаткан. Ошолор митингичилер тарабынан сабалып калбасын деп эле чочулап жатты. Акырында биз генерал менен джиптен түшүп калып, Искендер Айдаралиев менен Акылбек Жапаров Бишкекке жөнөп кетишти. Биздин жаныбыздан жылганда алар таяк жебей эле, сопсоо кетишкен. Кандай жетип алышты, анысын билбейм.

Генерал Коңгайтиев кайра митингичилерге кайтып барып, УВДга чабуул жасоону токтотуу үчүн аксакалдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты. Биз эки жан сакчысынан башка да Таластын бир нече милициясы министрди коргоп жанында жүрдүк.

Таластын аксакалдары “тергөө абагында жаткан биздин балдардын баарын эркиндикке чыгарып берсеңер биз УВДга чаабулду токтотобуз” деп талап кылып жатышты. Акырында аксакалдар менен министр кол алышып, Коңгайтиев тергөө абагына кармалгандардын баарын чыгарып бермек болду. Ал эми аксакалдар УВДга чаабулду токтотмокко кол беришти. Бирок биз генералга дароо каршылыгыбызды айттык. “Тергөө абагындагы жакынкы күндөрдө, митингдерде камалгандар болсо чыгарып бериңиз, бирок бандиттерди, рецидивисттерди, “караларды” чыгарбаңыз. Алар чыкса эле митингичилерди башкка нукка бурат” деп эскертип жаттык. Генерал “аксакалдарга кол берип койдум, эми сөзүмдү кантип артка алам?” деп көнбөй туруп алды. Биз “бул жерде аксакалдарды эч ким угуп да койбойт, аксакалдардын тилине кирбеңиз” деп жакшы эле  түшүндүрүүгө аракет кылдык. Бирок генерал “кантип аксакалдарды угушпасын, угушат го, тергөө абагында кармалгандардын баарын чыгаргыла!” деп буйрук берди.

Министр буйрук берип жатса дароо аткарылат да, тергөө абагындагылардын баарын бошотуп беришти. Алгач митингичилер ураалап ыраазы болуп жатышкан. Анан биз айткандай эле абактан чыккан “каралар” эл арасында бизге “кызылдарга” каршы иштей башташты. Генерал Конгайтиевге да эң биринчи болуп ошол “каралар” кол салып, баштап беришти. “Каралар” болбогондо ал жерде генералга кол салуу болбойт болучу. Жанагы Ташчайнар дейсиңерби алар кийин гана, генерал катуу сабалгандан кийин баатыр болуп чыга келишкен. Албетте биз да генералды коргойбуз деп таякты аябай жедик. Көп өтпөй эле сабагандар көбөйүп, бизди жан сакчыларды генералдан бөлүп тартып кетишип сабай башташты. Генералды толпанын ортосуна сүйрөп кетип, биз таппай калдык…

Ошол учурда кудай жалгап, менин Таластагы туугандарым келип, бизди, эки жан сакчыны митингичилердин арасынан сууруп чыгып кетишти. Дароо машинага олтургузуп, үйүнө алып жөнөштү. Биз генералды куткаруу тууралу айтсак ”министрди куткаруу биздин колдон келбейт, ал жерде азыр толпаны “чёрныйлар” башкарып жатат. Барсак бизди да, силерди да сабаттырат деп көнбөй коюшту.  Ошентип биз генералга жакындай албай калдык. Анын эмне болгонун биз да телевизордон гана көрүп жаттык. Өзүбүз сабалган абалда менин туугандарымын үйүнө жетип анан кутулдук.

Менин жанымдагы экинчи жан сакчы түштүктүк бала болчу. Менин туугандарымын үйүндө жатып, ичкенге “көк чай барбы?” деп сурап жатпайбы. Таласта көк чай ичишпейт да, бирок дароо эле “түштүктөн болосуңбу? Көк чайыңды айта көрбө, үйүбүздөн сууруп кетип сабашат” деп эскертишти. Көрсө Болот Шерниязов баш болгон төңкөрүшчүлөр “Коңгайтиев Таластыктарды сабатканы түштүктөн милиция алып келди” деп маалымат таратышкан экен. Бирок ал жерде кошумча күч катары түндүктөн да, түштүктөн да, бардык аймактардан милиция барган эле.

Эртеси Талас тынчыганда бизди Таластык туугандар өздөрүнүн машинасына салып, Бишкекке жеткиришти…”

Булак: Kyrgyztoday.kg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *