“Интерполго” жаңы жетекчи шайланды

“Интерполдун” жаңы башчысы  болуп, Түштүк Кореянын өкүлү Ким Чон Ян шайланды.

Бул маалымат, Интерполдун официалдуу сайтында жарыяланган. Шайлоо 18-ноябрдан 21­-ноябрга чейин БАЭнын борбору Дубай шаарында өткөн уюмдун Генералдык ассамблеясынын 87-сессиясынын алкагында болгон. Ага 180 мамлекеттен келген укук коргоо органдарынын миңдеген кызматкерлери катышкан.

Ким Чон Ян “Интерполду” 2 жыл аралыгында жетектейт.

“Бүгүнкү күндө дүйнөдө коомдун коопсуздугуна жана сактыгына чоң залал келтирген болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болууда. Муну жеңиш үчүн, биз алдыга карай жол,  келечекке көпүрө түзүшүбүз керек”, – деди жаңы жетекчи.

Эскерте кетсек, “Интерполдун” мурдагы жетекчиси  Мэн Хунвэй Кытайда камакка алынгандан кийин, 7-октябрда жетекчилик орунун бошотуп берген.

“Интерполдун” жетекчилигине РФнын ИИМнин генерал-майору Александр Прокопчук да өз талапкерлигин койгон. Украинанын ИИМнин башчысы Арсен Аваков шайлоого чейин, “Жетекчиликке россиялык талапкер дайындалса, Украина уюмга мүчө болуусун токтото тургандыгы тууралуу маселе коёт”, – деп билдирген. Ал эми  Россия Федерациясынын өкүлчүлүгү “Интерполдун” жетекчисин шайлоодо кысым болду деп нааразы болууда.

 Булак: KyrgyzToday

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *