Искендер Гаипкулов, депутат: “Кыргыз аткаминерлердин чет өлкөгө барып көрсөткөн кылыктарынан уялам”

Ата-энемдин айтканы мен үчүн мыйзам болгон

Мен Араван районундагы Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылында туулгам. Сегизинчи классты айылдан бүтүрүп, Бишкектеги финансы экономикалык техникумда окудум. Негизинен балалыкты эстесем бизди ата-энебиз патриоттуулукка жаштайыбыздан тарбиялап, үй тиричилигинин бардыгын, аны менен катар эле талаада иштегенге үйрөткөн. Биз мектепте окугандан эле талаа иштерине катышчубуз. Менде ата-энеге каяша айтуу болгон эмес. Мен үчүн ата-энем идеал адамдар болгон. Ал кишилердин айтканын мен милдеттүү түрдө аткаруу керек деп билчүмүн. Ошон үчүн апам айткан кызга үйлөнүп, бактылуу жашап жатабыз.

Адам катары жашоого үлгүрбөй калгандан коркуу керек

Мен оптимистмин ар бир нерсеге кыялданып, элестетип көп убактымды коротпойм. Алдыга максат коём, тилек кылам! Жаштар менен сүйлөшкөндө жаштыкты туура өткөрүшүн көп айтам. Убакыт бат эле өтүп кетет. Өз турмушун куруп, билим алып, бир нукка түшүүгө үлгүрбөй калган адамдар көп. Ичимдикке берилип, жаштыгын, ден-соолугун кетирип жүргөндөр андан көп. Адам болуп жаралган соң адамдай болуп жашаш керек. Бул жашоодо адамча жашаганга жетишпей калуудан коркуу керек. Заман ушу деп жашаган болбойт. Өзүбүздүн келечекти биз өзүбүз түзөбүз эч качан заманга шылтабашыбыз керек. Жаштарга айтат элем, эч качан талыкпай иштегенден качпаш керек, бир эле жумушта иштебей кошумча иштерди таап иштеш керек. Жок дегенде үйдөгү огородго жашылча жемиш эгип, өз балдарын тарбиялаш керек. Мен балдарыма ар дайым айтам атанын тапканы эч качан балага буюрбайт деген ата бабалардын калган сөз бар ошол үчүн ар бириң өзүңдүн келечегиңди өзүң түзөсүң, ошол үчүн ак эмгек кылып өз оордунарды тапкыла деп көп айтам.

Үпөлөп чоңойткон бала жарытып ийбейт

Мени бүгүн көбүрөөк ойлондурган маселе биздин жаштар. Анткени шаарда өскөн жаштар талаа иштери эмне экенин билишпейт. Ата-энелер болсо балдарын коргоп, мугалимдер менен урушканы капа кылат. Биздин убакта мугалим бул ата-энеден кийинки тарбиячы, керек болсо ата-энелерден ашык адам болчу.

Кыргыз уулу кандай сыноого туруштук берет

Ноокаттын күйө баласымын. Жаш кезде кайын журтка барганда кызмат кылуу болгон, бирок эч качан сыноого туура келген эмесмин. Кой сойдуруп, устукандатып сынаган эмес. Негизи кыргыз болгондон кийин ал нерселерди сыноого жетпей эле билишибиз керек. Кой сойгонду билем, бирок көп жылдардан бери кой соё элекмин себеби балдарым эле соёт.

Устаттарым

Мага баа жеткис кеңешин ушул даражага жетишиме себепкер болгон менин устаттарым Садыркулов Медет Чоканович, Муралиев Амангелди Мурсалыкович, Молдалиев Ашыркул Сарыбашевичтерди айта алам. Бул адамдар мага баа жеткис кеңештерин берген адамдар.

Билим берүүнүн деңгээли мени канааттандырбайт

Мен Кыргызстандын көп региондорунда иштегениме байланыштуу балдарым окууну бүткөнчө 4-5 жолу мектеп которушту. Биздин өлкөдө билим берүүнүн деңгээли мени канааттандырбайт. Анткени тилекке каршы аябай төмөн.

Эгемен мамлекетте жашаганыма сүйүнөм

Мен кыргыз эли аз болсок да эгемендүү мамлекет экенибизге сыймыктанам. Канча эл өз жери жок, мамлекети жок жүрүшөт. Кудайга шүгүр кылып, жерди сактап жашашыбыз керек. Кээ бир аткаминерлердңн башка мамлекеттерге барып көрсөткөн жаман кылык жоруктарын укканда уялам. Кыргыз деген аткан татыктуу болушубуз керек.

Келинчегим менин кеңешчим

Эми өзүмдүн үй-бүлөм жөнүндө айтсам, келинчегим Апал үй кожейкеси, менин кеңешчим. Эки уул, эки кызыбыз, неберелерибиз бар. Баардыгы жогорку билимдүү. Чоң кызым менен бир уулум бизнесте. Бир уулум мамлекеттик кызматта. Кичине кызым Алматыдагы Эл аралык бизнес университетинде окуйт.

Булак: “Факты.kg”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *