Калдарбек Абдраманов, башкы кардиохирург: “Өлкөдө саясый оюндарды, ызы-чууну, элди бөлүп жарууну токтотсок гана – инфаркт, инсульт азаптары азайат…”

Түштүк аймактык жүрөк хирургия илимий борборунун директору, медицина илиминин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгер Калдарбек Абдраманов менен маек…

– Калдарбек Алишерович, саламаттыкты сактоо тармагында бүгүн көйгөйлүү маселелер көппү же жетишкендиктер көппү?

– Албетте, тармак каржылоодон, кадрлардын жоктугунан да аксап келет, алар негизги көйгөйлөр. Биринчиси, туруктуу бөлүнгөн акча каражат акыркы 10-15 жылда 14 миллиарддан ашкан жок. Элдин саны 4 миллиондон 6 миллионго өстү, бир чоң оорукана куралбадык. Бул проблема жалпы өлкөдөгү начар экономикалык акыбалга байланыштуу. Бөлүнгөн акча көптөй көрүнгөнү менен өнүгүүгө болгон муктаждыктын 20 – 25%ын араң жабат, ал каражат чектелген көлөмдөгү дары-дармекке, кызматкерлердин арзыбаган эмгек акысына араң жетет. Өнүгүүгө эч нерсе жок! Өнүгүү үчүн жылына орточо дагы 40-50 миллиард сом керек. Ал акчаны азыр өкмөт таба албайт, бирок ал акчаны саламаттык сактоо тармагы, медицина, медиктер өзүбүз тапсак болот. Мен ошондой программа иштеп чыккам, аны он жылдан бери эле ММКларда жарыялап, айтып, жазып жүрөм! Тилекке каршы, мурунку, азыркы өкмөт да ага көңүл бурган жок.

-Саламаттыкты сактоо тармагы каражаттан мурун, кесипкөй адистердин жоктуганан аксап жаткан жокпу?

– Кадр маселеси каржы көйгөйү чечилмейинче чечилбейт, жасалып жаткан аракеттер кагаз үстүндө, жасалма кооздук бойдон кала берет!

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматына сөзсүз медициналык билими бар адам министр болушу керекпи же ал кызматка андай адистикке ээ болбосо да менеджер адам болсо боло береби?

– Албетте, министр бул Кыргызстандын башкы врачы, ал сөзсүз дарыгер болушу керек. Болгондо да ал өтө чоң практикалык тажрыйбасы бар, кесипкөй врач болушу керек. Ал өзү тармактын борбордогу эле эмес, аймактагы аки-чүкүсүн, көйгөйлөрүн жакшы билген, каржы жана башкаруудагы кемчилдиктерди көрө билген, азыркы кыйынчылыктарга карабай өз иши менен үлгүлүү жетишкендиктерди жарата алган, жетекчилик тажрыйбасы чоң, адискөй адам болушу керек. Ошондой эле министр болчу адамда, өзүнүн конкреттүү системаны өзгөртүүчү, өнүктүрүүчү программасы болушу зарыл. Каржы маселесин чече алган өзүнүн көз карашы, так планы, ою да болушу керек. Тарых үчүн эле министр болуштун кереги жок. Албетте, кай бир адамдар министр врач болбосо да менеджер болсо деп, батышта, акча мол, жетиштүү, пландуу каржыланган системанын моделине ыкташтырып айтышат. Бирок, бизде система, акыбал такыр башка. Элдин менталитети да башка. Ошол, “батышты туурайбыз” деп, 25 жыл жыйынтыксыз реформа жасап келатабыз. Орусча айтканда батышты “слепое копирование” кылып өнүп өсүп деле кеткен жокпуз.

-Кыргызстандыктар учурда кандай дарттан көбүрөөк жабыркашат?

– Каза болгондордун 50% ашыгына жүрөк – кан тамыр оорулары себеп болууда. Албетте, өпкө, шишик, эндокриндик, инфекциялык жана башка оорулар да көп кездешет. Тоолуу климат өзүнүн таасирин тийгизип жатат. Бирок, азыр билинбегендей болгону менен, адам колдуу болгон жаратылыштын кескин бузулуусу ден-соолукка көп көйгөйлөрдү жаратып, түрдүү оорулардын өрчүшүнө шарт түзүүдө. Өкүнүчтүүсү, жаратылыштын өзгөрүшүнөн өрчүп бараткан дарттар келечекте кыргыздын генофондуна түз таасир берчүү улутту “тымызын тынчыта турган” оорулар жайылууда.

-Эмне кылсак гемодиализ алгандар азайып, жүрөккө аппарат салдырбай калабыз?

– Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна астейдил көңүл буруп, көп ооруларды алдын алса болот. Азыркы шартта ден соолук үчүн мамлекет кам көрөт деген ойдон такыр алыс бололу. Ал заман совет доору менен чогуу өтүп кеткен. Ар бир адамдын ден-соолугу өзүнүн колунда.

– Неге азыр боор, бөйрөк алмаштырган чет мамлекеттен операция жасатууга аргасыз болгондор көбөйдү?

– Ооругандардын саны мурдагыдай эле, бир аз өзгөчөлүк эле болбосо. Бирок, ачык айкындуулук, медициналык туризмдин өнүгүүсү же жөн эле адамдардын аң-сезими, илим, билим деңгээли өстү. Жашоо үчүн күрөштү ар бир адам эле эмес, коомчулук, коомдук уюмдар, өзгөчө чет элдик медициналык магнаттар колго ала башташты. Ошондон улам бул тармакта ызы-чуу көп болуп, оорулар көбөйгөндөй сезилет. Жаман жери, мамлекеттик медицинанын алсыздыгынан (себебин жогоруда айттым) жеке менчик чет элдик компаниялар, мекемелер активдешип жатышат. А биздин жүздөгөн таланттуу дарыгерлерибиз тийешелүү шарт жок үчүн унчукпай тиштенип, мамлекеттик медицинага ким көнүл бурат, ким өнүктүрөт деп отурушат.

-Элдин саламаттыгын жакшыртууну кантип колго алсак болот?

– Элдин саламаттыгы элдин колунда. Бирок, бул мамлекеттин түздөн-түз милдети. Себеби, саламат коом түзүү, профилактикалык багыттагы комплекстүү шарт түзүү өкмөттүн иши. Элдин саламаттыгы медиктердин милдети эмес. Биз медиктер, элге мамлекет аркылуу өз кызматыбызды беребиз, одоно айтканда, “сатабыз”. Тагыраак айтканда, биздин кызмат дагы “товар”. Бирок, азырынчы ал кызматты өкмөт татыктуу баалабай жатат, же бизге өз кызматыбызды өзүбүз баалаганга мүмкүнчүлүк беришпейт. Ошондой шарт балгондо гана медицина өнүгөт. Тактап айтканда, атаандаштык профилактикалык медицина адамдардын ден соолугуна болгон мамилени өзгөртөт.

– Кыргызстанда кесипкөйлөр аздыгынан чет мамлекеттен жасалган операциялар бизде жасалбай жатабы?

– Кыргызстандагы тажрыйбалуу врачтар дагы эле көп. Бирок, убакыт өткөн сайын азайууда, алар жеке менчик ооруканаларга, же чет элге чыгып жатышат. Ушул темп менен барсак, дагы бир 10 – 20 жылда мамлекеттик медицинанын үлүшү жоголуп кетпесе да 20%га төмөндөйт. Бүл карапайым эл үчүн өтө жагымсыз факт. Чет мамлекетте жасалчуү дээрлик 98% операцияларды биздин врачтар да жасай алышат. Бирок, маселе каржылоо, камсыздоонун жоктугунда. Сөзүм куру болбош үчүн мисал келтирейин. Казакстандын башкы кардиохирургу, пофессор Пя Ю.В. менин досум, коллегам, 80 -90 жылдарда Фрунзеде чогуу иштегенбиз. Ал азыр Астанада иштейт, жүрөктүү алмаштыруу (трансплантация) операциясын дүйнөлүк деңгээлде жасайт. А мен эмнеге жасабайм? Жасай алам, бирок Астанадагыдай, убактылуу оорулуу адамды тирүү кармап туруучу жасалма жүрөк аппараты (500 миң доллар) бизде жок. Мамлекет ал эмес жүрөк клапанын алып бергенге акча таап бералбайт. Анан кантип биздин врачтар чет элдиктерге теңелебиз!? “Арманыбыз аттын башындай”, карындашым!

-Неге акыркы мезгилде инсульт, инфаркт көбөйүп, ал турсун жашарып кетти?

– Инсульт, инфаркт бул негизинен кан тамыр ооруларынын кесепетинен келип чыгат. Кан тамыр ооруларынын себептери көп. Алардын бири стресс. А бизде эмне көп, стресс көп. Анан кантип азайтабыз. Ал үчүн өлкөдө саясый оюндарды, ызы-чууну, элди бөлүп жарууну токтотуп стабилдүүлүктү сактап, экономикабыз да өнүгүү жолуна түшүшү керек. Ошондо кан басымы көбөйгөн, башы ооруган, уйкусу качкан инфаркт, инсультка алып келчүү факторлор азайат! Анан, албетте ар бир адам өзүнүн жалпы ден соолугуна көнүл бөлүп, эс алып, кыймыл аракетте болуп биринчи байлык ден соолук экенин эстен чыгарбашы керек.

Булак: «Майдан»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *