Канатбек Исаев башкы прокурор болууну «соодалаштыбы»?

Акыркы кезде Өмүрбек Бабановду катуу колдоого алган Канатбек Исаевди соттук иштери менен аксатуу башталганы, козголгон кылмыш иши боюнча каршы күбөлөр көбөйгөнү эмнени билдирет? Башта бийликтин саясатына ачык каршы чыгып, Конституцияны өзгөртүүнү колдобой койгону белгилүү. Андан сырткары да Акүйдүн айыбын чукуган Канат мырзага кысымдар башталганы, соттук териштирүүлөр кыстаганы күндөн-күнгө күчөп баратат. Каарманыбыз өзү бул иш-аракеттерди «саясый куугунтук» катары баалап келет. Сыягы, бийлик менен күрөшүүсүн токтотпой калды көрүнөт. Эгерде досу Бабанов президент болуп калчу болсо, анда Исаев КР башкы прокурору болобу? «Жең ичинен» дал ушул кызмат боюнча «соодалашуу» жүргөнүн уктук. Кокус ырасталса, анда эртең Какең душмандарын чекесинен отургузуп баштайбы?..

Булак: «Азия Ньюс»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *