Кара-Көл шаарчасында эркек киши 7 жаштагы кызга бузукулук кылды делип айыпталууда

Кара-Көл шаарчасында эркек киши 7 жаштагы кызды зордуктагысы келген деп айыпталууда.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Кара-Көл шаардык прокуратурасына шаар тургуну 1959-жылы туулган К.У. атту аялдан арыз келип түшкөн. Ал 21-июль күнү кечки саат 7де шаардын тургуну эркек киши анын 2010-жылы туулган К.С. аттуу кичинекей кызын курулуп жаткан үйдүн подвалына алып кирип уят нерселерге үйрөткөн.

Бул кылмыш ишине шектүү катары 1973-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, ал эркек киши кызга акча берем деп алдап, жаңы салынып жаткан үйдүн подвалына алып барып сексуалдык иштерди жасаганы белгилүү болгон.

Жабырлануучу кыздын айтымында эркек киши аны полго жаткызып, үстүнө чыгып, жылаңач чечинип алып жыныс мүчөсүн кыздын денесине тийгизгилеген.

Кыздын апасы зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу айтып арызданган, бирок кылмыш иши 133-берененин 3-бөлүгү боюнча (бузукулук иштер) козголду.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *