Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Кара-Сууда райондун акими — Матраимовдордун иниси Тилекбек Матраимов кызматтан кетти
Политика

Кара-Сууда райондун акими — Матраимовдордун иниси Тилекбек Матраимов кызматтан кетти

Кара-Сууда райондун акими — Матраимовдордун иниси Тилекбек Матраимов кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Анын ордуна нааразы болгондордун бири дайындалды, анын ким экендиги азыр белгисиз. Ал өзүнүн видео кайрылуусунда «мындай мамилени азыркы бийлик өзү суранып, эми Кара-Сууда тартипти орнотом» деди. Жергиликтүү аксакалдар алдыга чыккан жаш талапкерге өз баталарын беришти.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, анын жыйынтыгында 4 партия Жогорку Кеңешке шайланды. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп, эл митингге чыгышты. 12 партия шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, жаңыларын дайындоого чакырды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үй менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алышты.

Мындан улам бир канча аткаминерлер ээлеген кызматтарынан өз каалоосу менен арыз жазып, кетип жатышат.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий