Кары адам төрдүн көркү… Же кадыры кеткен карылар!

1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Кыргызстанда азыркы мыйзамдар боюнча аялдар 58 жаштан, ал эми эркектер 63 жаштан пенсияга чыгууга укуктуу. Бул үчүн алардын кеминде 20-25 жыл эмгек стажысы болушу керек. Андан 15-20 жыл ашыкча стажга ээ аялдар 50, ал эми эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат. Өлкөдөгү 605 миң пенсионер бар. Социалдык фонддун маалыматы боюнча учурда өлкөдө иштеген алты адам беш пенсионерди каржылайт. Кыргызстанда жыл өткөн сайын пенсионерлердин саны көбөйүүдө деп айтылып келет. Дүйнөлүк эмгек уюмунун көрсөткүчү боюнча бир пенсионерди үч-төрт иштеген киши каржылаганда гана толук кандуу камсыздалган коом деп эсептелет. Биздин коомдо карылар күнү дегенде бапестеп өстүргөн балдары бакпай, карабай таштап кеткен карылар үйү эске түшөт. Мындай карылар үйү мамлекетибизде көбөйүп жана анда баш калкалап жаткан кыргыз ата-апаларыбыздын саны күн санап өсүүдө. Кыргыздын менталитетинде балдары улгайган ата-энесин асырап багууга милдеттүү. Бирок биринчи себеп, ыйман-ынсаптын кеткенинен, экинчиден социалдык шарттын жоктугунан тилекке каршы мындай көрүнүштөр болуп жатканы чындык. Карылар үйүнө мамлекет, демөөрчүлөр тарабынан ар түрдүү колдоолор көргөзүлүп келет. Карылар үйүнүн кызматкерлери кары адамдарга аяр мамиле кылышып, колдон келген жардамдарын кылып жатса да өз үйүн, өлөң төшөгүн, небересин, туулган жерин сагынган карылар көп. Туулган жеринен алыс көпкө чыдабаган кыргыз, аргасыз бул жашоонун, тагдырынын татаалдыгына чыдоого аргасыз.

Меңди Мамазаирова, акын:
– Бир уламыш эске түшөт: илгери карыган ата-энесин жашы белгилүү мерчемге жеткенде какыраган чөлгө алып барып таштачу экен. Бир жигит атасын алып барып эч бир баш калкалар саябаны жок жайга таштап жатып ыйлап: “Жок дегенде ушул арабаны калканыч кылып тур өлгөнүңчө ата” -дейт. Анда кошо ээрчип барган 5 жашар баласы: “Ата, сен карыганыңда мен да ушул араба менен алып келем да” – деген экен. Анын сыңарындай ата-энелерин карылар үйүнө таштаган балдардын өз балдары да кезек күтүп турарын унутушпаса… Келме кезек, терме тезек… Улгайгандардын майрамы келе жатат. Ата-энеңерди тирүүсүндө сыйлагыла демекмин жаштарга. Бардык кары ата-энелерге ден соолук, балдарда ырайым жана ыйман болсун деп тилеймин.

Алга Кылычов, мамлекеттик кызматкер:
– Кээ бирлер айтат заман бузулду деп. Чындыгында тынччылыкта, эгемендүү мамлекетте жашап жаткандыгыбызда баарын заманга шылтаган туура эмес. Мен айтат элем заман бузулбай биз адамзат пейлибиз тарып баратат. Керек болсо ата-бабалар согуш убагында ачарчылык учурунда машак терип жеп калган заманда да карысын, баласын эч качан таштаган эмес. Канчалык цивилизация өнүккөн сайын ошону менен катар батыш өлкөлөрдүн биздин каада-салтка такыр коошпогон ата-энени таштап кетүү сымал терс көрүнүштөр коомубузга сиңүүдө. Кыргыз элинин маданиятына төп келбеген жаш балдарды кордоо, балдарды аборт жол менен алдыруу, карыларды таштап кетүүгө каршы мыйзам кабыл алып, катуу жаза киргизүү туура жана учур талабы деп ойлойм. Карылардын, ата-эненин баркы, кары адам төрдүн көркү сымал сөздөрдүн баркы эч качан кетпейт жана кетпөөгө тийиш. Карыларды, бул жарык дүйнөгө алып келген ата-энелерди мактап-даңктаганга, алардын улуулугун жеткире сүрөттөп айтып бергенге сөздүн да күчү жетпес. Жер каймактап, адам баласы жер жүзүнө пайда болгондон тарта ата-эне тууралуу кандай гана накыл кептер айтылбады. Кандай гана улуу чыгармалар жаралбады. Бирок бул да аздык кылат. Анткени биз ата-энелердин алдында ар дайым карыз жанбыз. Андыктан ушул учурдан пайдаланып бул келаткан майрамдын алдында жалпы карыларга, ата-энелерге ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайм. Уулдан урмат, кыздарынан сый көрүп, жүздөрүнөн жылмаюу кетпей өмүр сүрүшсүн. Төрдүн көркү болуп жүрүшсүн!!!

Бактыгүл Момбекова, журналист:
– Илгертен эле кыргызда сөз бар “карылар үйдүн көркү”, “карысы бар үйдүн ырысы бар” деген. Ар бир жүрөгүндө ыйманы, мээрими, уят-сыйыты бар кыргыз атуулу улуу муундагы аксакал ата-апаларыбызга сый көрсөтүүсү керек. Азыр замандын агымына жараша элден пейил кетип, жаштарыбыз ыймандан алыстап калгандай. Ойлонуп көрөлүчү, мурда кайсы кыргыз өз ата-энесин карылар үйүнө калтырчу эле. Ал кезде гумандуулук деген бар болчу. Чоң идеологиянын астында кыргыз жаштары тарбияланчу. Азыр батышчыл болуп, башка элдин жакшы эмес сапаттарын өздөштүрүп алганыбыз себеп болуш керек. Учурда кыргызга улуттук идеологиянын негизиндеги таалим тарбия керек болуп турат. Ата-энесин карылар үйүнө таштаган жаштар эртең өзү дагы карыганда дал ошол жерде болуп калуудан коркуп жашашы керек. Өмүр бир берилет, ошону ар бирибиз туура пайдаланалы. Коомчулук дүнүйө куубай, мындай нерсеге жапатырмак киришсек токтото алабыз.

Бакыт Жумакадыров, ырчы:
– “Карысы бардын ырысы бар” деген сөз тээ алмустактан бери келе жаткан ыйык сөз, бул сөздүн баркы кетпеш керек. Ал эми карылардын карылар үйүнө түшүп жатканы менин жеке оюмча тарбиядан деп ойлойм. Мурун жалаң орус калкын көрчү элек, ал эми азыр болсо кыргыз карылардын карылар үйүнө түшүп жатканы бул өтө эле жат көрүнүш. Баланы кичинесинен тартып ыймандуулукка, сабырдуулукка, мээримдүүлүккө жана намыстуу болууга тарбиялаш керек. Ошондо жылыш болот го деп ойлойм.

Гүлмира ШАРШЕЕВА
Булак: Фабула 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *