Казакстан Илон Масктын ракетасы менен эки спутник учурат

Казакстандын коргонуу жана аэрокосмос өндүрүшү министри Бейбит Атамкулов «Азаттыктын» казак кызматынын журналисттерине «SpaceX» компаниясынын «Falcon-9» ракета-алып жүрүүчүсү менен эки спутник учура турганын ырастап, жеке менчик компанияны эмне үчүн тандашканын түшүндүрдү.

6-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстан америкалык ишкер жана миллиардер Илон Масктын «Space X» компаниясы чыгарган «Falcon-9» ракетасы менен эки илимий-технологиялык спутник учурууга камынып жатканын жазган.

Бейбит Атамкуловдун айтышынча, буга чейин спутник учуруп жүргөн «Днепр» программасы жабылып калганына байланыштуу Казакстан чет элдик ракета-алып жүрүүчү издешкен.

— Арзан. Өзүбүзгө ылайыктуу ракет издедик. Кийин «Falcon-9», «SpaceX» компаниясын тандадык. Алдын ала дайындыгы, камсыздандыруусу бар. Баасы 1 миллион 400 миң долларга түштү. Бул өтө арзан баа десек болот. Себеби биз бир учурда эки жандоочту учурабыз. Бир ракета менен бир жандоочту учуруу 10-30-миллионго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн. Ал эми биз спутникти башка элдердин жандоочтору менен чогуу учурабыз, — деди Бейбит Атамкулов.

АКШнын жеке менчик «SpaceX» компаниясы «Falcon-9» ракета-алып жүрүүчүсү — бир жана көп жолу колдонууга жарай турган оор ракета түрүнө кирет. Илон Маск ракетанын жерге кайтып келүү тажрыйбасын сынактан ийгиликтүү өткөрүп, коммерциялык космос тармагында чоң өзгөрүү жасаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *