Колдон колго өткөн Жерүй алтын кенинин бактысы ачылабы?

Азыркы билек түрө киришип, алтын өндүрөбүз деп жаткан “Востокгеолдобыча” компаниясы Жерүйдү иштетейин деп жаткан 7-компания. Буга чейин бир катар компаниялар лицензия алышып, бирок тилектерин таш капкан. Ошол компаниялар лицензияны кандай жол менен алган? Алардын кийинки кадамдары эмне болуп аяктаган? Ошол компаниялардын тарых-таржымалын тизмектеп кетели.

Эң алгач 1993-жылы, анда бийлик башында кыргыз элинин тунгуч президенти Аскар Акаев. Ошол кезде “Моррисон Кнудсен” деген компания келип, бийликтин тилин таап лицензия алат. Бирок көп өтпөй эле кыргыз өкмөтү, белгисиз бир себептерден улам ал компаниянын лицензиясын артка чакыртат. Ошол кезде кыргыз өкмөтүнө биринчи жолу доо коюлган. Доонун көлөмү 3 миллион долларды түзгөн. Көп өтпөй эле “Талас Голд Майнинг” компаниясы лицензияга ээлик кылып, билекти түрө кыйратабыз, ойротобуз, киришебиз дегени менен аткарылчу ишти создуруп алган. Анткени ал убакта дүйнөлүк биржада алтындын унциясы 250-300 доллар эле. Бул деген азыркы казган алтын, аткарып жаткан жумушту актабайт дегенди билдирген. Кийинчерээк 2004-2005-жылдары дүйнөлүк биржада алтындын баасы кетөрүлүп баштаган, баанын көтөрүлүшү менен “Талас Голд Майнинг” компаниясы жанданып, өз ишин активдештирип баштаган. Бирок ошол кездеги тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги “Талас Голд Майнинг” компаниясынын иштөөсүнө бут тосуп лицензиясын, бир эмес эки эки жолу катары менен алып койгон. Андан көп өтпөй эле 2005-жылы 24-мартта бийлик алмашып, бийликке Бакиевдер келип, компания алар менен тил табышып, “Талас Голд Майнинг” компаниясында лицензияны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ал тургай компаниянын курулуш иштери менен таанышууга ошол кездеги президент Курманбек Бакиев вертолет келет деп, тик учак конууга аянтча даярдалган. Бирок негедир табышмактуу жагдай жаралат, курулушунун 70 пайызын бүтүрүп койгонуна карабай, “Талас Голд Майнинг” компаниясына лицезиясын кайтарып берүүдөн бийлик тарап баш тартат. Көрсө ошол кездеги Бакиев-Кулов тандеми капчыгынын калыңдыгы, уставдык капиталы болгону 35 миң доллар болгон австриялык “Глобал Голд” компаниясына Жерүй кенин кудалап, алчусун алып койгон экен. Жерүй менен “Глобал Голд” компаниясынын “жасалма никеси” бир жылга жетип жеткен жок. Иштин мындай өңүттө өнүгүшүнөн эч кандай саясат издөөнүн кажети жок. Дегенибиз уставдык капиталы 35 миң доллар болгон компания Жерүй кенин иштете турган ою да жок экен. Болгону алар убактьиуу кенге ээлик кьиып, алардын оюндагы-дай баа берген кардар чыкса сатып жиберүүнү көздөгөн алып-сатар шылуундар экен. Чындыгында 35 миң долларга эмне иш бүтүрөт. Капиталынын чамасы чарк экенин билип туруп, лицензияны карматып ийген ошол кездеги бийликтегилердин ишинде мандем бар. Алар дагы бул компанияга ортоктош болуп, алар сата турган болсо олчойгон каражатка туйтунуп алалы деген арам ойлору билинип калды. Болбосо дени карды соо, акылы жайында болгон адам Кумтөрдөн кийинки эле алтын запасы бар кендин лицензиясын, каяктагы бир шылуун компанияга карматмак беле? Көп өтпөй эле Бакиев бийлигине ымалаш компания кендин лицензиясын ала турган компанияны табат. Ал компания казактардын “Визор групп” компаниясы эле. “Визор групп” компаниясы кендин лицензиясын 130 миллион долларга сатып алат. Бирок бул компания да кыйратып иш кылбай, майда-барат иштер менен алек болуп, 4 жылга жакын көрүнүктүү иш кылбайт. 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстан 2-ирет бийлик алмашуу орун алат. Жыйынтыгында канкор Бакиевдер Кыргызстандан куулуп, бийликтин эки тизгин бир чылбыры Отунбаева Роза Исаковна баштаган убактылуу өкмөткө өтөт. Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп Роза Отунбаева бекийт. Убактылуу өкмөт төрайымы казакстандык компаниянын иши менен таанышып чыгат. Лицензиялык келишим боюнча алар 2010-жылдын 1-ноябрына карата 200 миллион доллар жумшап, заводду ишке киргизип, 35 миң тонна руда иштетип, 80 килограмм алтый өндүрүшмөк. Тилекке каршы компания келишимди толук аткарбагандыгы үчүн Отунбаева компаниянын лицензиясын кайра чакыртып алат. Лицензиясын алдырган “Визор групп” компаниясы кыргыз өкмөтү менен 2 жыл катары менен соттошот. Эки жыл аралыгында Кыргызстандагы бардык соттук инстанцияларды басып өтөт. Жыйынтыгында Жогорку Сот “Визор групп” компаниясы лицензияны туура алган деген чечим чыгарат. Ошол Жогорку Соттун чечиминен кийин Жерүй кенин иштетүүгө 2013-жылы ачык конкурс жарыяланат. Бул конкурс кен иштетүүгө болгон биринчи конкурс болуп эсептелет. Анткени буга чейин лицензия жең ичинен сатылып келгенин жогорудагы уставдык капиталы 35 миң доллар болгон компания, дагы жана башкалары далилдеп турат. Ачык конкурс жарыяланып, конкурстук комиссия 47 адамдан турган. Анын ичинде 14 адам Жерүй кени жакын жайгашкан Бекмолдо айы аймагынан эле. Конкурстун тиешелүү шарттары иштелип чыгып, жарыяланганда 1 эле компания катыша тургандыгын билдирип, конкурс жокко чыгарылган. Себеби жер казынасын иштетүү мыйзамына ылайык конкурска эң аз деген 2 компания катышышы керек деген жобо бар эле. Дагы бир белгилей кетчү жагдай. Эмне себептен Жерүй кенин иштетүү конкурсуна 1 эле компания катышты? Баягы иштетебиз деп соттошуп жаткан компаниялар каякта? Мындай болушунун бирден-бир себеби болуп биринчиден коюлуп жаткан баанын жогору болушу, экинчиден буга чейинки компаниялардын соттогу доолору. Эсептей турган болсок коюлган бонустук баа 300 миллион доллар, сотто утулган доонун суммасы 580 миллион доллар. Каяктагы 580 миллион доллар? Бул сумма буга чейинки “Визор групп” компаниясы эл аралык сотторго кайрылып, Кыргызстан тарап Америка сотунан утулуп калган. Ошол сумма. Жалпы 880 миллион доллар башын чапчып жатпайбы. А бирок ошол Бакиев убагында лицензиялар 300 сомдон туш-тарапка сатылып жатпады беле. Азыр келип алып 880 миллион деп жатсак ким алат? Ошентип конкурс жокко чыгарылып, 2014-жылы экинчи конкурс жарыяланат. Бул жолкусунда да баштагыдай эле Өкмөттүн буйругу чыгып жарыяланат. Бул ирет конкурстук комиссияга бийликтин бийик сересиндегилер да катышат. Комиссиянын төрагасы болуп, бир топ чуулгандуу иштерден кулагы көрүнгөн, азыр камакта жаткан Дүйшөн Зилалиев шайланат. Анын басары болуп ошол кездеги экономика министри Адылбек Касымалиев, андан тышкары Жогорку Кенештин 5 депутаты комиссияга мүчө болуп кирет. Алар Игорь Гусаров, Кенжебек Бокоев, Улан Чолпонбаев, Темир Сариев жана Райкан Төлөгөновдор. Конкурска 3 компания катышуу ниетин билдирип, документтерин тапшырган. Алар орусиялык “Востокгеолдобыча” жана “Алдан Золото”, Кыргызстандан “Кыргызалтын” компаниясы. Комиссиянын алгачкы отурумунда эле “кенгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей депутаттар каты-шып жаткан компаниялар-дын жаман жактарын издеп башташты. Депутат Данияр Тербишалиев “Алдан золото” компаниясынын Белорусия менен байланышкан кыңыр ишин казып чыкты. Кыңыр иши калкып чыккан “Алдан золото” компаниясы комиссиянын экинчи отурумунда конкурска катышпай чыга турганын билдирип, конкурстан чыгып кетти. Ошентип орусиялык “Востокгеолдобыча” менен “Кыргызалтын” компаниясы калды.

Эмне себептен орусиялык компания конкурсту утуп алды?

Комиссия компанияларга негизги 14 талапты коюшту. Биринчи – кенди казууда заманбап технологияны колдонуу. “Кыргызалтындын” өкүлүнүн айтымында алар баягы эле Кумтөр менен Макмалды иштеткендей эле эски ыкма менен алтынды суу менен жууп, суюк түрүндө бөлүп алуу, ал эми “Востокгеолдобыча” болсо заманбап технология колдонуп, суу колдонбой кургак түрүндө бөлүп алуу экен. Бул жерден комиссия биринчи талап боюнча орусиялык компанияны тандашты. Экинчиси – каржылык абалы. Каржы жагына келгенде да орусиялык компания 700 миллион долларлык келишимдери менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырды. Ал эми “Кыргызалтын” болсо 800 миң долларга жетпеген каражаты бар экендигин айтып алакан куушурду. Эми элестетип көрсөңөр лицензиянын бонустук баасы эле 300 миллион доллар болуп жатса, алар 1 миллионго жетпеген каражат менен каяка барат? Башка каржы булактары ишеним арттырбай экинчи талап боюнча да орусиялык компанияга уттуруп жиберди. Кийинки бонус талабы боюнча да утулуп, жалпы комисиянын 14 талабы боюнча эки компанияга баллдар берилип, “Кыргызалтын” – 305 балл, “Востокгеолдобыча” – 405 балл алып жеңүүчү дет табылды. Ал эми тендерге “Востокгеолдобыча” болгону 100 миллион берген, эмнеге 111 миллион доллар берген “Кыргызалтын” утпай калды? Себеби жогоруда белгилегендей комиссиянын койгон 14 талабынын бирөөсүнөн тендердик сумма боюнча “Кыргызалтын” утуп, ал эми башка 13 талап боюнча утулуп калган. Ошол конкурстан кийин Жерүй кени мамлекеттик кендердин катарына кирди.

(Уландысы кийинки санда)

Булак: «Факты.kg»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *