Күнөө

Кыргызстан азыр өзүнүн жаңы тарыхый кыйырында өтө бир оомал-төкмөл, буркан-шаркан курч кезеңдерди башынан кечирип жаткан маалы: эки президент өлкөсүнөн куулуп чыкса, бирөөсү абакта олтурат; өкмөт башчы болуп иштеп кеткен премьер-министрлерибиздин санын эсептесек эле отуздан ашып түшөт; ишсиздиктин айынан бөжөңдөп бөтөн өлкөлөргө чыгып иштеп жүргөн мигранттардын саны болсо миллиондон ашты; коррупциянын тамыры тамырлап, гүлү гүлдөп-бүрдөп алгалагандан алгалап эле баратат, өзүн башкара албагандар “өлкө башкарам…өкмөт башкарам” деп профессионализмден кыйла эле алыс жоруктары менен улам күлкүгө калган кадарларды айтпай эле коелу; түндүк-түштүккө бөлүнгөн аймактык ит оору билинбей от алып, муштумуна таянган мушкерлерди даярдап чыгарчу спорт клубдарды кургандан, ошондойлорду каржылагандан тажабаган бай-манаптык аң сезимдеги пул-жиндилери ар аймактын аптаритетине айланып, а түгүл аларыңдын ар бири өзүн “меники гана туура” деген талаа командири сезип, Кыргызстанга шордуу Ооганстандын шөкүлө-паранжысын кийгизип коюудан кайра тартпай турушат. Ушунун баарынан көңүлү калган, иренжиген жаштардын көбү бу мамлекетте келечеги бүдөмүк экенин туюп, чаржайыттыкка, максатсыздыкка, бейбаштыкка, адилетсиздикке толгон мындай өлкөдөн кандайдыр шарт, мүмкүндүк болоору менен эле эптеп жулунуп сырт жактарга кетип калуу аргасы менен араң жүрүшөт. Тунгуюкка такалган мисалдарды улам токтобой мисалдата берүүгө болот, бирок, мамлекетти кургуйга кулаткан ушундай абалга кантип жетип калдык?-деген ого бетер тунгуюкташкан суроо жаралат… Кантип? Кантип?! Өлкө ичинде граждандык согуш болбосо же сырткы душман менен кырылышып урушпасак; эгемендик жылдарынан бери карай ар кайсы мамлекеттерден гранттык, жана башка түрдүү каржылай көмөктөрдү алып турсак; техникалык жагы да, гуманитардык жагы да шайма-шай даяр интеллигенциябыз бар туруп, Союздан калган ири-ири завод-фабрикалары, мал-койлору жайнаган боору бүтүн чарбаларыбыз бар туруп согуш-могушу жок эле талкаланып калдыкпы? Ооба, талкаландык, өтө керемет талкаландык.

Жакында эле казак архитектору, блогер Нурлан Туренханов соцтармакта пост жарыялап, анысында Вермахтын офицерлеринин, аскерлеринин жазган жазмаларынан, күндөлүктөрүнөн аз-маз үзүндүлөрдү кыстара кетиптир. Кыскасы автор күндолүктөрдү окуп болгон соң “цивилизациялуу шок болдум”-деп таң калуусун мына ушундайча туюнтуптур. Мен да так ошо Туренхановчосунан шок болуп, акылым айран болуп турган чагым азыр. Тиги күндөлүк каттарды окугандан кийинки таасирди кыскараак моминтип түшүндүрөйүн: фашисттик немистер менен биз – таптакыр башка кишилер экенбиз, башка-башка планеталардын эки башка адамдарындайбыз деп салыштырсам да болот. Биз үчүн көнүмүш эле болгон кадыресе нерселерди, зөөкүр-фашисттер ошол коогалаңдуу согуш учурунда да такыр жасачу эмес тура. Маселен, душманды артынан келип атуу, аялдарды зордуктоо, басып алынган аймактын элин талап-тоноо деген нерселерге фашисттер бармак тургай, андайды эч ойлочу эмес экен да. Ушунумдан кийин “Өлбөс полктун” неберелери, патриоттору мага агытчу азуулуу иттердин баарын мен көрүп-билип турам, анткени өзүм деле “немистерди татыктуу жеңип келген биздикилерди” сүйгөн, алардын жеңишине сыймыктанган патриоттордун бири болгондуктан, мага үрчү иттердин аргументтеринин, жүйөөлөрүнүн баары мага дайын. Бирок айтчу кептин өзөгү мында эмес. Кептин баары – өзүбүздө жок эле нерсени бар кылып көрсөтүүгө аракеттенген, ошонубузга корстон болгон көнүмүш стереотиптерибизде болуп жүрбөсүн. Биздин укмуш деп мактанып келген иедологиябызга, тарыхыбызга, аң сезимибизге таңууланган КАЛПтардан улам руханий жана материалдык тунгуюкка, коллапска келип такалган жокпузбу? Советтер союзу таркаганы менен, ошол идеологияга суугарылган калп эч кайда житип кеткен жок да? “Ошонубуз ката болгон экен, ошонубуз туура эмес болгон экен” деп тыянак чыгарып барын бар, жогун жок кылып тыянак чыгарган жокпуз го? Ал жалгандар биз менен кошо эле жашап, жашообузда мурункудай эле калп кадамдарды таштатып, калп сүйлөтүп, калп ойлонтуп келе жатпайбы. Каныбыздагы жалгандардын деми менен кайсы бир олигархка добушубузду мин сомго же бир мүшөк унга сатып, аны менен эле тим калбай, жакындарды, досторду тигил акчага сойкудай кылып сатып алууну көнүмүшкө айландырып алдык. Кандагы жалгандардын түрткүсү менен кээ бир ири саясатчылар коомго ачык эле “кайсы партия акча берсе ала бергиле, анан өзүңөр каалаганга добуш бергиле” деп адамдардагы моралдык, адеп-ахлак принциптерди болушунча тепселеп, бутун аарчып калпка моюн сунган калкты ого бетер чүнчүтүп, чүлүктөп бүтүштү. Териден өтүп, кан менен айланган коркоктуктун, баарына кол шилтеген кайдыгерликтин айынан биз алигиче тарыхыбызга чындап мамиле кылып, чындап эски-уску архивдерди аңтарып кезинде улуттун каймактарын, мыктыларын сатып, кордоп, тизелетип, мүнкүрөтүп акыры атып жок кылган саткындардын, ар кимдин бутун жалап жүрүп кыргыздын тын чыкмаларын ушактап, жамандап, куураткан манкурттардын аты-жөндөрүн ачык жазып “булар акмактар!” деп жарыялаган жокпуз. Элинин эртеңкиси, келечеги, көз карандысыздыгы үчүн чындап күрөшкөндөр Совет бийлиги тарабыан “басмачы” аталгандар а чынында алар элдик баатыр экенин эки жакка кылчактабай, корунуп-кысынбай, башты бийик көтөрүп так айта элекпиз. Сталинизмдин кылмыштарын ачык айтып, Компартиянын осол кадамдарын даана ачыктап чыныгы люстрацияны эч ким кылган жок. Мына ошол суроосу көп бирок жообу жок санаалуу жүк биз менен кошо эгемендик жылдарынан бери жашап келет. Анан калса, “эгемендик алдык” деген жел өпкө мактануубуз эле болбосо, ошол суверендүүлүктө биздин эч кандай салымыбыз деле жок. Кан-жаныбызды берип, өлүп-тирилип, катуу күрөшүп анан жетишкенибиз жок да ал эркиндикке. Советтер союзунун тагдыры арсар болуп турган ошол 1990-жылы март референдумунда элдин 90%ы “СССРдин сакталышын колдойбуз” деп колун да, бутун да көтөрүп добуш берип атса, кайдагы суверендүулүк, кайдагы эркиндик үчүн күрөш тууралуу кеп кылууга болсун? Айыгышкан көп жылдык күрөш менен, майышпаган кайрат-дем менен эркиндикке ээ болгон болсок, анда кеп башка эле, анткени чыныгы күрөштө гана акылдар мезгилдин буусуна бышып, мүнөздөр чындап курчуп улуттун чыныгы каймактары, чыныгы лидерлери мына ошондо пайда болмок.

Менимче, биз суверендүү көз карандысыз өлкө болуп чындап калыптана албаганыбыздын түпкү себеби да мына ушунда. Бир кыштакта бир баары кулак салаар, баары жүйөөсүн тыңшаар, чындыкты чындыктай айтып турган аксакалы, билерманы болот. Андайы жок айыл кор болгону кор болгон. Айланабыздагы кубаттуу ири мамлекеттер да ошонубузга карап мамиле жасап, биздин мамлекетти экономикалык, саясый напсисин канааттандырчу бир аймак катары көрөөрүн эч эрен-төрөнү жок эле билгизип келатышат. Майдабарат тиричиликтеги майда адамдардын денгээлиндеги жалгандан тартып, мамлекеттик масштабдагы калпыбыздан улам абийир жана намыс деген эмне экенин унуттук. “Көп векторлуу тышкы саясат” деген көлөкөгө калкаланымыш этип дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көбүнүн бут учунан берген жардамын алып, кайырчыдан бетер сагалагандан тартынбай деле калдык. Эмнегедир тагдыр бизге жарк этип күлүп карабай койду. Жашоо татаалдашып, кабырга кайышып, реформага көзүбүз катып турган жылдардын биринде да өзүбүздүн Ататүрк, өзүбүздүн Аденауэр, өзүбүздүн Ямамото чыкпай койду кашайып. Улам оңунан чыкпай, мүдүрүлө берген мамлекетибиздин жүдөмүш тагдырындагы жарандык согуштарда, революцияларда, репрессияларда улутубуздун чыныгы элиталары ак жеринен садага чабылып, атылып, өрттөлүп, талкаланып жок болду. Улутубузда же от эмес, же чок эмес, же бар эмес, же жок эмес арабөк катмар гана калды – бар балээнин баары ушул арабөктүгүздө. Ага кошул ташыл болуп – чырмооктой болуп коолаган коррупция, өлкөдөн качып кеткен, камалган президенттер, жашоосу бай, курсагы челектей чиновниктер жана жакырланган кедей эл, өтө көбөйгөндөн көбөйгөн тышкы карыз, экономикалык катастрофанын ачыктан ачык жышааналары, мамлекет катары жашай албай жок болуп кете турган коркунучтуу күндүн улам берилеп келатышы… Түгөнбөгөн жоопсуз суроолор кошо жарышат: буга ким күнөлүү жана эми эмне кылуу керек?-деген. Биринчи суроого албетте жооп белен – баарыбыздын күнөөбүз бар. Айрыкча азыр жашы элүүгө таяган жана андан улуу муундагы адамдардын күнөөсү өзгөчө. Экинчи суроонун жообун деле көбү билишет. Ошо билген үчүн бизде президент болгусу келген, премьер министр болгусу келген, депутат болгусу келген адамдар иттин кара капталынан,.. “эмне кылууну” билгени үчүн ушинтип жулунуп жатышканы албетте жакшы дечи, бирок баары бир тээ тарыхыбызга, түбүбүзгө, анан абийрибизге карап анан чечим чыгаруубуз абзел. Болбосо “мен өлкөнү гүлдөтүп иет элем” деп жулунгандардын арасында акылдуулар көп чыгат, а абийири тазалары аз болуп атпайбы. Оозунда бар болгондор жабырап-жайнаганы менен, дээринде барлары жокко эсе. Биз самап жаткан абийирдүүлүктүн дагы бир башка аты бар – чынчылдык, акыйкаттуулук дейт аны. Ансыз коом коом болуудан калат, элиң эл боло албайт.

“Ар бир коомдо элдин абийири, ар-намысы болгон адамдар бар”-деп айткан Мухаммед (С.А.В).пайгамбар. Кыргыз элинде да так ошондой адамдар бар экенинен күмөнүм жок. Антпесе кыргыздын айыл-кыштактары эмдигиче жок болуп кетпейт беле. Болгону, элдин абйири болуп кызмат кылчу андай адамдарды табуу керек. Ар айылда бар андайлар, айтсын ар бир айылдын эли “бизде мобу киши биздин абйирибиз” деп. Анан ошол адамдардан сурайлы, “эмне кылалы, кантели, кандай жол менен жашайлы?” деп. Элдин руху менен камырдай жуурулган элдик башатка кайрылалы, тээ тереңдеги рухий булактарыбыздын көзүн ачалы, ошону тапканда гана максатсыз тунгуюкка кулап кете берген ээнбаштык, уят-сыйытты жыйыштырып байлык-бийлик кууган алакөөдөндүк токтойт. Рухий башат дегенибиз – элдик дастандарыбыздагы, жомокторубуздагы, эпосторубуздагы кандайдыр сыйкырдуу, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас биз анча аңдай бербеген мистикалык сырлар эмес. Башатыбыздын өзөгүн алып жүргөн, аны түшүнгөн касиеттүү адамдарыбыз бар, алардын сүйлөгөнүнөн, баскан-турганынан, ишинен, жашоо образынан улуулук байкалып турат. Ошондой адамдар бар үчүн алардын кошуналары, достору, санаалаштары, айылы так ошол адамдардагы улуулуктан улам адамдыктын бийик үлгүсүн сактап жашап келишет. Биздин максат ошондой адамдарды издеп табуу.

Алардын таап эмне кылабыз:

– Парламентке депутат кылып шайлап салабызбы? Жок. Алар депутат болсо го негизи жаман эмес, бирок биздеги азыркы шайлоо системасында алар деле партиялык машинанын куурчагы бойдон кала беришет.
– Өкмөткө чакырып иштетүү керекпи? Жок. Биз тапкан ошол асыл адамдардын орто билими гана болуп, бирок интернеттеги соцтармак дегенди эзели укпашы мүмкүн.
– Алардын үнүн элге жеткирүү үчүн, чындык деп кыйкырган үнүн элге жеткизип туруу үчүн чогултабызбы? Жок! Чындыкты айтып кыйкырып, бакырып чыгуучулар бизде ансыз деле жетиштүү.

Руханий башаты терең кишилерди чогултуунун максаты – коомдо баардык тарапты муюткан, баардык тарапты бириктирген , бүт баардыгын бир багытка багыттаган күч катары алардын адилеттүү акыл-кенешин пайдалануу.

Эч кимибизге билинбегени менен мамлекетибизде 15 жылдан бери гибриддик жарандык согуштун эпкиндери болуп эле келе жатат, биз аны анча элес алганыбыз менен мына карап көрүңүз ал аралыкта:

– Бир нечелеген журналисттер, саясатчылар мыкаачылык менен өлтүрүлдү.
– Бийлик менен жарандардын бет маңдай кагылышуусунан 89 киши каза тапты.
** Эки президент өлкөдөн тышкары куулду.
– Камакта бир президент, эки премьер министр олтурат.
– Соттон, тергөөдөн башы чыкпай экс-мэрлер, экс-министрлер, ири менеджерлер жүрөт.

Кечээ эле бирөөлөрдү камагандар, бүгүн өздөрү камакта. Бүгүн камап жаткандар –эртең өздөрү камалышат. Бул тумандуу чаржайыттуулуктун аягы көрүнбөйт. Ким токтотот муну? Президентпи? А киши бийлик тизгинин колуна алаары менен, башкаруу урааны катары “коррупция менен күрөшүүнү” негизги максаты катары камчыланып келе жатат. Бу күрөштүн маанисин ал элге канча ирет түшүндүрүүгө аракет кылбасын, эл муну мурунку ажо менен кийинки ажонун жеке “согушу” катары кабылдоодо. Бул тымызын тирешүү аныгында мамлекеттин келечегин талкалайт. Ал тирешүүнүн кээри өкмөттөгү министрлерди, башкаруу тармагындагы башкаруучуларды импотентке айлантып, шар чеччү маселелерди мындай кой, майдабарат иштерди чечүүгө чечкинсиз, жалтак, коркок болуп олтура беришет. Анткени, эл пайдасын көздөгөн кандай гана болбосун эрктүү чечим кабыл алган министрби, акимби, башкармабы баары бир бийлик алмашканда “үч тамганын” кишилери келип кармап кетишет, камашат. Көмүскө тирешүү ачык айтылбаганы менен, анын көмүскөлүүлүгү ого бетер курчуп, чоноюп олтуруп: эл ичинде камоочулар, камалуучуларды коргоочулар, камалгандарды кайтаруучулар болуп жик-жикке бөлүнүү ажырымы калыңдап жүрүп олтурат. Кимдир бирөө муну токтотпосо болбойт. Сандаган адамдар арасынан “күнөөлүү” деп эсептелинген “сары улактарды” садага чабуу, бүгүн мунун, эртең тигинин , бүрсүгүнү аркынын колу бутун кайрып жазалоонун арты жакшы болбойт. Мамлекеттин тең жарымын сатып алып жаткан “пул-баштык” лөктөрдүн тымызын жоругу алардын өзү үчүн да, коом үчүн да акыр аягы кооптуу болоорун кимдир бирөө түшүндүрүп койгону туура болот. Чоң жүрүштүн, чон казаттын түпкү ниети канчалык аппак, таптаза болбосун жакканына тийбей, жакпагандарды кырып-жойгон тирешүүнүн, кекенүүнүн арты кылдырап жүрүп олтуруп улуттук катастрофа менен бүтөт. Аппак эле ниет менен баратып тозоктуу аңга түшүп кеткен мисалдар көп.

Баягы сөз кылган башаты улуу инсандарыбызды издейбиз. Чон саясаттын көмүскө тарабында бир бири менен согушуп жаткан же согушууга деле даяр болуп турган тараптардын баары кулак төшөп, муюп уга турган, алар гана эмес бүт эл, бүт улут уга турган, улуттун абийри болгон залкар кишилерибиз бар арабызда. Азыр коомго “балта алып башыңарды кыя чабышкыла” деген трибуна эмес, “акыйкатык!” деп катуу бакырган заар чакырык эмес, тынчтыкка, түшүнүүчүлүккө акырын гана чакырган жумшак, акылман үн керек болуп турат. Ушундан улам Библияда айтылган бир икая эске келет: ажаанданган ачуулуу топ бир бузулган аялдын күнөөсүн ашкерелеп Ыйса пайгамбардын астына апкелишип таш менен уруп өлтүрүп жазасын ушундайча берүүгө үндөштү. Иса пайгамбар колундагы чыбык менен жерди бир саамга чиймелеп, анан акырын үн катты: “Араңардан кимдин эч бир күнөөсү жок, ошол биринчи болуп таш менен урсун”.

Баягы чурулдаган топ дым этпей катып калды да, анан акырындап суюлуп, тарап-тарап кетишти…

Макаланын автору: Мусуркул Кабылбеков

Макаланын орус тилиндеги түп нускасы:
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1655025897987524&id=100004403897295

Кыргызчага которгон: Эрнис Кыяз.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *