Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Курсан Асанов: «Айрым күчтөр курал-жарак бар деген ушактарды таркатып, башаламандыктар жөнүндө айтып жатышат»
Политика

Курсан Асанов: «Айрым күчтөр курал-жарак бар деген ушактарды таркатып, башаламандыктар жөнүндө айтып жатышат»

«5-октябрдагы адилетсиз шайлоонун айынан эл митингге чыгышты. Натыйжада эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болду» — деп бүгүн, 7-октябрда эски аянтта Курсан Асанов сөз сүйлөдү.

«Баарын ирээтке келтирип, жарандардын коопсуздугун ойлош керек. Мурдагыдай иштешибиз керек. Мындан ары жер-жерлерде өз кызматыңызды толугу менен жүргүзүүгө чакырам», — деди ал.

Анын айтымында, бардык маселелер мыйзам чегинде чечилет.

«Азыр айрым күчтөр башаламандыктар жөнүндө айтып, курал-жарактары бар деген ушактарды таратып жатышат. Мен иштеп жатканда кан төгүлбөйт. Мен баарынан мыйзамдуулукту талап кылам. Менин бир дагы партия менен кызыкчылыгым жок. Мен саясий партияларды сүйлөшүү столуна чогулуп, көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүүгө чакырам», — деди Асанов.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий