Кыргызстан — уулуу таштандылардын мекенине айланабы?

Асылын башкалар көрүп…

Эске сала кетели. Дүйнөнү дүңгүрөткөн СССРди оо дүйнөгө узатканга даярдыктар көрүлүп, ошол учурда башкаларды эсепке албай, атом бомбасын ээлеп алган 4 республиканын гана диктаторлору жана партиянын атын жамынган секретарлары айтылуу Беловожск токоюнда бардык кубаттуу аскердик-согуштук опурталдуу атом бомбаларынын потенциалдарын өздөрүнө менчиктеп алышкан эле. Бул аймактарда кубаттуу куралдын базасы жайгашканы талашсыз, бирок анын жаралышына керектүү сырьёлор иштетилген жана камсыз кылган өлкөлөр бул “энчиден” куру жалак калганын тайманбай айтсак болот.

СССРдин атом бомбасын жасап чыгарууда уран кени негизги мааниге ээ болгон. Бул бомбаны даярдоого улуу физиктердин бири Курчатов негизги салымын кошсо, бомбага жан кошкон уран эң алгач Майлуу-Суу менен Миң-Куш аймагынан казып алынганын тарых тандырбайт эмеспи. Натыйжада, 1943-жылдардан союз ыдыраганга чейин уран кени казылып алынган жердин негизги очогу болгон Кыргызстанга тийген үлүшү зыяндуу калдыктар сакталган “көрүстөн” гана мураска берилгенин каңырыкты түтөтүп айтуудан башка арга калган жок. Асылын башкалар көрүп, азабын тарткан биз болдук. Кени алынган жерлердеги “көрүстөндү” зыянсыздарып турууга эч кими каражат бөлүштүргөн жок. Натыйжада, өлкөбүздүн эсебинен ири суммадагы каражаттарды ошол таштандылардан чыккан зыяндуу нурлардын коопсуздугунан сактоо түйшүгүн ӨКМ тартып калды. Эгерде ошол каражаттар мамлекетибиздин башка тармактарды өнүктүрүүгө сарпталса, аз да болсо мамлекетибиздин бирди-жарым тешиктерин бүтөөгө жумшалбайт беле!?

Эл пикири менен эсептешпей

Кайдыгерликпи, же камырабастыкпы, болбосо ушундан ири суммадагы акча каражаттардан өөнөп-бутап алууга камылгабы, айтор, биз ишенген лизенция берүүчү тармактар көл аймагындагы Көк-Мойноктогу Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө “добро” бериши кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгына байланышкан сыяктанат. Зыяндуу кенге уруксат берүүдөн мурда бийлик мунарасы жергиликтүү калк менен жолугушуп, алардын пикирлери менен эсептештиби? Эл аралык мыйзамдарда мындай опурталдуу кенди иштетүүгө элдин макулдугусуз ишке киргизүүгө тыюу салынганан билбейби? Эл аралык жана мамлекеттик мыйзамдарды билбеген чиновниктер мамлекеттин кызыкчылыгын кантип коргойт?”

Кептин баары карапайым калк нааразылык акциясын баштаганга чейин эле “ЮрАзия в Кыргызстане” жоопкерчилиги чектелген компаниясына лизенция 2011-жылы берилип, чалгындоо иштери көп аянттта бүткөрүлүп Таш-Булак кен аянтчасы мамлекеттик баланска коюуга жетишкендиктери боюнча компаниянын жетекчиси Светлана Менг маалымат берет. Анын айтымында инвестиция Орусиядан келип, уран кени Кара-Балтадагы комбинатта иштетүү пландыштырылганын ачыкка чыгарат.

Бул ”Таш-Булак” тоо-кен участкасы 2015-жылы мамлекеттик баланска коюлган экен. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33 800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар деп эсептелинген.

«Төө ашуудан өткөн соң…»

Иликтөө иштерине уруксат берүүдөн мурда эмне себептен КРнын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети буга чейин жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн эмес. Айрыкча уран кени чыккан жерлерге лизенция берүүдөн мурда ага элдин көз караштары, кенден түшүүчү пайдасы жана зыяны, мамлекетке түшүүчү пайда, таштандыларды зыянсыздандырып туруу мөөнөтү иштетүүгө чейин аныкталышы керек экендиги эч жерде белгиленбегендиги ачык көрүнөт.

Дагы бир нюнанс, жергиликтүү калк нааразылык акциясын баштагандан кийин 20га жакын мүчөдөн турган комиссиянын түзүлүшү биздин бийлик башындагылардын өз милдеттерин билбестигин жана кызматына кош көңүл мамиле жасаганы адатка айланганын далилдеп жатпасын? Ансыз да толгон “кен көрүстөнүнө” каражат таңкыс болуп жаткан ушул шартта элден мурда коркунуч коңгүроосун Өзгөчө кырдаал министрлиги неге көтөрүп чыккан жок? Мамэкотехинспекциясы, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги буга эмне үчүн кайдыгер мамиле жасап келишти? Элибиз мындай “оперативдүү” аракетти “төө ашуудан өткөн соң, кепшегениң курусун”, — деп кээрлөөчү эле. Биздин аттуу-баштуу кызматчыларыбыздын деңгээли ушул болсо, калганы жөнүндө эмнени айта алабыз?

Көрпендечиликтин тузагында

Атайын даярдалган дүжүрлөрдөнбү, жергиликтүү калктын ичинен Н. Садыгалиевдин: “Алма-өрүккө кандай кандай зыяны бар”- деп сурасак, алар: “Уран деген оор металл, учпайт” — дешти. Мына, карап көргүлө, көл боюнча Кажы-Сайда алма-өрүк жакшы чыгат” — деп үгүт жүргүзөт.

Уран металл болгону менен анын кыйратуучу касиетинен тышкары онкологиялык оорулардын башаты болорун ачык айтсак болот. Мунун ионунда альфа — оң, вета -терс заряддардан, ал эми гамма — тоскоолдуксуз тароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун жана бул нурлар металлды иштетсең да, иштетпесең да айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизерин геофизиктер, ядролук физиктер жакшы билет. Эң опурталдуусу урандан бөлүнүп чыккан бул нурлар онкологиялык илдеттердин башкы булагы болгондугунда.

Азыркы учурда кыргыз жергесинде онкологиялык оорулар көбөйүп, жыл өткөн сайын жашарып бара жатканы жашыруун болбой калды. Бул илдетке чалдыккандар башка оорулардай жаңы башталганда билинбейт, качан жеттиккенде гана бир билесиң. Же болбосо атайын текшерүүлөрдөн өткөндө гана бул илдетке чалынганың дайын болот. Элибиздин энөөлүгү, учурунда көрөбүз деген кайдыгерлигинин кесепети тиер мезгил алдыда. Кажы-Сайдын алмалары эл аралык рынокко чыгарылса сатып алуучулар аны алар бекен? Башканы кой, уран кени иштетилген бул жердин алмасы экенин билген айрым кыргыздар азыр деле кол шилтеп басып кетерин билем.

Учурда урандын калдыктарын жана таштандыларын зыянсыздандырып турууга мамлекет тарабынан жумшалган каражаттар өлчөмсүз экендигинде. Бул адам “өзүм жашасам болду, мен өлгөндөн кийин бүт дүйнөнү сел алсын” — деген көрпендечилиги гана зээн кейитет.

Кенди иштетүү токтотулду, бирок…

“Экологиялык зыяндын орду толгус, радиациянын нормасы жогоруласа саякатчылардын жана курортко келүүчүлөрдүн саны кыскарат, жергебизге дагы бир зыяндуу заттардын жаңы “көрүстөнү” пайда болот”, — деген карапайым калктын нааразылык акциясынын натыйжасында бийлик кенди иштетүүнү токтотууга чечим кабыл алды. Ошондой болсо да кенди иштетүүгө мораторий канча мезгилге чейин күчүндө калары ачыкталган жок. Эл жеңди, бирок жеңишке жеткен менен калкыбыздын ал утушун колунан чыгарбай сактап кала алабы? Эгемендүүлүккө ээ болгон ушул чейрек кылымдын аралыгында канча кен байлыктарыбызды казууга тыюу салган токтомдор токулуп, бир аз убакыт өткөн соң кайрадан каражаттын “муктаждыгын” шылтоо кылып, кайрадан ызы-чуулар башталчу эле. Эң опурталдуусу, нааразылык акцияларда активдүүлөрдү эсепке алып, жок жерден аларга айып тагуу адатыбыз эми кайталанбас бекен?

Эртабылды Аттокуров

Булак: «13-квартал»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *