Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Кыргызстанда дагы бир координациялык кеңеш түзүлдү
ПОЛИТИКА

Кыргызстанда дагы бир координациялык кеңеш түзүлдү

Кыргызстанда элдик координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда «Чоң Казат» партиясынын лидери Максат Мамытканов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кеңешке «Ордо» партияларынын лидерлери Мирбек Мияров, «Мекен Ынтымагы» Темирбек Асанбеков, «Реформанын» мүчөсү Урмат Жаныбаев жана «Ыйман Нуру» партиясынан Чыңгыз Макешев кирген.

Кеңеш мүчөлөрү бир күн мурун «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин жыйынында бекитилген өкмөттү тааныбайбыз деп билдиришти.

«Биз буга чейин Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушканбыз. Ошондой эле, Элдик координациялык кеңешти түзүү боюнча билдирүүгө кол коюшту. Бирок андан кийин Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына анын талапкерлигин жактыруу үчүн барган. Ага алгач биз менен кеңешүү керектигин айттык», — деди Максат Мамытканов.

Рекомендуемые

Марат Аманкулов, депутат: Маршруточники стали всевластными, либо власть не может с ними справится либо уже «срослись» с ними

Партия “Мекеним Кыргызстан” поменяла уполномоченного представителя по выборам

Президент Сооронбай Жээнбеков: Как показало время, цифровизация страны, определенная как приоритетное направление государственной политики, было своевременным и правильным решением

Оставить комментарий