Кыргызстандын экс-президенттери да соттолушсун!

Кытайда өткөн “Бир алкак — ​бир жол” (“Один пояс – один путь”) дүйнөлүк масштабдагы эң ири саясий форумдардын бирине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышып сөз сүйлөдү. Отузга жакын мамлекеттин башчылары катышкан бул жаңы уюм соңку жылдарда дүйнөлүк жаңы геополитикалык аба-ырайды түзө турган эң ири саясий уюмдардын бирине айланып бара жатат.

Бул ирет өзгөчө көңүл бурдурганы — ​башка мамлекеттик жетекчилер менен бир катар эле мындан бир жарым айча мурда өзүнүн президенттик кызматтан отставкага кеткенин жарыялаган Нурсултан Назарбаевдин өзгөлөрдөн айырмаланган урмат-сый менен кабыл алынганы болду. Казакстан Республикасынын мурдагы президенти, бул Борбордук Азиядагы өтө ыкчам темпте өнүгүп жаткан өлкөнү дээрлик отуз беш жыл бою башкарган (союз учурундагы мезгилди кошуп атай турган болсок) жетекчинин башка мамлекет башчылары менен бир катарда кандай статуста катышканы анчалык ачыкталбай, бир аз бүдөмүк бойдон калганына карабастан, бул жагдай да байыркы улуу Кытайдын акылман саясатын тастыктап турат!..

Анткени, мурдараакта эле башка бардык кызматтык ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, өзүнө Улуттук коопсуздук Кеңешинин төрагалыгын гана калтырган Казакстандык лидер жөнүндө анын Дэн Сяо Пиндин жолун тандап, дал ошол ыкма менен, акырындап гана кызматтан четтей баштагандыгы айтылган. Бардык эксперттер бир ооздон — ​буга каршы болгондору да, муну ачык колдошкондору да! — ​макул болушканы бир гана нерсе болуп, алардын баары тең жапырт бойдон Назарбаев өзүнүн саясаттагы таасирин жоготпой, ал тургай, жогорку бийликтеги бардык керектүү рычагдарды өз колунда сактап калды деп белгилешкен.

Албетте, Кытай биринчи иретте ырааттуулукту, улантуучулукту (мураскерликти эмес — ​саясаттагы мурдагы багытты улантуучулукту!) колдогон өлкө. Ал өзүнө союздаш, коңшулаш өлкөлөрдүн саясаты кескин өзгөрүлүшүн жана өлкө башчысы алмашары менен эле кайрадан жаңыдан түзүп баштоону эч убакта каалабайт. Калдайган калың Кытайдын эбаккы Мао-Цзе Дундан берки коммунисттик идеологияны сактап келе жаткандыгы да дал ушундан улам.

Арийне, доор талабына, өзгөргөн жаңы шарттарга жараша, мамлекеттик идеологияга да, өнүгүү программаларына да айрым бир тактоочу гана толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилгени менен да, эң негизги стратегиялык багыттары боюнча дале болсо баягы багытынан жазбай келе жатат. ХХ кылымдын соңку он жылында жана жаңы кылымдын башында чоң секирик жасап, АКШдан кийинки экинчи экономика аталып, жакынкы аралыкта аны басып өтүүгө кам уруп турган өлкө жогорудагыдай зор саясий форумдарды да тээ алыскы келечекти гана ойлоп өткөрүүдө.

Мурдагы Орто Азия республикалары жана Казакстан деп аталган чөлкөмдүн союз ураган соң Кытайдан болгон таасири алыскы Москвадан кем болбой калгандыгы маалым. ШОС, ОДКБ сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдардын мүчөлөрү болушкан өлкөлөрдүн өз ара биргелешкен аракеттери тууралуу макулдашуулары жана дагы милдеттенмелери бар сыяктуу эле, “Один пояс — ​один путь” аттуу масштабдуу ири саясий форум кийинчерээк дал ушундай бирдиктүү, чогуу аракет кыла турган күчтүү уюмга айланып калышы да толук ыктымал.

Нурсултан Назарбаевдин орус президенти Владимир Путинден кийинки эле экинчи кавалер болуп, Кытайдын чет өлкөлүктөргө берүүчү эң сыйлуу “Достук” орденин алышы да — ​ошол эле кытайлык ырааттуулукту, саясаттагы улантуучулукту камсыз кылуу далалаты экендиги шексиз.

Бул жагдайдан алып караганда, биздеги айрым саясий серепчилер (айрыкча, экс-президент Атамбаевге тийиштүү деп эсептелген “Апрель” телеканалынын “бакма” эксперттери) Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун “куру кол” кайтканын айтышып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге эбегейсиз өлчөмдө берилген кредиттер эми мындан ары кытай тараптан Кыргызстанга келбейт деген пикирлер айтылды. Бул “талдоолорго” ишенсек, Кытай жетекчилери ТЭЦ грантына байланышкан кылмыш иштерине жана кытайлык TBEA компаниясынын наамына шек келтирилгендиктен улам, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго ишеним артпай калган имиш!..

Эгемендик өлкөнүн ички саясаты жана тышкы саясаты эки башка тармак болуп, бири бирине эч качан тоскоолдук кылбашы зарыл. Тескерисинче, аларды бири-бири менен тыгыз байланыштыруу чоң катачылыкка гана алып барышы мүмкүн!

Бул жагынан алганда, Кыргызстандын азыркы президенти абдан туура жана алысты көздөгөн саясат жүргүзүүдө. Бул ар тараптан колдоого татыктуу аракет. Маселен, өткөн жылдагы эле АКШчыл өкмөттүк эмес уюмдардын өрөпкүп-өпкөлөгөн аракеттерин эске алалычы?!

Ага кошул-ташыл болуп, дагы өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарууда жарытылуу иштер менен көзгө көрүнө албаган акыйкатчы Токтокүчүк Мамытовдун кытайдагы кыргыздардын укугун коргоо маселесин караштырып жатабыз деп, туурадан чыга калганычы?.. Сооронбай Жээнбеков бул маселе Кытай мамлекетинин ички маселеси экендигин, ал кыргыздар — ​Кытайдын жарандары болгондуктан, ошол өлкөнүн ички мыйзамдарынын чегинде жашашы керектигин билдиргендиги гана биздеги сырттан улам НПОлор аркылуу ар кандай гранттар менен шыкакталып, козутулуп, эл аралык маселеге айлана баштаган жагдайды токтотуп калган.

Кытай акылман саясаты муну ачык айтпаганы менен — ​акырын гана унчукпай байкап, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарууда. Буга эч күмөн кылууга да болбойт. Демек, ТЭЦ кылмыш ишин жана кытайлык кампаниянын алкы бузуктар тарабынан желип кеткен кредитин кимдир бирөөлөр чолок ойлогондой, “кытай тарап таарынып калат” деп, чочулап олтурбай эле, мыйзамдык-логикалык чекитке чейин жеткирүү керек.

Азыркы мойнубуздан ныгыра басып турган 4,5 миллиард долларлык сырткы карыздын дээрлик жарымы Кытайга туш келип, ансыз деле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимге арзып алып келген, а бирок, жарымы желип кеткен деп шек жаралып, кылмыш иши козголгон кредиттеринен улам, жашоо улам оордогондон оордоп бара жатат. Жылына бюджеттен бир нече жүз миллиондогон долларлар дал ушул багытка сарпталууда. Бул дагы эч нерсе эмес, — ​сырткы карзыдарды төлөөнүн эң оор мезгили 2023-жылдан 2029-жылга чейин созулары белгилүү. Дал ошондо, карайлаган калың карапайым эл: ушинтип кадырын салып, кайрымы жок карыз алгандан көрөкчө, жөн эле тынч жашасак болмок! — ​деп айтышат!.. Албетте, азырынча экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кийинки тагдыры кандай болот жана президенттик ишмердиги тарыхта кандай бааланат — ​бир жактуу, кесе айтуу кыйын. Аны азыр түрмөгө отургузууну талап кылгандар да, көкөлөтүп баатырга айландыргандар да жетишерлик санда жолугат. Канткен күндө да, обьективдүү баалоо үчүн дагы бир аз убакыт өтүшү талап кылынат шекилдүү… Себеби, алдыда дагы али биз билбеген көп нерселер ачыкка чыгып калышы мүмкүн. Ошондуктан, Атамбаевдин алты жылына дүңүнөн баа берүүгө ашыкпай туралык.

Анын үстүнө, мына кечээ жакында эле Кызыл-Омполдо казылып жаткан уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор кендерин чалгындоо үчүн «Кыргызстандагы Юразия» ЖЧКсына № 2852 лицензиясы 2010-жылдын 18-ноябрында берилгени ачыкталды. Болгондо да, өлкөнү убактылуу президент Роза Отунбаева жетектеп турган учурда! Уран казууга уруксат алган «Юразия Майнинг Компани» компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү экс-президент Роза Отунбаеванын жакын тууганы Айжан Чыныбаеванын күйөөсү Арсланбек Кененбаев экендиги айтылууда!..

Эгерде бул факт аныкталып кала турган болсо, Роза Отунбаевага карата дагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылчулар чыгышы күтүлөрү турган иш… Асыресе, дегеле, биздеги НПОшник аттуулар жана да элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын талашымыш болуп түр көрсөтүүгө аракет кылгандардан теңирден тескери аракеттерди да күтүүгө болот.

Кечээ жакында эле ГРСтин паспорт жасоо боюнча тендерине байланыштуу кармалган үч жетекчисин колдошуп, тескерисинче, кылмышты тергөө мекемелерине каршы чыга калышканы ушундай арсар ойго түртөт. Эгерде Роза Отунбаевага каршы жогорудагыдай кырдаал жаралса, аны колдошкон НПОшниктер бир кездеги кытайдагы кыргыз жарандарын колдошкондон да ашкан чуулгандуу коомдук-саясий кампанияларды уюштуруп жиберүүгө да барыштары мүмкүн.

Айтор, ушунун баары айланып келип эле, кайрадан — ​мурунку убактарда өз үй-бүлөсүн жана туугандарын гана ойлобостон, деги бизде жалпы элге, өлкөгө кызмат кылууга умтулган, дили таза, арам ишке барбаган бирди-жарым президент болбогон беле?! — ​деген олуттуу, өкүнүчтүү суроону жаратары түшүнүктүү. Демек, Кыргызстандын эгемендик доорундагы бийликке ар кандай күмөндүү жолдор менен, же ачык эле кан төгүп, төңкөрүш аркылуу бийликке келишкен президенттеринин ишмердигине да баа берүүдө өтө аярлык талап кылынат.

Азырынча бир гана нерсени ачык жана так кесе айтууга болот: алардын бири да артында элдин турмушун кардиналдуу түрдө жакшыртууга багытталган иштерди калтыра алышкан жок. Аскар Акаев тээ союздан калган завод-фабрикаларды талкалап, колхоз-совхоздорду менчиктештирүү деген ураандын урандысы алдында көмүлгөнү маалым. Союздан калган жук түгөнөрү менен, ачка калган эл аны кууп чыгуудан башка арга калбай калганын түшүнгөн. Курманбек Бакиев өндүрүштү жандантып, акаевдик мезгилге салыштырмалуу жашоону бир аз оңой баштаганда төңкөрүшчүлөр тарабынан оңкосунан кетип, жарытылуу эч нерсе жасаганга үлгүрбөдү.

Ал эми андан кийинки бийликке келишкен президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин абалы жогоруда айтылгандай, азырынча арсар абалда турат. Эмне демекчибиз, дагы далай жүрөк түшүргөн былыктар чыкса деле таң калбачудай болуп баратабыз…

Соңку эле айларда экс-президенттердин кол тийбестик укугу парламентте каралып, тиешелүү мыйзамдарга айрым өзгөртүүлөр киргизилгени белгилүү. Эми бул аракеттерди практика жүзүндө конкреттештирип, айрым экс-президенттерди кылмыш жообуна тартуу гана калды. Эгерде күнөөлүү болушса алар дагы башка жарандардай эле мыйзам алдында жооп беришип, жазага тартылышарын иш жүзүндө көрсөтүү абзел. Ошондой болгондо гана, балким, кийинки президенттер да өз ишмердик аракеттеринде кандайдыр бир шектүү чечимдерге баруу алдында бир аз ойлонушуп, мыйзам алдында жооп берип калуудан чочулашып, жалпы элди жана өлкө келечегин, азыркы жана кийинки муундардын кызыкчылыгын ойлой башташар?..

Антпесе бизде бийликке келген сайын эле президенттердин өз үй-бүлөсүн жана жакын туугандарын, жакын жан-жөкөрлөрүн байытуу керек деген гана максаттар менен жашап калышары көндүм адатка айланып бара жатат. Дүйнөлүк практикада деле жетишерлик мисалдар табылат. Түштүк Кореянын мурунку президенти, Бразилия президенти соттолуп, узак мөөнөттүү түрмөдө олтурушат. Армениянын экс-президенти Роберт Кочарян өтө чоң өлчөмдө пара алган деп айыпталууда. Болгондо да, кен казууга уруксат берүү үчүн.

Ал эми алар сыяктуу түрмөдө олтурууну каалабаган Перунун мурдагы президенти Алан Гарсия коррупция боюнча айыпталып, бирок, аны кармоого полицейскийлер келишкенде, жакында эле өзүн өзү атып салды…

Экс-президенттерге катардагы кылмышкерлерге караганда да мыйзам алда канча катаал болушу зарыл. Анткени, алар Куранды, Конституцияны кармап туруп, жалпы эл алдында ант беришкен. Ошол антты бузуп, элге жана өлкөгө карата карасанатайлык кылмыштары далилдене турган болсо, аларга дал ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берүү зарыл: түрмөдө узак мөөнөттүү олтуруп, өз кылмышын мойну менен тартып чыгуу, же — ​аны каалабаса, жогорудагы Перудагыдай ыкма менен мыйзамдан качып кутулам дешсе, анда өздөрү билип, жеке өздөрү чечишсин!

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *