Кыргызстанга Индиядан 200 миллион доллар насыя келмей болду

Бишкекте өткөн ШОСтун алкагында Индия менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Индия Кыргызстандагы бизнести колдоого даяр экенин жана Кыргыз Республикасына 200 миллион доллар насыя берилээрин айтты.

Ал өз сөзүндө: «Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүүгө жана индиялык компанияларды кыргыз экономикасына тартуу үчүн 200 миллион долларлык насыя берүүгө макулбуз”, — деди Моди.

Аны менен бирге эки тараптуу кичи бизнести колдоо максатында кыргыз-индус фондун түзүү маселеси дагы көтөрүлдү.

Булак: «Факты.kg»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *