«Манас менеджмент компаниясынын» директорлор кеңешинин мурдагы жетекчиси Асан Токтосуновго ыңгайсыз суроо: Кайсы кыйраткан эмгегиңиз үчүн 4 жылда 32 миллион сомдук «сыйакы» алдыңыз?

Май айынын башында «Манас аба майданы» ААКнын ичиндеги «Манас менеджмент компаниясынын» директорлор кеңешинин чечими менен президенти Асан Токтосунов кызматынан ыргыган. Кудайдан жөө качкан бул эргул жөн жерден кетпептир. Көрсө, Токтосунов мамлекеттик ишкананын эсебинен 32 миллион сомду кымырып, чөнтөгүнө солоптур. Тактап айтсак, Асан Токтосуновго 2012-жылы 6 млн. 454 миң 402 сом, 2013-жылы 10 млн. 967 миң 281 сом, 2014-жылы 11 млн. 271 миң 484 сом, 2015-жылы 4 млн. 092 миң 987 сом сыйакы берилген. Жалпы чогултуп келгенде 4 жылдын ичинде Токтосуновдун жеке өзүнө 32 миллион сомдон ашык каражат ыйгарылган. Бул коррупция да. Мындай адамды дароо кармап, темир торго киргизип, кустуруш керек. Эмне үчүн тийиштүү орган дар текшерип, тийиштүү чара көрбөйт? Же, көз ымдашып, алакан ушалашып, Шадиев өңдүү АКШга качырып жибергенге шарт түзүп жатышабы? Бийлик өкүлдөрүнөн ушундай шалаакылыктар кете берсе, элдин ишеними түгөнөт да.

—Асан мырза, олчойгон суммадагы сыйакы алгандан уялган жоксузбу ? Же өзүңүз ушунча сыйакы алганга татыктуу иштедим деп эсептейсизби? Мамлекеттин экономикасы оор абалда турганда «сыйакы» үчүн 32 миллион сомду алганга кантип дитиңиз барды? Кайсы кыйраткан эмгегиңиз үчүн? Баса, эмгек жамаатыңыз жаңы жылдык шаан-шөөкөткө 2 миллион сом короткону боюнча интернетке видео тараган, ага кантип жооп бересиз? Же унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур деген принцип менен бетиңизди тултуйтуп, дагы кутулуп кетем деп ойлоп жатасызбы!

Булак: «Мантыш»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *