Марат Канулькулов КР юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Канулькулов Марат Эдильевич Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы орун басарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүм башчысы Данияр Эркимбаев тааныштырды.

Маалымдама: Канулькулов Марат Эдильевич 1975-жылы 26-майда Фрунзе шаарында туулган.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги, юрист квалификациясы боюнча аяктаган.

2002-жылы жактоочулук ишмердүүлүк менен алектенүү укугун алган

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *