Марс Сариев: “Кыргызстандагы коррупция гүленчилерге ыңгайлуу шарт түзүүдө”

Ушул айдын башында Муфтият уюштурган ооз ачаар мааракесинин айланасында аябагандай кызуу талкуулар болду. Азыр деле коомчулук гүленчилердин кимдер экендиги жөнүндө билүүгө кызыктар. “Майдан.kg”гезитинин  журналисти белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев менен Гүлен кыймылынын өзгөчөлүгү, анын тарапкерлеринин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана өлкө турмушуна тийгизген таасири тууралуу маектешти.

-Марс Осмонкулович, Гүлен кыймылы тууралуу көп эле айтылып, жазылып келатат. Сиз бул агымга кандай аныктама бересиз?

-Бул суроого жооп берерден мурда гүленчилердин кандай жагдайда жана кандай максатта түзүлгөндүгү тууралуу таржымалына бир аз токтоло кетели. Гүленчилер аябай чоң, болгондо да өтө кубаттуу программа болгон. Менимче алар Рэнд Корпорейшн (Rand Corporation) алкагында иштелип чыккан. Алар өз ишин өсүп келаткан муундар менен баштайт жана бул программа ондогон жылдарга эсептелген. Гүлен кыймылынын милдети –тармактык түзүмдөр аркылуу Түркияда, Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттерде  бийликке жетүү. Бул пайдубалы бекем жасалган үйдөй алдын ала кылдат ойлонулган план болуп саналат. Ошентип 2016-жылдын 15-июлуна караган түнү Түркияда аз жерден аскердик төңкөрүш жолу менен бийликти тартып ала жаздашты. Бул көп тармактуу, көп баскычтуу тармак жүрүп-жүрүп отуруп, Түркиянын баардык бийлик түзүмдөрүн каптап кеткен. Булардын адамдары ички иштер, юстиция министрликтеринде, куралдуу күчтөрдө, баардык мамлекеттик органдарда болушкан. Бул мамлекет үчүн өтө коркунучтуу. Себеби АКШ, Рэнд Корпорейшн аркылуу жөнгө салынган Гүлен кыймылына таянып мамлекетти концептуалдуу башкара ала турганын даана көрсөттү.

-Бирок гүленчилер сыртынан өздөрүн өтө маданияттуу, интеллигенттүү көрсөтүшүп, коомдун элитасы катары саналат эмеспи…

-Ооба, булар эч нерсени талкалабайт, көчөгө чыгып кыйкырып же митинг уюштурбайт жана жардыруу жасабайт. Анткени булар кайсы бир убакытта өздөрүн коомго, элге ушундай көрсөтүп, колдоого ээ болуу үчүн атайын социалдык программанын негизинде иш жүргүзүшөт. Ушинтип жүрүп алар Түркияда аскердик төңкөрүш аркылуу бийликти колго алууга бир эле кадам калышты.

-Кечиресиз, азыр Ыйык Рамазан айынын куттуу күндөрү өтүп жатат. Бирок өткөндө, 8-майда Муфтият уюштурган ооз ачарда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен Гүленчилердин Борбор Азиядагы имамы эсептелген, “Себат” (азыркы аталышы “Сапат”) мектептеринин директору Орхан Инанды баштаган гүленчилер тобунун дасторконго чогуу чакырылып калышына кандай аныктама бересиз?

-Бул ошол ооз ачарды уюштурган Муфтияттын өтө чоң жаңылыштыгы. Алар Алла Тааланын алдында баардыгыбыз бирдейбиз, Рамазан айында уруш-талаш, пикир келишпестик болбош керек деген түшүнүктө болушкандыр. Бирок элчи менен өз өлкөсүндө террордук топ деп таанылган уюмдун көрүнүктүү өкүлүн катарлаш отургузуп коюу өтө чөң саясый катачылык деп эсептеймин. Мен өзүм мурдагы дипломат катары жакшы билем, эгер элчи ошондо чыгып кетпесе, эртеси күнү эле ал кызматтан алынып, балким жазага тартылмак. Себеби Түркиянын президенти Эрдоган саясый сес көрсөтүү үчүн ушундай кадамга баруусу мүмкүн эле. Ошондуктан элчи өтө саясый жактан кылдаттыгын көрсөтүп, нааразычылык сөзүн айтып чыгып кетүүсү өзү үчүн да, Түркия мамлекетине да туура кадам болду. Ал эми ошол учурда кайсы тарап элчинин артынан ээрчип видеого тартып, интернетке чыгарып жибергендигин билбеймин, канткен менен бул жагдай да элчинин пайдасына чечилди. Анткени Түркиянын Тышкы иштер министрлиги элчини колдоп чыкты.

-Ушул окуя кыргыз-түрк мамилесине, мамлекеттердин ортосундагы саясый кызматташтыкка кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

-Тилекке каршы ансыз деле ойдогудай болбой аткан мамилебизге кандайдыр бир деңгээлде доо кетирип койду. Ошол окуянын эртеси күнү эле Түркиянын ТИМи билдирүү жасап чыкпадыбы. Сыягы, Түркия мындан ары кыргыз бийлигинен гүленчилердин ишмердүүлүгүн ооздуктоосун мурдагыдан да көбүрөөк талап кылат. Мисалы, аталышы “Сапат” деп өзгөртүлгөн “Себат” мектептери тезирээк жоюлуп, “Маариф” мектептерин ачууну тезирээк ишке ашыруу сунушталат. Бул жагдай Президент баш болгон кыргыз бийлигин кыйын кырдаалга туш кылууда…

-Эгер Гүлен кыймылы АКШнын долбоору болсо, анда бул өлкө гүленчилер аркылуу Кыргызстанга таасир этүүнү көздөйбү?

-Мен АКШ түздөн-түз эле гүленчилер аркылуу кыргыз бийлигине таасир этүүнү көздөйт деп айта албаймын. Алардын биринчи максаты – Түркияда бийликти толук колго алуу болгон. Андан соң Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттерге өтүшмөк. Гүленчилер Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинде айрыкча Кыргызстандагы “Себат” мектептеринде өтө билимдүү, лидерлик сапатка ээ, жөндөмдүү балдарды тандап алып, бүтүндөй бир муунду тарбиялап коюшту. Алар азыр Ак үй, Өкмөт, Жогорку Кеңешке чейинки жооптуу жана жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Бул алардын бийликке тийгизген таасири болуп саналат. Эгер Гүлен азыр бозгунда жүрбөсө же 2016-жылдагы аскердик төңкөрүшү ишке ашып, бийликке келип калса, анда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “алтын муун” деп аталган кадрлары сөзсүз бийликти тынч жол менен эле колго алышмак. Кыргызстанда “Себат” лицейлери менен “Ала-Тоо” университетинин 90% бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ар кандай жооптуу кызматтарда иштешүүдө. Чындыгында бул окуу мекемелери алгач жөндөмдүү балдарды тандап алышып, сапаттуу билим берээрин да моюнга алып коюшубуз керек.

-АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Доналд Лунун гүленчилердин экономикалык канаты болуп саналган Жаш ишкерлер ассоциациясына (ЖИА) барып жолугушуусун кандай баалайсыз?

-АКШ элчисинин бул кадамына айып тагуу өтө кыйын. Балким, бул коомдун алдыңкы жаштары менен таанышуунун алкагында өткөндүр. Канткен менен өздөрүнө тилектеш катмар менен мамиле түзүүнүн жумшак ыкмасы болушу мүмкүн. Албетте, жаңы дипломат катары Түркияда жеңилүүгө учураган Гүлен тобунун Кыргызстандагы абалы боюнча отчёт берүү максатында жолуккан болуш керек. Канткен менен “Себатты”, “Ала-Тоону” бүткөндөрдүн АКШ менен формалдуу эмес байланышы бар деп эсептеймин. Алардын алдыңкы жаштарды бийликке тартуу, жеткирүү боюнча көрсөтмөсү бар.

-Дал ошол алдыңкы гүленчилердин бири деп эсептелген С. Исаков бир күн айыл өкмөт башчысы болуп иштебей туруп, бүтүндөй өлкөнүн өкмөт башчысы болуп иштебедиби. Ал тургай АКШ элчилигине отчёт берип тургандыгы боюнча Викиликс сайтына маалыматтар чыгып кетиши, анын АКШ менен тыгыз кызматташтыкта болгондугунун далили десек болобу?

-Ооба, ушундай маалымат тараган. Бирок баардык эле чоң саясатчылар, саясый партиялардын лидерлери АКШ, Россия элчиликтерине барып, консултация алып жүрүшкөн. Бул демейдеги эле көрүнүш. Ал эми С. Исаков боюнча маалымат чыгып кетишинин себеби ал премьер-министр катары чоң фигура экендигинде. Сыягы, С. Исаковдун АКШ элчиси  менен өзгөчө жакын мамилеси болгондур. Ал Ошто окуп жүргөндө “Себатты” бүткөндүгү да булардын мамилесин жакындатып, “өз бала” катары кабыл алууга негиз болгондур.

-АКШ Эрдоганды бийликтен кулатуу үчүн Гүленди колдонду деп айтсак болобу?

-Албетте, алар өз максатына жетүү үчүн бүтүндөй бир муунду тарбиялап чыгарышпадыбы. Бирок Түркиянын бийлиги эгер Гүлен жана гүленчилер бийликке келсе, өлкөдө толук бойдон эгемендүүлүк жоголуп, өз алдынчалыктан айрылып, бийлик АКШга өтүп кетээрин алдын ала билип, Эрдоган бир кезде чогуу болгон Гүлен менен мамилесин токтоткон. Бул өтө кылдат ойлонуп түзүлгөн план, Гүлен АКШ жана Батыштын атайын кызматтары иштеп чыккан операция болуп саналат.

-Мындан 3-4 жыл мурда болсо керек, Россиянын РИА новости агенттиги Гүлен кыймылынын таасири кеңири жайылган өлкөлөр тууралуу көлөмдүү аналитика жарыялап, жарымы Кыргызстанга арналган болчу. Анда “Себаттын” мугалимдери АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматынын (ЦРУ) агенттери экендиги айтылат.

-Эгер Россиянын абройлуу маалымат каражаты ушундай көлөмдүү анализ жасаса, анда айтылган фактыларды жокко чыгарууга болбойт. Дегеле чет өлкөлөрдөн келген волонтерлордун арасында жок дегенде жүздөн бири сөзсүз кесипкөй чекист болот. Алар ар кандай социалдык долбоорлорго жамынып алышып, аймактарда элдин психологиясынан тартып, менталитети, тилине, саясый көз карашына чейин иликтеп чыгып, өз өлкөсүндө тиешелүү органдарга отчёт беришет. Андыктан “Себаттын” окутуучулары деле агент болушу мүмкүн экендигин жокко чыгара албайбыз. Жогоруда айттым го, Гүлен кыймылы өтө тепкич тепкич, катмар менен түзүлгөн тармактык түзүм болуп саналат. Алар бештик, ондук болуп топ-топко бөлүнүшөт жана бири-бирин билишпейт.

-Кыргызстандын президенти С. Жээнбеков чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Түркияга мамлекетине жасады. Анкарада эки президенттин кеңири форматтагы жолугушуусунда түрк президенти Эрдоган гүленчилер маселесин ачык эле көтөрүп, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу керектигин кыйытты. Бирок кыргыз бийлиги биздин билишибизче расмий Анкаранын бул талабын аткарбай келет. Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Бул жерде өтө татаал маселе бар. Анткени азыр “Себатты”, “Ала-Тоону” жапса, анда өлкөдө туруксуздук болуп кетиши мүмкүн. Себеби аталган окуу жайларда негизинен элитанын, байлардын балдары окушат. Мындан тышкары алардын азыр Ак үй, өкмөт, парламент, күч органдарында иштеп аткан улуу мууну бар. Гүленчилердин бири-бирин колдогон өзгөчө ынтымагы бар. Ошондуктан президент С. Жээнбеков өлкөдөгү реалдуу күч менен эсептешүүгө аргасыз болууда. Ал Эрдоган үчүн курмандыкка чалынгысы келбейт. “Себаттын” кадрлары билимдүү, жаратман, ич ара ынтымагы бекем жамаат экендигин да эстен чыгарбашыбыз керек. Мамлекет башчыбыздын көйгөйү ансыз деле толтура эмеспи.

-Түрк бийлиги мындай жоопко кандай мамиле жасайт?

-Менимче түрк тарап биздин бийликтин мындай абалын түшүнөт. Түркмөнстан, Азербайжандагыдай тез эле “Себатты” жаап салуу Кыргызстанда мүмкүн эместигин, биздеги жагдай өтүшкөн ооруудай тамыры тереңде экендигин түшүнүү менен кабыл алат деп ойлоймун. Башка өлкөлөрдө диктатура күчтүү болсо, биздин өлкөдө жарандык коомдун орду чоң экендиги белгилүү го. Бир чети гүленчилерди АКШ менен Батыш колдойт. Керек учурда булар тез эле биригип, чоң куралга айланып калышы же колдонулушу да мүмкүн.

-Гүлен кыймылы саясый пландары менен кошо экономикалык долбоорлорун да чогуу ишке ашырышат эмеспи. Мисалы, ошол эле “Себат” мектептеринде окуган балдарга ата-энелери жылына миңдеген доллар акча төлөшөт. Ошол эле учурда “Себат” мамлекетке бир доллар салык төлөбөйт. Мындан тышкары, соода, тейлөө мекемелери, курулуш компаниялары бар. Айтор миллиондогон доллар акчага ээ. Баары акчага сатылган Кыргызстанда булар шайлоо өнөктүктөрүнө кандай таасир берет деп ойлойсуз?

-Өтө чоң таасир бере алат. Биринчиден, алардын өтө кубаттуу тармактык түзүмү бар. Экинчиден, жогоруда айтылгандай, бийликтин таасирлүү бутактарында иштеп аткан агалары бар. Үчүнчүдөн, толук автономиялуу каржылык пирамидасы бар. Мен бутуна турган гүленчилерди билем, алар алгачкы капиталды ошол жактан алышкан. Мисалы, бир жигит төөбуурчак бизнеси менен алектенип, байып кеткен.

Айрыкча азыркы президент менен экс-президенттин тарапкерлеринин ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп, бири-бирин алсыратып  жатканда Гүлен тобу күчү менен каржылык ресурсун сактап турат. Ал эми учуру келгенде кайсы бир исламий топтор менен биригип кетиши мүмкүн жана бул өтө кооптуу. Себеби алардын колунда эбегейсиз финансылык ресурс бар. Керек болсо белгилүү саясатчыларды сатып алышы мүмкүн. Бизде шайлоолор менен партиялар эбак эле бизнес-долбоорго же коммерцияга айланып калган. Гүленчилер өзүң белгилегендей саясат менен сооданы бирдей өздөштүрүшкөн. Ал эми биздин айрым саясатчылар саясый соодалашууга жөндөмдүү. Андыктан гүленчилер булар менен биригип алып, баардык эле партияларда өздөрүн динчил көрсөткөн саясатчылар менен биригип кетиши толук мүмкүн. Азырынча Гүленчилер уйкудагы аюудай тынч жаткан менен учуру келгенде ойгонуп, бийликти кандай гана жол менен болбосун алып коюшун жокко чыгарбоо керек.

-Өлкөдөгү гүлдөп аткан коррупция, башаламандык жана трайбализм гүленчилердин ишмердүүлүгүнө кандай таасир берет?

-Баары акчага сатылган биздин коомдо гүленчилердин байлык топтоп, бийликке жетүүсүнө  бул башаламандыктар өтө жакшы шарт түзүүдө. Ал тургай ар бир саясатчынын өз баасы бар эмеспи. Гүленчилер алардын кимисинин наркы канча экендигин да билип алышкан. Себеби бизде мамлекеттик идеология, нравалык сапат, мекенчилдик сезимдер жок. Ар бир саясатчы жана саясый партиянын бийликке келүү максаты – акча жасоо. Артында Америка турган гүленчилер булардын мындай психологиясын эң жакшы билишет жана керек учурда сатып алып коё алат. Натыйжада сырты кыргыз саясатчыларынан шөкөттөлгөн, маңызы сырткы таасирдин астында калган куурчак саясатчы же партияларга ээ болобуз. Ошентип эртең мамлекетибиз бул жактан эмес, океандын ары жагынан башкарылган абалга дуушар болушу толук мүмкүн.

Маектешкен Э. Досназаров.

Булак“Майдан.kg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *