Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Мирзиёев менен Рахмон мусулман өлкө башчыларынын саммитине барат
Борбордук Азияда Саясат

Мирзиёев менен Рахмон мусулман өлкө башчыларынын саммитине барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстан лидери Эмомали Рахмон 21-майда Эр-Риядда өтө турган АКШ жана мусулман өлкөлөрүнүн саммитине катышат.

Мамлекет башчылары Сауд Арабиясына өлкө падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барышат.

Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мирзиёев Сауд Арабияга болгон сапары маалында бир канча эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тажикстандын президенттик аппаратындагы булак билдиргендей, Эмомали Рахмон жыйында сөз сүйлөшү мүмкүн. Азырынча бул маалымат ырастала элек.

Саммитке Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жана Ооганстан президенти Ашраф Гани да чакырылды. Андан сырткары жыйынга самиттин уюштуруучуларынын бири эсептелген АКШ президенти Дональд Трамп дагы барат. Сауд Арабия — Трамп эл аралык турнесинин алкагында бара турган алгачкы өлкө болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий