Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Митингчилер Башкы прокуратуранын имаратын басып алышты. Алар Жапыкеев генпрокурор болсун деп талап кылып жатышат
КООМ

Митингчилер Башкы прокуратуранын имаратын басып алышты. Алар Жапыкеев генпрокурор болсун деп талап кылып жатышат

Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарында кечээ башталган митинг уланууда. Митингчилердин бир бөлүгү ак үйдүн жанында болсо, бири мэриянын имаратын, дагы бир бөлүгү Генпрокуратуранын имаратын басып алышты.

Митингчилер Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен эл алдына чыгууну талап кылышууда. Анан башпрокурорду өздөрү дайындайбыз деп кыйкырышты.

Алардын бири «Эми биздин жетекчибиз Жапыкеев болот» деп кыйкырды. Бул идеяны көпчүлүк митингчилер колдоп, жактырышты.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев «Чоң казат» кыймылынын лидерлеринин бири, КР Башкы прокуратурасынын экс-кызматкери. Ал парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптаган.

Жапыкеев депутаттын 2,5 миллиард доллары бар экендигин жана анын мүлкүн тартып алуу керектигин билдирген. Депутат Жапыкеевге каршы доо арыз менен сотко кайрылган. Жапыкеев соттон утулуп, айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Парламенттик шайлоодо Жапыкеев «Чоң казат» партиясынан депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинде 5-орунда турган.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону айтылган.

Оставить комментарий