Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Митингдин жүрүшүндө 75 адам жаракат алды, алардын 46сы укук коргоо органдарынын кызматкерлери
Саясат

Митингдин жүрүшүндө 75 адам жаракат алды, алардын 46сы укук коргоо органдарынын кызматкерлери

Алынган маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 75 жабырлануучу денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 46сы укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Кечээ, 5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ирээтинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган. Милиция менен кагылышуулар митингчилердин Ак үйдүн имаратына кирип келиши менен жыйынтыкталды.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий