Могерини: Борбор Азиянын күчтүү жана туруктуу болушун каалайбыз

Европа Биримдиги Борбор Азия чөлкөмүнүн күчтүү жана туруктуу болушун каалайт. Ал үчүн жакырчылык менен күрөшүп, аялдардын укуктарын коргоо жаатында иштер жасалышы керек.

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекте 7-июлда ушундай пикирин айтты.

Могерини Кыргызстандын баш калаасында «Европа Биримдиги – Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна келген. Ал жыйындын жемиштүү болгонун белгиледи. Буга мисал кылып Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жаңы келишимдин даярдылышын, Түркмөнстанда Евробиримдиктин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу келишимге кол коюлганын белгиледи.

Могерини Евробиримдик инвестициянын чоң булагы экенин, экономикалык колдоолор улана берерин кошумчалап, Борбор Азия чөлкөмүндө ишеним жараткан жаңы мүмкүнчүлүктөр байкалганын билдирди.

Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жолугушуу жыл сайын уюштурулат.

Быйылкы 17-июнда кабыл алган кызматташтыктын жаңы стратегиясы талкууланды. Жаңы стратегия коопсуздук, социалдык-экономикалык алаканы бекемдөөнү көздөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *