“Мыйзамдагы ууру” жана уурдалган мыйзамдар

Дүйнөлүк геосаясаттын эң четки бир бучкагында калган Кыргызстандын даңкын далайга угузуп, узак убакыт бою дүйнөдө “дүңгүрөтүп” келе жаткан “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөнү жарыяланды. Бул соттук териштирүүдө Батукаевден кийинки эле эң башкы фигуранттардын бири — мурдагы президент, азыркы кезде аталган кылмыштан башка дагы бир нече оор кылмыштар боюнча күнөөлөнүп жаткан Алмазбек Атамбаев болору айкын.

Бир кезде, карапайым эл жарма ичип, ачка калбаганына тобо кылып, нан тапса сүйүнүп, кара жандын айласы менен гана жашап калган чакта, мамлекет, эл мүлкүн реформа-приватизация деген ураандар алдында каалагандай чачып, талап-тоной баштагандыктан, курсагы ток, кайгысы жок жашап калышкан качкын президент Аскар Акаевдин оңбогон оендору — осмонакунчул идеологдор “биз демократия аралына айландык!” — деп добулбас кагышар эле!.. Азыр дүйнөлүк арена дегенди мындай эле кой, СНГ аймагында карааны көрүнгөн, абройлуу (маселен, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко сыяктуу!) коомдук ишмер-саясатчы, мамлекеттик ишмерибиз жок болгону менен да, 11-октябрдагы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун карап жаткан ишине — жалпы дүйнөлүк коомчулук көңүлүн бурары шексиз. Анткени, экс-президент сот жообуна тартылышы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы гана эң чуулгандуу окуя болуп тим болбостон, жалпы эле мурдагы союз аймагындагы жаңы доорду, өнүгүүнүн жаңы этабын аныктаган чек болуп калмакчы…

Учурунда Борис Ельцинди 1993-жылдагы парламентти атуу боюнча жоопко тартуу аракетинен эч майнап чыкпагандыгы маалым. Ал эми Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян 2018-жылдын июль айында өзүнө адеп айыптоо тагылгандан бери, үч ирет камалып, үч ирет бошонуп чыгып (үй камагына деп!), кайрадан өтө ири суммадагы залог коюп, бошотуп алууну каалашкандар чыкса да, убактылуу кармоочу жайда олтурат. Ал эки кылмыш менен айыпталууда: өзгөчө баалуу табигый ресурстарды иштетүүгө уруксат бергендиги үчүн ири өлчөмдөгү пара алуу жана да 2008-жылдын 1-мартында оппозиция митингин күч колдонуп кубалоого буйрук берип, республиканын конституциялык түзүлүшүн бузган деп айыпталууда. Эске сала кетсек: Роберт Кочарян Арменияны 1998-жылдан 2008-жылга чейин — эки мөөнөткө чейин президент болуп башкарып турган. Ага чейин Нагорный Карабахта президент болуп, Азербайжан-Армения согушунан бери өзүнчө эле бир культ сыяктуу фигурага айланган. Башкача айтканда, кичинекей бир Армения өлкөсүн дүйнөдө эки Армян өлкөсү бардай кылып салган саясий фигуралардын бири. Ушундай аброюна, популярдуулугуна карабастан, мыйзам алдында жооп берип, жогорудагы айыптоолор далилденсе — эбак басып алган миллиарддары эч жардам бербей, узак мөөнөттүү түрмөгө олтургузулары анык. Анын арамдан топтогон бүт мүлкү — толугу менен мамлекет эсебине чегерилмекчи…

Мындан бир жылча мурда экс-президент Роза Отунбаеванын, жана да анын айрым жакын туугандарынын ысымдары дагы Кыргызстандагы уран кенин иштетишке байланышкан чуулуу чырларда ачыкка чыккандай болгон. Эмнегедир, ошол бойдон бул чуулгандуу иш жабылып, унуткарылып бара жатат. Айрым бир арам ойлуу, кытмыр күчтөр муну атайылап унуткарууга жеткирүүгө аракет кылып жатышкан болсо, азыр эле ачык айтып, эскертип коелук — кыңыр иш кырк жылда билинет! Аны унуткарууга, же биротоло жаап салууга жардам бергендер кошо жоопко тартылышат! Ошондуктан, кеч боло элегинде эле коомчулукка баарын ачыктап, агын ак, көгүн көк деп айтып чыгуу зарыл…

Ал эми алиге чейин тергөө органдарына эч кандай көрсөтмө бербей, дудукка айланган Алмазбек Атамбаев бул аталган “нукура бандиттик” кылмыштан башка дагы, “таза экономикалык-коррупциялык кылмыштар боюнча да түздөн-түз айыпталып, биринде башкы айыпталуучулардын бири катары кетсе, башкаларында кыйыр катышуучу катары аталууда. Алардын ичиндеги эң эле оор кылмышы — мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылуу аракеттери болуп, анын жанында “Кой-Таш “элдик” республикасындагы” локалдык конфликт, курал колдонуу, барымтага алуу сыяктуу ж. б. айыптоолор тек гана прелюдия болуп калары түшүнүктүү. Алмазбек Атамбаевдин өзгөчө психотип катары феномен экендигин айкын көрсөткөн да дал ушул кылмыш! Экс-президент статусунда жүрүп, тээ былтыртан бери эле, “Ак Үйгө таягымды” сүйрөп барууга алым жетет!” — деп жүргөн. Көрсө, оорулуу-улгайган, араң баскан адам катары, өз пикирин укпай калышкан мурунку “досторуна” каршы митингге чыгып, колуна таяк таянып барбай эле, куралданган адамдар тобу менен барып, аларды имараттан кууп чыгып, өздөрү ээлеп алганга даярдана башташкан тура!..

Чындыгында, анын бул былыктарын ошол эле СДПК партиясы боюнча жакын санаалаш болуп жүрүшкөн адамдары ашкерелеп, абийирин айрандай төгө баштагандыгы — күтүлгөн эле иш болчу. Соттук териштирүү өзүнүн логикалык финалына улам жакындаган сайын, мындай “ачылыштардын” дагы көбү ачыкка чыгарын күтө берсе болот… Бул процесс эрте жазда кармалган Шамиль Атаханов дароо кызматташууга барып, экс-президенттин атын атаган кезде эле башталган. Укук коргоо органдары айрым алешемдиктерге жол берип, чуулгандуу кылмыштарды оперативдүү, ыкчам иликтештин ордуна, ыксыз создуктурушуп, ошонун айынан тергөө иштери эми гана сотко өтө баштады. Ал ортодо Бусурманкул Табалдиев сыяктуу чечүүчү фигура болгон айыпталуучу из жашырып жоголду. Кечээ жакында Интерпол аркылуу издөө салынды деп жарыяланды. Буга ишенүү кыйын. Анткени, 2010-жылдагы миңдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кеткен Ош окуясы боюнча айыпталган адамдардын көбү деле издөөгө алынып, анан ошол бойдон баары басылып, жымжырт болуп калган. Айрым Мелис Мырзакматов сыяктуу Кыргызстанда сот өкүмү аркылуу эркинен ажырагандар деле, азыр чет мамлекеттерде ээн-эркин жашап жүрүшөт. Кадыржан Батыров өз ажалы жетип, жүрөгү кармап өлбөсө — аны эстеген киши да болмок эместей туюлат!

Ушуга байланыштуу, Бусурманкул Табалдиевдин (ал кезде УКМКнын төрага орун басары болчу!) тээ 2006-жылдагы парламент трибунасынан Өмүрбек Текебаевден кечирим сурап, өзүн абдан ак ниет, чынчыл жана адилеттик үчүн күрөшкөн чекист катары көрсөтүүгө далалат кылганы эске түшөт. А бул ирет, аты расмий атала да электе эле, дароо куйругун кыпчып, чет жакка жашыруун качып кеткени эле, азыр Атамбаев башкы фигурант болуп айыпталып жаткан кылмышта Табалдиевдин ролу канчалык чоң экендигин тастыктап турат. Баса, экс-ветеринар-акыйкатчы Турсунбек Акун мурдатан бери: мен өзүм эч нерсе айтайын деген деле эмесмин, Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурмакул Табалдиев журналисттерге Батукаевдин оорусу боюнча интервью берип кой дегенинен улам, “Батукаевди тез чыгарбасак, түрмөдө бир айга жетпей өлүп калат!” — деп айткан болчумун деп чыйылдап жүргөнү маалым.

Акыйкатчыны пешка-марионетка катары пайдаланышып, бул ири “бандиттик-коммерциялык кылмыштан” улам маарыгандар эми гана ачыкталууда. Мурдатан 3 млн доллардан 6 млн долларга чейинки ар кандай суммалар жөнүндө айтылып келсе, соңку кездерде Батукаевди бошотуу үчүн кыргыз үлкөндөрү он беш миллион доллар сугунуп алышкандыгы айтылууда. Муну уккан мурунку ветеринар Акундун ичинде ит үрүп, эми Батукаевдин эжеси мага 100 миң доллар бергенмин дегени үчүн эле мен түрмөгө кесилип кетеминби?! — деп бушайман болуп жатканы түшүнүктүү. Экс-акыйкатчы нормалдуу жана өз баркын билген фигура болсо, бул “жарыбаган” сумма үчүн Нарындагы түрмөгө ат тезегин кургатпай, телпектеп чуркабас эле! Анысы аз келгенсип, жалпы элге жек көрүнгөнүнө ичи ачышып жатканынын арты — аябагандай эле аянычтуу болууда…

Кандай болгон күндө да, узакка созулган тергөө иши объективдүү жүргүзүлдү дегенге негиз бар. Дээрлик бир жылга жакын созулган кылмыш ишинин тергелип бүтүп, эми гана сотко өтүшү — прокуратура деңгээлинде үйүлүп калган башка дагы көптөгөн коррупциялык иштер алдында алгачкы карлыгач катары кабылданууда. Анын кандай маанайда өтүп, канчалык адилет жана мыйзамдуу болорунан кийинки өнүгүүлөрдүн көп багыттары тыгыз байланышта болору турган иш. Азыр жалпы коомчулук тарабынан бул кылмыш иштерине өтө зор кызыгуу менен, ынтаа коюп байкоо жүргүзүлүп жатканы да ошондон улам.

Ушундай жагдайда экс-генпрокурор Азимбек Бекназаровдун мыйзам актыларына да “кыргызчылыктын” өң-түсүн берүү аракети көптөгөн кошумча суроолорду жаратууда. Анын президент Сооронбай Жээнбековго камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышы — логикага сыйбаган бир нонсенс! Муну айылдан келген сабатсыз абышка айтса да түшүнсөк болот эле. Адамгерчилик, салт-санаа жана башка улуттук менталитет алкагынан чыга албаган критерийлерден улам болууда го деп!.. Ал эми экс-генпрокурордун мындай сунушу — кылмышкерлерди деле ар кандай категорияларга каалагандай кылып бөлүштүрүп, алардын жеке статусуна жараша дифференциялай берсе болот тура деген ойго түртүүдө!..

Асыресе, Кыргызстан Сооронбай Жээнбековдун президенттик тушунда биротоло мыйзамдык-укуктук талаага багыт ала баштады деп айтууга негиз жаралууда. Бул жол эч кыйшаюусуз жана да альтернативасыз болууга тийиш. Ансыз биз жалпы кыргыз улутунун Кудайдан берилген энчиси болгон “Кумтөрдү” чет жактан келишкен шылуундарга сатып жиберишип, өздөрү байып алышып, чет жакта жыргап жүрүшкөн мурдагы президент баштаган үлкөн чиновниктердин баарын кечирүү керек, актоо керек, Кыргызстанга алып келип, аларга түрмөдөн эмес, — жарандык жашоодон абдан сыйлуу орундарды берүү керек деген сыяктуу сунуштардан башыбыз чыкпай калат.

Азимбек Бекназаровдун жакында берген пресс-конференциясында деле негизги лейтмотив жалпы улуттук ынтымак, өлкө тынчтыгы жана биримдиги сыяктуу идеялар менен коштолгону менен, жалпысынан алганда, маалымат жыйынына чакырган инсандын өзүнүн жеке инсандык саясий бейнеси сымал эле, карама-каршылыктуу суроолорду жараткандыгы да ушундан улам. Али биротоло чечиле элек Малайзиядагы элчилик (ага чейин Турция, Азербайжандагы элчиликтер) сунушталганын да билдирип, өзү атаган бир катар талаптар аткарылбаса — ойлонуп көрөмүн! — дегендей мааниде сүйлөшү, мамлекеттик жетекчилерди шантаж кылган сыяктуу сезилери анык.

Дегеле, алдыда парламенттик шайлоо жакындап келе жаткандыгын эске алсак, шайлоо жараяны жакындаган сайын, “и нашим, и вашим” деген позицияны карманууга умтулгандар көбөйүүдө. Элдин кызыкчылыгы үчүн күйгөн адам болуп көрүнүп, ошол эле учурда — бийликке жагынууга умтулгандардын саны арбууда. Эл популист саясатчыларга, куру убадаларга эбак эле кекиртегинен чыккандай тойгонун эске алып, конкреттүү кадамдарга баруу, иш жүзүндөгү аракеттерге өтүүчү мезгил келди. Чулгандуу коррупциялык кылмыш иштеринде айыпталып жатышкан ири чиновниктердин тор артында мылжыя жылмайышып, мыйзам, сот, мамлекеттик бийлик дегенди тоготпогондой олтурушканы — Кытайдагы, Япониядагы мыйзам кыйшаюусуз иштеген кырдаалды талап кылууда. Кытайдагыдай атып салуу, асып өлтүрүү ж. б. жазалар бизде каралган эмес.

А Японияда өз ысымын булгап алган мамлекеттик чиновник өзүн өзү жазалап, — камикадзе болуп, харакири жасап, өз жанын өзү кыят. Мунусу ал кылмышкерди абийири абдан кыйнап, ар-намысы ойгонуп кеткендиктен улам эмес — эгерде ал ошол айыптоолор боюнча соттолсо, мыйзам боюнча — анын үй-бүлөсү, жакын туугандары да мамлекет колдоосунан биротоло ажырап калышынан коркушат. Эгерде өз жанын кыйып кетсе — үй-бүлөсүнө, туугандарына айыптоо таркабай калат! Бул жагынан караганда, бизде жалаң кайын энесине, жакын туугандарына катталып калган мүлктөрдү да сот өкүмүнөн соң, кошо конфискациялоо карала турган мыйзамдар иштелип чыгышы туура болот. Ошондо гана коомдун тазаланышы, биротоло мыйзам жолуна түшүшү — кайра артка бурулгус өңүткө өтөт.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *