Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген Ашым Зайналиев камакка алынды

Кечээ, 22-декабрда өзүн рак оорусунан айыктырган табып катары атап жүргөн Ашым Зайналиев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөсүнө чакырылып, ошол жерден камакка алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Айта кетсек, буга чейин мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Ашым Зайналиевке Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан медициналык ишмердүүлүк боюнча уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды кабыл алып дарылап жүргөндүгү үчүн кылмыш-жаза кодексинин мыйзамсыз дарыгерлик кылуу 122-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Ошондой эле айыбы угузулгандан кийин, Ашым Зайналиевке өлкөдөн чыкпоо талабы милдеттендирилген. Тиешелүү лицензиясы жок туруп, бейтаптарды мыйзамсыз дарылоого айыпталган табыптын иши кандайдыр бир себептерден улам жабылып калган. 

Милиция кызматкерлеринин айтымында Ашым Зайналиев дарылаган үйдө учурда 19 бейтап жатат. Алар табыптын үстүнөн арыз жазуудан баш тартышкан. Мындан тышкары, берилген маалыматтарга ылайык, Зайналиевдин жеке бейтапканасында 2016-жылы псориаз оорусу менен жабыркап кайрылган 6 жаштагы бала жана кийинчерээк, 56 жаштагы А.Г.А аттуу аялдын каза болгондугу айтылган.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *