Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Нур-Султанда ипотекачы-кардарлар Токаев менен жолугушууну талап кылышты
Борбордук Азияда

Нур-Султанда ипотекачы-кардарлар Токаев менен жолугушууну талап кылышты

Нур-Султанда 20дай адам Акордонун алдында топтолуп, президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну талап кылышты. Алар ипотекага алган үйлөрү мыйзамсыз сатылып кеткенин билдиришүүдө.

— Банк менин келечектеги үч бөлмөлүү батиримди болбогон тыйынга эле сатып жиберди. Эки жылдан бери балдарым менен селсаяктай болуп жүрөм. Жогорку сот сатуу-алуу мыйзамсыз болгон деген токтом чыгарган. Биз соттошуп жатканда батирдин экинчи ээси үчүнчүсүнө, үчүнчүсү төртүнчүсүнө сатып жиберген. Ипотеканы кайра каржылоо чечими 2015-жылы чыккан. Канча жылдан бери жалгыз үйүм үчүн күрөшүп жатам. Биз Акордого ушул себептен келдик. Токаев бизди кабыл алсын! — деди шаар тургуну Жумакул Алпысбайкызы.

Акордонун аймагын кайтарган полиция кызматкери карантин чаралары күчүндө экенин эске салып, көп киши чогулганга болбой турганын айтты.

Акордодон алардын көйгөйүн угуу үчүн эч ким чыккан жок.

Нааразы топ билдиргендей, ипотекалык насыяны кайра каржылоо үчүн өкмөт 44,6 миллиард теңге бөлгөн. Бирок жарандардын көйгөйү чечиле элек.

Казакстанда ипотеканы кайра каржылоо программасы 2015-жылы жазда иштей баштаган. Программанын биринчи айлампасы 2004-2009-жылдары насыя алган, үйлөрү жок жарандарга багытталган. Бул үчүн 130 миллиард теңге бөлүнгөн. Расмий маалымат боюнча бул программа боюнча 28,3 миң киши жардам алган.

Программанын экинчи бөлүгү чет өлкөлүк валюта менен 2016-жылдын 1-январына чейин бериген ипотекалык насыяларды каржылоого багытталган. 1-сентярга карата 9,2 миң арыз келип түшкөн, алардын ичинен 7,9 миңи канааттандырылган. Чет өлкөлүк валюта менен берилген насыяларды кайра каржылоо мөөнөтү быйыл 31-декабрда аягына чыгат.

Буга чейин ипотекачы-кардарлар кайра каржылоо маалында алардын карызы эки эсеге көбөйүп кеткенине даттанышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рекомендуемые

ЮНИСЕФ: в Таджикистане выявлено более 3 тысяч «детей-невидимок»

Этнический казах в аэропорту Ташкента просит не выдавать его Китаю

Эпидемия о которой умалчивают в Туркменистане

Оставить комментарий