Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Өкмөт үйүндө убактылуу өкмөттүн курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Политика

Өкмөт үйүндө убактылуу өкмөттүн курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Бүгүн, 6-октябрда Өкмөт үйүндө оппозициячыл партиялардын лидерлери чогулуп, убактылуу өкмөттүн курамын түзүү боюнча жыйын өткөрүп жатышат.

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элди имараттын ичине киргизбей жатышат. «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев сыртта турган калың эл менен жолугуп, премьер-министрликке Садыр Жапаров сунушталып жатканын билдирди.

Ал кечке чейин чечим чыга турганын кошумчалады.

Өкмөт үйүнүн жанында бир топ адамдар күтүп турушат. Ал жерде «Ыйман Нуру», «Реформа» жана «Чоң казат» партияларынын өкүлдөрү да бар.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий