Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Өлкөдө дагы 91 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, ал эми илдеттен каза болгондор катталган жок
Коом

Өлкөдө дагы 91 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, ал эми илдеттен каза болгондор катталган жок

Бүгүн, 19-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 91 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 9, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 6, Ош облусунан – 17, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 12, Баткен облусунан – 30 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 45 335ке жетти. 

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 69 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 41 484кө жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 8 адам; Чүй облусунан – 1 адам, Ош облусунан – 10, Ош шаарынан – 3, Талас облусунан – 6, Баткен облусунан – 18 адам, Жалал-Абад облусунан – 18, Ысык-Көл облусунан – 5, Нарын облусунан – 16.

Өткөн сутка ичинде илдеттен каза болгондор катталган жок.

Оставить комментарий