Өмүрбек Текебаев: «Мен түрмөдө олтуруп Үсөн Сыдыков, Тойгонбай Калматов акелерге суктандым, алар «мамлекеттик төңкөрүш» беренеси менен олтурушту, а мен «коррупция» менен»

«Мен түрмөдө жалгыз камерада 1000 күндөй жаттым… УКМКнын жер төлөсүндө Тойгонбай Калматов менен бирге жатып калдык. Суткасына 1 саат короого чыгарат, бири-бирибизди көрбөйбүз, 4-5 метрдик дубалдын ичинде ар ким өзүнчө басат, асман тарабы темир тор, анан дубалдан кыйкырып бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз. Тойгон аке ошол жерде да сынбай, бакылдап, Атамбаевдин келечегин айтып, ушундай болот деп айтып турду. Кайраттуу адамдар көп экен», – деп билдирди бүгүн, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып.

«2010-жылы 13-майда контрреволюциялык төңкөрүш болгон. Ошол төңкөрүштү уюштургандар камалган. Ошолордун бири Үсөн аке Сыдыков эле. Анан мен майдын аягында УКМКга барсам, төрагасы Дүйшөбаев «акаң менен жолугуп кетпейсинби» деди. Мен макул деп Үсөн аке менен түрмөдөн жолуктум. Ошондо ал айтты «Өмүрбек, мени чыгарбайсыңарбы?» деп. Мен айттым, «референдум бүтсүн, анан көрөбүз» деп. Анда ал «оой, 2 ай бар экен ага чейин мен чыдабай өлүп калам го» деди. Ошондо мен Үсөн акеге «Үсөн аке, сиз тоок уурдап же кой уурдап түрмөгө түшкөн жоксуз, элдин энчисин уурдап бюджетке кол салып, түрмөгө түшкөн жоксуз. Сиз мамлекеттик төңкөрүш кылам деп түрмөгө түштүңүз. Дүйнөдө көп элдердин лидерлери так ушул берене менен түрмөгө олтуруп чыгышкан. Ошон үчүн жер карабаңыз, сынбаңыз, эки ай чыдаңыз» деп айтып чыккам. Мына мен түрмөдө олтуруп Үсөн аке менен Тойгон акеге суктандым, анткени алар «мамлекеттик төңкөрүшкө аракет» беренеси менен олтурушту, а менин беренем «коррупция» болчу. Өмүр бою коррупцияга каршы күрөшүп жүрүп, эми өзүм коррупционер боломбу, андан көрө ошол Үсөн аке менен Тойгон акенин беренесин мага берсе 20 жыл болсо да ошолордун ордуна олтуруп чыкканга даяр элем деп далай жолу аларга суктангам», — деди Текебаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *