Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Ош шаарынын аэропортуна белгисиз адамдар кирип келип, директорду сабап кетишти
Политика

Ош шаарынын аэропортуна белгисиз адамдар кирип келип, директорду сабап кетишти

Ош шаарында белгисиз адамдар аэропортко кирип, директор Талант Исаковду уруп кетишти. Ал эс учун жоготуп койду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар жетекчисинен креслону бошотууну талап кылып, экс-мэр Мелис Мырзакматовдон келишкендигин айтышты. Ал бүгүн Ошко учуп келмек.

Учурда абал туруктуу. Мырзакматовдун тарапкерлери дагы деле болсо аэропортто, шаардык муниципалитеттин мурдагы башчысынын келишин күтүп жатышат.

Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэриясын жетектеген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши козголгондон кийин ал республикадан качып кеткен.

2015-жылы Ош шаардык соту Шералы Камчыбековдун төрагалыгы алдында түштүк борбордун мурдагы башчысын күнөөлүү деп таап, сыртынан жети жылга эркинен ажыраткан. Экс-мэр издөөгө алынган.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий