Өткөөл мезгил жана парламенттик өлкө

Азыркы күзгү оомал-төкмөл, туруксуз аба-ырайы Кыргызстандагы учурдагы коомдук-саясий кырдаалдын күзгүдөн так чагылып турган элеси сымал да сезилет. Бир жагынан карасаң, быйыл кыш абдан катуу болот экен, өтө эле эрте жана күтүүсүз түшөт экен дешсе, экинчи жагынан — эч нерсе болбогондой эле, баягы көнүмүш, жана да азырынча эч кандай оптимисттик маанайларга негиз бербей турган илең-салаң турмуш агымы өтүүдө…

Парламенттик республикага өтүү алдында турабыз деп (деги канчанчы ирет өткөөл мезгилди баштан кечирүүдөбүз?!), бул жагынан КМШ аймагында эле эмес, дегеле жалпы цивилизациялуу дүйнө жүзүндө абдан алдыга кеттик деп ооз көптүргөнүбүз менен да, — республикалык парламентибиздин реалдуу абалы ушул, шайлоочулар гана нааразы болуп тим болбостон, мышык ыйлап жиберчүдөй деңгээлге жетип калды…

Азыркы УКМКнын убактылуу кармоочу жайында эс алып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күчкө салып (формалдуу түрдө баары мыйзамдуу болгону менен да!), жасалма жол менен, Конституцияга шашылыш киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө эске алган жан жок. Ал жаңы кошумчаларга ылайык, кийинки кирип келе жаткан 2020-жылдан тартып, биздин өлкө толугу менен парламенттик республикага айланып, реалдуу административдик-башкаруучу, чарбалык-экономикалык рычагдардын баары тең бир гана өкмөттүн карамагына өтүп, президенттик бийликке өкүлчүлүк ыйгарым укуктар гана калтырылышы каралган. А бизде андай маанайдан азырынча шыбырт да жок. Дале болсо, баары тең президенттин айланасында чимирилип бийлеп, анын көзүн карап жүрүшөт. Демек, Конституция деле, андан башка маанилүү мыйзамдар деле — кагаз жүзүндө гана калууда!..

Бул өңүттөн караганда, кийинки келген парламент эл күткөндөй тың чыгып, баарын тең өз көзөмөлүнө алып, кыйшаюусуз аткарылышын талап кылууга жетише алса гана учурдагы абага асылгандай абал, акыры оң жагына өзгөрүшү мүмкүнбү деген үмүт-ой жаралат. Анткен менен, мындай таттуу кыялдар реалдуу жагдайларга келгенде ишке ашышы өтө кыйын экендиги маалым. Себеби, ошол эле электорат, ошол эле шайлоочулар, ошол эле тандалып алынуучу “материал” — депутаттыкка талапкерлер калууда.

Шайлоо кодексине билинер-билинбес гана өзгөртүүлөр киргизилип (өтүүчү барьердин 7%дан 9%га көтөрүлүшү сыяктуу), принципиалдуу маанидеги, келечектеги кардиналдуу өзгөрүүлөрдү шарттай ала турган толуктоолор өткөн жок. Дегеле, азыркы парламенттин жүзүнө тигиле карап, ар тараптуу талдоодон өткөргөн соң, биздеги шайлоо системасына партиялык тандоо ыкмасы өтө эрте киргизилгенине аргасыздан ынанууга мажбурланасың. Пропорционалдык-мажоритардык системаны сактап калуу жолу менен эле, адегенде партияларга парламенттен 25%дан ашпаган орун берилип, андан кийинки шайлоолордо бул көрсөткүчтү уламдан-улам 5 пайызга гана, акырындап көбөйтүп жүрүп олтуруу менен гана, акыр келип 50% жеткенде биротоло токтотуп салуу максатка ылайыктуу болмок. Бул жагдай жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан саясий партиялардын атаандашуусуна жол ачып, алардын өсүүсүн шарттамак!..

Азыркы көп партиялуулук шартында, албетте, мурдагы коммунисттер сыяктуу элдин калың катмарына чейин сиңген массалык партия болушу кыйын. Арийне, шайлоо болор алдында шашылыш түзүлө калып, курамында 3 (үч!) миңден баштап, ашып барса 30 (отуз) миңге жетпеген мүчөлөрү бар партия сымал аталыштагылардын жалпы элдин, электораттын өкүлүбүз дегендери — абдан катуу ойлонто турган маселеге айланууда. Жалпы Кыргызстандын аймагында таасирдүү саясий күчкө айланып, жалпы элдин кызыкчылыктарын камсыз кыла аламын жана бардык деңгээлде эл өкүлү болуп бере аламын деген сыяктуу талаптарга умтулган партия — бери эле болгондо жалпы калктын 10 пайызын, же 600 миң адамды өз катарына тартууга жетишип, алардын күнүмдүк көйгөйлөрүнөн тартып, келечек максаттарына чейин жакшы билип, ошол эл жана электорат менен кошо чогуу жашап, сүйүнүчүнө кошо сүйүнүп, кайгысына кошо кайгыра тургандай болушу ылазым. Тилекке каршы, азырынча андай партия бизде жок жана жакынкы арада карааны көрүнөт деген үмүт да али жарала элек!..

Кээде ыгы келсе да, келбесе да кыр көрсөтүп, биз силерден кыйынбыз дегенчелик кылып, көтөрүлүп калмай адаттары бар казак баурдастарыбыздын алдында кыргыздардын аброюн биротоло сындырып салгандай эле болду. Чет элдик башка синхрондук котормо аркылуу уккандары го — текстти чала жаттаган чабал декламатордун сөзүнүн түпкү маанисине анчейин түшүнүшкөн деле жок.

Бир кезде менин бир казак досум кыргыз акынынын ырын түпнускадан окуп алып, “Ой-ба-ай, шыныгы поэзия дегениң солай болат тура!?” — дегендей, биздин спикердин “шыныгы” деңгээли да, канчалык жашырган менен да, акыры ушинтип ачыкка чыгып калды. Дегеле, “квота” аркылуу, баланча региондун кадрлары деген ой менен гана, эң жогорку бийлик кызматтарына кокусунан келип калышкан талиева, кудайбердиева, жумабеков, мамытов сыяктууларды чет жактагыларга көрсөтпөй, ички “муктаждыктарга” гана пайдалануу — Кыргызстандын эгемен мамлекет катары престижин эл аралык деңгээлде сактоого ылайыктуу болмок.

Спикер — парламенттин жүзү. Анткени, чабал, марионетка сымал парламентке күчтүү лидерлик сапаттарга ээ болгон спикердин деле кереги жоктугу түшүнүктүү. Кечээ жакында 5-телеканалдан КРСУнун профессору Марат Суюнбаев айткандай, биздеги сабаттуулук спикердин деңгээлинен бери эле аксап келе жатат. Ушундан улам бир ой жаралат — бул профессор орус-славян университетинде эмес, башка бир мамлекеттик окуу жайында иштесе, албетте, мындай оюн теледен ачык айта алмак эмес. Айтчу саналуу кишилер табылса да, алар дал ошол замат баягы эле бийлик партиялары аркылуу бийликке келишкен ректорлор аркылуу дароо чокуга чабылып, Кыргызстандан ансыз да сыртка чыгып, эми Россияга, Казакстанга батпай, дүйнө кезип кеткен жумушсуздардын армиясына кошулуп калмак… Биздеги өздөрүн элитабыз дешкендер да, дал ушундай, жеке өздөрү үчүн абдан ыңгайлуу системаны түзүп алышты. Сөз жүзүндө демократия, сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги бар, а бирок, иш жүзүндө — алардын баары азырынча куру сөз бойдон гана калып калууда.

Мындан бир аз мурдараакта өздөрүн “Чимкирик парламент” дегенди угуп алышып, буга безге сайгандай болушуп, абдан катуу чычалашып, парламент трибунасынан чоң талкууга айлантып жибере жаздашкандай, эмнегедир, бул ирет унчугушкан жок.

Аргасыздан моюнга алуу керек. Тантырап, туш келди сүйлөсө да, ойду-тоону ойлонбой айта берчү Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрү да, кээде бытыра атканда айрым октор кокусунан эле бутага дал тийип калгандай болуп калчу. Демек, “элиталар” бекеринен чычалашкан жок да деген ой өзүнөн өзү келет… Парламенттик республика деген атка конуу алдында турган кезде, дал ушундай абалда турганыбыз — канчалык өкүнүчтүү?!

Чын-чынына келгенде, “легендарлуу парламент” деп аталган, эгемендик доорундагы эң алгачкы чакырылган парламент кеткенден бери, биздин депутаттар айтылуу Медеткан Шеримкулов сыяктуу спикерге жарыганын көрө элекпиз. Эл дагы өздөрүнүн чыныгы өкүлдөрүн көрө алдык деген парламентке жарый элек. Анча-мынча гана “жылт-жулт” этип, саналуу фигуралардын карааны көрүнө калбаса, алардын үнү да, сөзү да жалпы хордун фонунда дээрлик угулбай келет.

Анын ордуна, “ун мафиясы”, “арак мафиясы” деген сыяктуу коррупциялык чыр-чатактардын чети чыгарылып, алардан парламент өкүлдөрүнүн, болгондо да — фракция лидерлеринин караандары көрүнүүдө. Асыресе, “ун мафиясынын” бардык көмүскө жагдайларын мыйзам чегинде иликтөө атайын укук коргоо органдарынын иши. Ошентсе да, СДПК фракциясына байланыштуу Бишкек арак заводунун, жана да “Кыргызстан” фракциясына байланыштуу — “Аюу” фирмасынын (арак-вино тармагындагы монополисттердин бири) аталышы жалпы парламентке көлөкө түшүрбөй койбойт. Мурдараакта Бишкек шампан комбинаты кандай жолдор менен банкрот кылынгандыгы, жана да анын шаардын чокортосундагы гектарлаган аймактары кантип жең ичинен сатылып, кандай жолдор менен көп кабаттуу үйлөр жана башка имараттар курулгандыгы ачыкка чыккан. Бул тармак дегеле банкрот болбой турган, сууга салсаң чөкпөй турган, отко салсаң күйбөй турган тармак экендиги түшүнүктүү (арак, ун ж. б. күнүмдүк керектелүүчү кирешелүү тармактар сыяктуу эле!), демек, аны атайылап, арам ойлуу бирөөлөр жасалма банкротко жеткирип, “өлгөн” соң, жорулардай тарпты туш-тушка бөлүп алышкан десек, бул логикалуу версияга кыйла жакындап барат!..

Ал эми Бишкек арак заводун менчиктештирүү Алмазбек Атамбаевдин жана “Убактылуулардын” бийлигине туш болуп, абдан чоң резонанстуу, чырдуу чуру-чуулар менен коштолгондугуна карабастан, жеке менчик колго өтүп кеткен. Ал шампан комбинатынан да кирешелүү жана бай, ээлеген территориясы боюнча да алда канча престиждүү аймакта жайгашкандыгы маалым. Ушундан улам, коомчулуктун пикирин чымын чаккандай да көрбөй, ары-бери будамайлап, менчиктештирип жиберишкендиги ар кандай жоромолдорду пайда кылат. Ошол өткөөл, чынында да сөздүн чыныгы маанисинде “убактылуу” бийликте (биз дагы канча бийликте тура алабыз? Эртең башкалар келип кууп чыгышпайбы? Же биротоло эле, төңкөрүш жасадыңар, Бишкектеги 100гө жакын бейкүнөө адамдын канына забын болуп, Ош окуясында миңдеген жарандардын курман болуп, дайынсыз жоголушуна себепкер болдуңар дешип, узак мөөнөттүү түрмөгө тыгып салышпайбы?! — дешип, олку-солку болушуп, жүрөкзаада болушуп, эртеңки күнүнөн үмүттөрү бекем болбой, чет жактардан дагы “на свякий случай” запастык аэродромдорду жасап жатышкан кезде, балким, колдору чыканагына чейин эмес, ийиндерине чейин жеткенче жеп-жутуп, алдарынын жетишинче уурдап-тоноп, катып алышканга умтулушкандыр?..

Бишкек арак заводунун ээси СДПКнын спонсор-кошелогуна айланышы, кийинчерээк спикер болуп калышы ушундай ойлорго түртөт. А кийинки президенттик шайлоодо болсо, акча жытына ашыкча мас болуп кетип, “Кадырлап турса кең Мекен, Каныкей болуш эмне экен?!” — демекчи, “Акчаң батпай жатса чөнтөктө, Ажо болуш эмне экен?!” — деген сымал, президенттик кызматка талапкер болууга да талпына баштагандай абалга жетти. Кожоюндары акырын башка чаап, ары олтурчу, унчукпай, дешкенде гана, эсине келе калып, коңулга киргенсиди…

Азыр парламенттин таркатылышын, же анын самороспускка барып, өзүн өзү таркатышын каалагандар арбыды. Азырынча коомчулук талабы “Борончу” баштаган айрым артисттердин оозу менен айтылууда. Кыш катуу болот, күтүүсүз эрте келет деген сымал гана “бороондуу мезгилдин” белгилерин байкоо кыйын.

Туура, пенсиялардын 1-октябрдан баштап көбөйүшүндө айрым кыйыр белгилер бар. Эң соңку маалыматтарга караганда, өлкө боюнча пенсионерлердин саны 700 миңге чамалап калды (тагыраагы 680 миңден ашуун!), бул армия — добуш берүүдө эң чоң күч! Мугалимдердин айлыгы дагы октябрдан көтөрүлдү. Бул катмар добуш берүүчү гана эмес, шайлоо кампанияларын уюштуруудагы негизги мотор-кыймылдаткычтардын бири экендиги талашсыз. Демек, бардык күчтөр кезектеги шайлоого акырындап, тымызын даярдыкты күчөтүүдө…

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *