Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Өзбекстан 2019-жылы ID-картага өтөт
Центральная Азия

Өзбекстан 2019-жылы ID-картага өтөт

Өзбекстанда 2019-жылдан тарта жалпы жарандык паспорттордун ордуна идентификациялык караталар (ID-карта) киргизилет.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан иштелип жаткан «Жигердүү ишкерлик, инновациялык идеялар жана технологиялар жылы» программасынын алкагында өлкө ичинде колдонуу үчүн ID-карталарды киргизүү жана учурдагы биометрикалык паспортторду чет өлкөлүк деп таануу каралган.

Буга чейин Өзбекстан 2019-жылдын 1-январынан тарта чет мамлекеттерге чыгуу үчүн жаңы паспортторду киргизип, учурдагы биометрикалык паспортторду өлкө ичинде гана колдонуу үчүн калтырууга ниеттенип жаткан.

Бирок атайын түзүлгөн жумушчу топ бардык пикирлерди угуп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен ID-карталарды киргизүү чечимин кабыл алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рекомендуемые

Узбекистан и Таджикистан завершают демаркацию госграницы

Срок заключения «народного генерала» Саида Киёмиддина Гози сокращен на 18 лет

Арестован журналист, освещавший проблему принудительного труда на хлопке в Узбекистане

Оставить комментарий