Өзбекстанда Daewoo textile ишканасынын жумушчулары эмгек шарттарына даттанууда

Өзбекстанда кездеме өндүрүү менен алектенген Daewoo textile өзбек-корей биргелешкен ишканасынын Фергана облусундагы өкүлчүлүгүнүн жумушчулары эмгек шарттарына даттанып жатышат.

Алардын айтымдарында, ишкана жетекчилиги кол алдындагыларды кемсинтип, начар мамиле кылат.

«Биздин өкүлчүлүктүн жетекчилигине Pak Tea Sun келгенден бери жумушчулар кыскартылып, бизге начар мамиле жасала баштады. Түрдүү себептер менен урушуп, кемсинтишет. Жумушубузду сактап калуу үчүн чыдап келатабыз. Мен профкомго арыз жазгам, бирок жооп болгон жок»,— деди жумушчулардын бири.

Ишкананын дагы бир кызматкери акыркы жылдары анда абал кыйла начарлап кеткенин билдирди. «Жердешчилик аябай күч алды. Буга чейин бизде андай жок болчу. Чет өлкөлүк менеджерлер менен жакын мамиледеги адамдар жумушка кимди алып, кимди бошотуу керектигин өздөрү чечишет. Алар биз жетекчиликке жүгүнүп турушубуз керек деген эреже киргизишти. Балким Түштүк Кореяда бул салт чыгаар, бирок өзбектерде көбүрөөк кемсинтүүгө жакыныраак», — деди ал.

Өзбекстанда төрт өкүлчүлүгү бар «Daewoo Textile» компаниясы кездеме, жип өндүрүү менен алектенет. Төрт миңден ашык адам эмгектенген ишканада өндүрүлгөн өндүрүм толугу менен экспортко жөнөтүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *