Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу оппозициянын негизги талабы болгон жана ал аткарылды.

Ошондой эле, ал азырынча биз жаңы шайлоонун күнү белгилене электигин кошумчалады.

Буга чейин Райымбек Матраимовду, Искендер Матраимовду, Тилек Матраимовду камакка алууга санкциялар киргизилгени маалымдалган. Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгү учурунда ири көлөмдөгү бурмалоолорго катыштыгы бар адамдардын бардыгы камакка алынат.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда күндүз ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кечинде митингчилер менен күч кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш агызуучу газ, суу, кулакты тундуруучу каражаттар колдонуп митингчилерди аянттан сүрүп чыгаруу аракети болду. Бирок, буга карабастан митингчилер Ак үйдү басып алып, 7-кабатка чейин кирип барышты.

Андан кийин митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков да эркиндикке чыкты. Митингчилер камакта жаткан мурдагы саясатчыларды бошотууну көздөп жатышат.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *