Партиялар парадга даярданууда!..

Өткөн апта ичиндеги урунттуу саясий окуялар түрмөгүнө көз жүгүртүп олтурсаң, накта драмалуу сценаларга, же бардык закондору сакталган трагедияларга да, трагикомедияларга да туш болосуң…

Алардын ичинен жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруп, ал тургай, коомдук-саясий барометрди кыйла чыңалтып, саясий аба-ырайын да алай-бүлөй кылып, өзгөртүп жиберүүгө карата жасалган аракеттер да болду. Албетте, чоң саясатта болуп келген жана да боло бере турган андай “кирди-чыкты” окуялардын тизмегине саресеп салуунун алдында, өлкөбүздүн расмий саясатындагы урунттуу багыттарга көз кырды салып өтүү абзел…

Президент Сооронбай Жээнбековдун парламентке барып сүйлөгөн сөзү коомдук маанайда жаңыдан гана жаз алды менен кошо пайда боло баштагансыган күмөндөнүүлөрдүн, ар кандай революциячыл тополоңдордон үмүт кылгандардын, дегеле, бардык саясий спекуляциялардын айланасындагы түкшүмөлдөргө чекит койгондой болду. Болгондо да, — ​илеп белгилүү чоң чекитти! Эми эмне демекчибиз? Дал ушундай болмок! Ушундай болору көптөн бери эч кандай шексиз күтүлүп жаткан…

Эски досунан биротоло айрылып, өзүнүн келишкис (непримиримая!) оппозицияга өткөнүн расмий түрдө жарыялаган экс-президент Алмазбек Атамбаев “ээси келсе — ​бээсин бер” деп, кайра өзү төрага болуп калган СДПК партиясынын иштерин жандантуу аркакеттеринин баары азырынча текке кетүүдө. Анткени, бул партиянын ичиндеги ажырымдан кийин эң күчтүү делген партия деле өз туруш-турпатын жана ички дараметин мурунку калыбынан жазбай сактап кала алмак эмес!..

Бардык түркүн-түстүү протесттик электоратты өз айланасына чогултуу, бекемдеп-бириктирүү оңойго турбас иш. Андай максатты ишке ашыруу үчүн узак убакыттуу, күнүмдүк чоң түйшүктөрдү да талап кылган, кажыбас кайрат менен коштолгон далалаттар зарыл. Ал эми азыркы саясий партия деп аталган ар кандай убактылуу коомдук бирикмелердин лидерлери мындай иштерге такыр жөндөмсүз.

Бир жагынан, андай “майда-түйшүктүү” эмгекке моюндары жар бербесе, экинчи жагынан, азыркы саясатчылардын дээрлик баары тең түз эле шайлоого аттанып барып, ал жактан добуштарды сатып алып, конкуренттери менен жакалашып-мушташып, же соттошуп жүрүп жеңип алуу “методун” гана жакшы өздөштүрүп алышкан.

Буларда партиялык идеология, программа деген олуттуу түшүнүктөр турмак, эртеңки күнү эмне болорун жана кандай иштер менен алек болорун билишпей, башы маң болуп, көкмээ болгон койлордон бетер, саясий агым ташкыны кайда айдаса, дал ошол жакка карай кете берүү керек деген “ойлор” дайыма басымдуулук кылып келет. Партиянын идеясын, программасын ишке ашыруу үчүн күрөшүү аракети дегеле болгон эмес жана жакынкы аралыктарда күтүлбөйт!..

Дал ошондуктан улам, дээрлик эки жума бою элди дүрбөтүп, (мындан бир жарым жыл мурда, — ​президенттик шайлоодон кийин, “ден-соолугун чыңдап, дарылануу үчүн” (!) башка өлкөгө чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов, сыягы, шайлоодон кийинки бир топ козголгон нерви, жана да абдан майышып, алдан тайган ден-соолугу калыбына келип калса керек), “Барамын эле барамын!” — ​деп булкунуп, ансыз да экс-президенттин ошол тушта жасаган “азыркы бийликке дагы эки айлык мөөнөт берүү” ультиматуму менен дал келип, коомдук-саясий маанайдын ого бетер чыңалуусуна гана алып келди.

Анан түштөн кийин, триумф менен кайтып келүү максаты оңунан чыкпай калган соң, Бабановдун: “элдин тынчтыгы мен үчүн баарынан кымбат” деген сыяктуу билдирүүлөр менен чыгышы, нукура трагикомедиялуу жагдайды жаратты.

Асыресе, Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги сөзүндө “эч кандай ультиматум кабыл алынбасын, бардык маселелер мыйзам чегинде гана чечилерин” жарыялашы, жаңы президентибиздин социалдык-экономикалык багыттагы аракеттери абдан жай жана өтө кыйынчылык менен жүрүп жаткандыгына, алиге чейин жасалган ийгиликтери дээрлик көзгө көрүнө электигине карабастан, коомдук-саясий багытта, өлкөнүн эң башкы — ​стратегиялык маселелерине келгенде, дале болсо өтө чечкиндүү жана кайратынан моюбас эрктүүлүгүн айкындап турат.

Башкача болушу да мүмкүн эмес. Элдин, өлкөнүн тагдыры менен ойноп, өз жеке кызыкчылыктары үчүн ар кандай эксперименттерди жасап, улам ар кайсыл тобокелчиликтерге бара бергидей — ​биз уруучулдук-феодалдык деңгээлден жаңы гана өтө баштаган африкалык артта калган мамлекеттерден эмеспиз!

Жада калса, алардын ичинен да, жаңы XXI кылымда алдыга кеткендери, өнүгүүнүн демократиялык жолундагы бардык талаптарды эч кыйшаюуусуз аткара билүү боюнча бизден алдыга озо баштагандай сезилет. Ушунун өзү эле биздин элитаны, мамлекет жетекчилерин намыстандырышы керек го, акыры?!

Саясий ультиматум коюп, “эч күнөөсүз камалган жигиттерди” айтып, бийлик тарабынан жасалып жаткан айрым аракеттерди тез арада токтотуу талабынын өзү абсурд! Кызык, бийлик өз функцияларынан такыр эле четтеп, эми бир партиянын жана анын лидеринин гана кызыкчылыгы менен алектениши керек бекен?!

Коррупция менен күрөшүү дагы эле ырааттуу түрдө, чечкиндүүлүк менен улантыла бериши керек. Муну жалпы эл жапырт колдоого алууда. Дал ошол чет жактардан келген тендерлерден, гранттардан өөнөп калуу аракети, мамлекеттик-чарбалык кызыкчылыктардан да жеке пайда табууга умтулуудан улам экономикабыз очойгон бойдон калып, такыр бутуна тура албай жатканы жалпыга маалым.

Демек, дайыма Мыйзам талаасында гана аракет кыла билүүгө үйрөнүү, мыйзамдардын бардык учурларда үстөмдүк кылышы — ​биздин коомго азыркы тапта аба менен суудай эле зарыл.

Президент тарабынан 2020-жылдагы жакындап келе жаткан парламенттик шайлоолордо бардык партияларга бирдей шарттарды жана талаптарды камсыз кылуу керектиги да баса белгиленди. Ушуга байланыштуу жана да “Бабановдун бакырыгына” карата айта кете турган нерсе — ​“Республика” партиясынын келечеги да биротоло татаалдашып, бүдөмүк болуп калганы түшүнүктүү. Эгерде мурдагы президенттикке талапкер — ​азыркы статусу такыр түшүнүксүз болгон адам — ​же саясий качкын эмес, же убактылуу мигрант-жумушчу эмес, же Интерполдун издөөсүндө жок! — ​мынчалык чуру-чуу салбай эле, бир жылга жетип-жетпеген убакытта кайрылып келип, эч кандай популисттик кадамдарсыз эле, өзүнө козголгон мурдагы кылмыш иштерин жабууга жетишсе, абал азыркыдан такыр башкача түзүлмөк.

Анын Оштун Он-Адырындагы сүйлөгөн сөзү боюнча эксперттердин чыгарган жыйынтыгы оң чыкканы белгилүү. Ал эми “мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылуу” беренеси боюнча — ​саясий кампаниядагы өнөктөшү — ​“Кыргызстан” партиясынын лидери, депутат Канат Исаев биротоло акталып чыгып, парламентте депутаттык креслосунда кебелбей олтурат. Кыскасы, соцтармактардагы Бабановду суу жүрөк-коркок дегендердин басымдуулук кылганы бекеринен эмес!..

Чынында эле, мурдараак эле келсе, дал аэропорттон колуна кишен салынган күндө деле, ашып барса эки-үч ай камакта олтуруп, андан соң, биротоло акталып чыкмак. Саясий аброю да артмак. Тилекке каршы, саясий интуициясынын начардыгынан, алысты көрө албаган сокурдугунан жана да чоң саясатчы катары батыл, чечкиндүү кадамдарга барууга жөндөмсүз болгондуктан улам, ал өз абалын мурдагыдан да татаалдантып алды.

Эми анын кайтып келиши тууралуу айтылар замат эле, “Бабанов Атамбаевге кошулуптур, алар биргелешип революция жасашат экен!” — ​деген сыяктуу жоромол-версиялар айтыла баштайт. Кыскасы, Бабановдун дүрбөлөңү накта трагикомедиялуу финал менен аяктады. Анын партиясы да ар кандай саясий акцияларды жасоо аракети менен бирге, лидеринин мындан аркы тагдырын биротоло туюкка камап салгандай болду. Тек гана кадыресе жарандай, эч кандай чуру-чуусуз эле келип, соттук териштирүүгө барыңыз, ошондо сот тарабынан адилетсиздиктер орун алса, биз сизди колдоп, акыры аягына чейин туруп беребиз! — ​деп үндөшкө жарашкан жок.

Дегеле, Бабановду мынчалык чоң салтанат менен тосуп алгыдай, ал ким? Аятолла Хомейни болуп калганбы? Мындан кырк жыл илгери Ирандагы ислам революциясында, алыскы Францияда саясий башпаанек таап, бозгунчулукта жашап жүргөн руханий-диний лидер келгенде жалпы эл кубана тосуп алганын түшүнсө болот!

Дале болсо, “Республика” партиясынын лидеринде өлкөгө саясий чечимдердин негизинде гана кайтып келүү жолу калгансыды. Балким, 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордо анын партиясы бийлик партиялары менен өз ара электораттарды бөлүштүрүү жана саясий атаандаштарга каршы биригүү багытында сүйлөшүүгө жетише алар. Башкача айтканда, колунда бардык рычагдары бар, ар кандай маневрларды жасоого жетишерлик мүмкүнчүлүктөрү жана кубаты бар бийлик партиялары азырынча жарала элек. Демек, бийликке кызмат кылуу, анын кызыкчылыгы үчүн жардам берип, ушул жол аркылуу кайтып келсе болот деген гана, — ​өтө тар жана анча ишенимсиз чыйыр калгандай туюлат.

Арийне, бул жерде да саясий күрөшсүз, атаандашуусуз эч нерсе өзү эле келбейт. Себеби, кийинки парламенттик шайлоолордогу партиялар үчүн чектелген барьер 7 пайыздан 9 пайызга чейин көтөрүлө турган болсо, өздөрүнүн парламент аренасынан орун албасын алдын ала ачык сезишкен жана өздөрүн партия деп атап алышкан ар кандай коомдук-саясий кошулмалар дал ошол “күнөстөгү ору” үчүн, башкача айтканда, бийлик партияларынын канатынын калкасында өтүп кетүү үчүн жана-алакетке түшүп, жанталпас боло башташат.

Ошентсе да, “Республиканын бул айдыңда шансы бир топ бийик, кантсе да эл арасында таанымал жана жер-жерлердеги уюмдары бар, структуралашкан саясий бирикме эмеспи…

Ал эми СДПК чуулгандуу саясий билдирүүлөрдү жасап, өзүнүн “Резолюциясы” менен революциячыл маанайды жаратууга умтулуп жатканы да дал ошондон улам. Алар коомчулуктагы протесттик электоратты биротоло менчиктеп, ал добуштарга өздөрү гана ээ болушуп, башка эч кимди бул коомдук-саясий орунга киргизбей, буга көз арткандардын баарын эмитен эле сыртка сүрүп чыгууга кызыкдар болуууда.

Деген менен, коомдук-саясий протесттик маанай да саясий-сезондук жагдайларга жараша улам өзгөрүп, бирде курчуп, бирде басаңдап, айтор, ишенимсиз боло берери түшүнүктүү. Мындай олку-солку жагдай дал ошол парламенттик шайлоо жана да добуш берүү күнүнө чейин созулуп жүрүп олтурушу да толук мүмкүн.

Кыскасы, бекер сыр бир гана чычкандын капканында болот демекчи, ошол олуттуу электоратты азыртан даярдап, анын добушун башкаларга тарттырып жибербес үчүн, саясий партиялар ортосундагы өз ара күрөш жана атаандашуулар күн санап күч ала берери турган иш. Көптөгөн саны бар, сапаты жок, кагаз жүзүндөгү партиялар иргеле баштайт. Болгондо да табигый тандап алуу жолу менен…

Азыркы ачык турган коомдук-саясий маселе, — ​экиге бөлүнгөн СДПКнын ача жолдо турган, бул жакка барсаң атың өлөт, тигил жакка карай бурулсаң — ​өзүң өлөсүң дегендей абалды элестетет. Ал эми башы жок чабандести эске салган “Республика” партиясынын маневрдук мүмкүнчүлүктөрү андан да чектелүү экендигин жогоруда белгилеп өттүк. Өмүрбек Бабановдун абада асылып тура бериши деле чексиз созулбашы түшүнүктүү. Сыягы, бул абал дал ошол парламенттик шайлоого байланыштуу чечилери дайын болуп калды окшойт.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *