Премьер-министр Кубатбек Бороновдун брифингде берген маалыматы – текст

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кечээ, 15-сентябрда, Өкмөт үйүнүн пресс-борборундагы брифингде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, күзгү оруп-жыюу иштери, эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана башка бир катар багыттарда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчынын брифингиндеги маалыматынын текстти:

Брифинг

15-сентябрь 2020-жыл

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Бүгүнкү брифингде бир нече актуалдуу маселелерге кайрылабыз:

– өлкөнүн жалпы социалдык экономикалык өнүгүүсү,

– күзгү оруп-жыюу иштери,

– эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу тууралуу жана

элдин айрым суроолоруна жооп беребиз.

Улуттук статистика комитети 11-сентябрда 2020-жылдын 8 айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарды. Ага ылайык, республика боюнча ички дүң продукция 335,2 млрд сомду, же 94,1%, 7 айдын жыйынтыгына салыштырмалуу өсүү темпи 0,2% жакшырып, 5,9% түздү (янв-июль минус 6,1%). Мунун ичинен: өнөр жайы –100,1%; курулуш – 92,2%; кызмат көрсөтүү – 90,2%; айыл чарбасы – 101,8%; соода – 83,2%; инфляция – 2,2%.

Инфляция – белгиленген чектен ашкан жок.

Жалпы киреше 8 айда 99 млрд 660 млн сомду түздү (89,6%). Ошондой эле ЕАЭБден ташылып келүүчү товарлардан алынуучу бажы алымдары 9 124,7 млн сом болду, ал эми Кыргызстандын төлөмү 3 362,5 млн сом болду. Демек, ЕАЭБден алганыбыз 5 762,2 млн сомго көбүрөөк болду.

Республикалык бюджеттин дефицити август айында киреше 78,1 млрд сомду, чыгаша 93,1 млрд сомду түзүп, дефицит 15,0 млрд сомго чыкты, же ИДПга карата 4,5% түздү. Өзүңүздөр билесиздер, июнь айында 17,7 млрд сомго, же 7,8% чыгып кеткен.

Бирок мунун ичинен Салык кызматынын респ.бюдж. боюнча жылдык планы 40,8 млрд сом, аткарганы 38,4 млрд сом (94%). А.и. августтагы: планы 4,8 млрд сом, 5,9 млрд сом, же 123,3% аткарды, жалпы 1,2 млрд сом көп чогултту.

Учурда бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоодо салыктык процедураларды санариптештирүүнүн эсебинен натыйжалуу иштер аткарылып жаткандыгын белгилеп кетем. Мисалы:

А) Фискалдаштыруунун бир компоненти – электрондук эсеп фактуралар. Ишкерлер 1-июлдан тартып электрондук эсеп фактураларды милдеттүү  түрдө колдонууга өткөрүлүүдө. Бул пландаштырылган иш. Учурда жалпы субъекттердин 70% колдонуп баштады. Тагыраак айтканда, 10-сентябрга карата электрондук эсеп-фактураларды 9 миң 234 ишкер пайдалана баштады.

(Кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчүлөрдүн реалдуу иштегени 9 миңге жакын субъект, катталганы 14 миң, мунун ичинде товарларды импорттоону жана/же экспорттоону жүзөгө ашыруучу субъекттер болжол менен 3 миңге жакын субъект).

Бул иштер улантылат, аталган системаны башка салык төлөөчүлөр да колдонсо болот, жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

Б) Экинчи компонент – АСУ АЗС.

1-июлдан тартып май куюучу станцияларда, а.и. унаага газ толтуруучу жана газ компрессордук станцияларда (АЗСтерде) автоматташтырылган башкаруу системасы менен иштей баштады. 10-сентябрга карата республика боюнча иштеп жаткан 1048 май куюучу станциясынын ичинен 760 бул аппараттар орнотулду (73%).

В) Кийинки компонент – Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар.

1-июлдан баштап Салык кызматы “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз” программалык модулун “Электрондук эсеп-фактура” системасынын алкагында киргизди.

Натыйжада: технологиялык чынжыр боюнча мунай заттарын жүктөө үчүн мунайды жана мунай заттарын казып алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттер өз ишинде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды   колдоно башташты.

Бул электрондук документте мунай жана мунай өнүмдөрү, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар жана башка маалыматтар камтылат.

10-сентябрга карата салык төлөөчүлөр тарабынан 26 миң 846 электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар таризделди.

Жыйынтыктап айтканда, дагы бир катар компоненттердин үстүндө иштер жүрүп жатат. Мунун баары бюджетке көмүскө экономиканын каражаттарын ачыкка чыгарууга, контрабандалык товарларды кыскартууга, башкысы, бюджетти толтурууга түздөн-түз жакшы таасирин тийгизүүдө.

Натыйжада учурдагы кризиске карабастан:

– 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктан 1 млрд сомду ашык түшүрдүк,

– 2020-жыл үчүн коюлган пландан 2 айдын ичинде 1,9 млрд сом ашыкча салыктык кирешелерди алдык.

Салык кызматына киргизилип жаткан санариптик системаларды Бажы тармагына да киргизүү абдан актуалдуу маселе. Бажы системасын реформалоонун бир гана жолу – санариптештирүү. Биз ал аркылуу ишке ашырууга аракеттерди жасап жатабыз. Дүйнөлүк тажрыйбадан алып, Кыргызстандын Бажы кызматы автоматташтырылган башкаруу системалары боюнча программаларды талдап жатат.

Чек ара постторундагы иштер туурасында айта кетсем.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан алып кирүүдө товарларды эсепке алуу пункттарында кыйыр салыктарды тескөөнү жакшыртуу, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эсепке алынбаган товарларды алып келүүнү кыскартуу максатында – ар бир пункт боюнча өзүнчө техникалык жагынан тартып, нормативдик жагына чейинки иш-чаралар планы иштелип чыкты:

-Ак-Тилек постундагы: товарларын эсепке алуу пункту боюнча (22 иш-чара белгиленди),

-Чалдыбар: товарларын эсепке алуу пункту боюнча (14),

-Чоң-Капка: товарларынын эсеп пункттары боюнча (14),

-Темир жол жана авиа посттордун алкагында (11 иш-чара).

Баса белгилеп кетчү сөз – ЕАЭБ өлкөлөрүнөн темир жол жана авиа каттамдар менен товарларды алып кирүүнү башкарууну жакшыртуу, ошондой эле импорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында темир жол вокзалдарында жана аэропорттордо ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Салык кызматынын башкармалыгын ишке киргизүү боюнча 21-августта Өкмөттүн токтому чыкты.

“Маймак”, “Кара-Балта”, “Аламүдүн”, “Кара-Суу”, “Бишкек-1” темир жол станцияларында жана “Манас” менен “Ош” эл аралык аэропортторунда салык посттору ачылып жатат.

Тийиштүү органдарга тапшырмалар берилип иштер аткарылып жатат.

Өкмөт пандемиянын шартына карабастан, 2020-жылга пландаштырылган таза суу, ирригация, социалдык объекттердеги, андан тышкары ооруканалардагы курулуш иштерин толугу менен жүргүзүп жатат.

Жаңы пландалган 12 оорукана боюнча айтсак, анын ичинен 7 толук бүттү, медициналык жабдуулар, аппаратар менен жабдылып, ишке бериле баштады.

Ошондой эле корголгон беренелер боюнча социалдык милдеттенмелердин баарын аткарып келе жатат: айлык акы, эмгек өргүү, пенсия, жөлөк пул ж.б.

Быйыл да 1-октябрдан тартып пенсияларды индексациялоо иши жүргүзүлөт. Бул максатта  11-сентябра Өкмөттүн 2 токтомун чыгардык. Индексациялоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107% өсөт. Пенсиянын орточо өлчөмү – 6061 сомду түзөт.

Жалпысынан 689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 млн сом керектелет, а.и.: республикалык бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгүнө 75,2 млн сом; пенсиялык фонддун эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 млн сом кошумча керектелет.

Урматтуу мекендештер!

Өзүңүздөр байкагандай, өткөн жумада Президентибиз да, биз да аймактарды кыдырып, айыл жергесиндеги абал менен таанышып келдик. Алгач сөзүмдү айыл чарбасындагы экономикалык көрсөткүчтөн баштасам.

8 айдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагынын ИДПдагы үлүшү 12,9% түздү. 132 млрд 329 млн сом продукция өндүрүлдү. Өсүү 101,8% түздү. Мунун ичинен: мал чарбасы – 101,7% – 71 млрд 357 млн сом; өсүмдүк өстүрүүчүлүк 102,1%, 56 млрд 999 млн сомду түздү.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик режимдерге карабастан, 2020-жылдын жазгы талаа жумуштары өлкө аймактарында үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Айыл чарба техникалары, үрөн, минералдык жер семирткичтер жана   күйүүчү майлоочу каражаттар менен убагында камсыздалып турду.

Учурда оруп-жыюу иштери жүрүүдө:

А) Республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 393 миң гектары  жыйналды, же жалпы анттын 84,3% түзөт. Чүй облусунда буудайды жыйноо  иштери толугу менен бүттү. Талас, Ысык-Көл, Нарында жана Алай жергесинде жыйноо иштери жүрүүдө. Ал эми арпа жыюу жумуштары өлкөбүздө жакынкы арада аягына чыгат.

4-сентябрга карата республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин дүң түшүмү 1041,5 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салышт. 100 миң тоннага көп болууда, а.и:  буудай 581,5 миң тонна жыйналды, же 66,9 миң тоннага көп болууда.

Түшүмдүүлүк дан эгиндери боюнча: гектарына 26,5 центнерден айланууда (2019-ж – 25,9 центнер).

Б) Жашылча-жемиш, бакча өсүмдүктөрүнүн жалпы дүң жыйымы  1 438,9 миң тоннаны түзүүдө, өткөн жылга салышт.  буюрса, 104,4 миң тоннага көп болууда (2019 – 1 334,5 миң т).

В) Техникалык өсүмдүктөр боюнча жыйым иштери:

Пахта жыйноо 6-сентябрдан тартып башталды (Араванда), 21,8 миң га жерде пахта эгилген (2019 – 24,4). Кант кызылчасы: быйыл 8,4 миң га жерге айдалган (2019 – 14,4 миң га). Республикада кумшекер өндүрүүчү 2 ишкана иштейт: “Кайынды Кант” жана “Кошой” заводдору. 2019-ж. кант заводдору тарабынан 761 миң тонна кант кызылчасы кайра иштетилип, 99,6 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн.

Жалпы импорт 2020-ж. янв-июнь – 10,2 миң тоннаны түздү.

Бүгүнкү күнгө карата кант заводдорунда, соода борборлорунда жана калктын колунда 31 миң т. кумшекердин запасы бар. Кызылчанын быйылкы түшүмүн жыйноо эми башталат. Буюрса, элибиз кант жагынан камсыздалышында маселе болбойт.

Жалпысынан учурда айыл чарба азыктарын өздүк өндүрүүнүн эсебинен камсыздандыруу: картошка – 106,2%, жашылчалар – 133%. Демек, өзүбүздү өзүбүз толук камсыздандырып жатабыз.

Ал эми: өсүмдүк майы менен өзүбүздү өзүбүз камсыздоо болгону 33,1% түзүүдө, 67% сырттан алабыз.

Республиканын нефтетрейдерлери тарабынан дыйкан-фермерлердин күйүүчү майлоочу майларга болгон керектөөсү жетиштүү түрдө камсыз болуп жатат. Учурда бир литрдин орточо сатылган баасы 35,8 сомду түзүүдө. Өткөн жылдын ушул мезгилинде майдын орточо баасы АЗСтерде 43,5 сомго чейин чыгып жаткан. Бул жагы да дыйкандарыбызга жакшы болду.

Жыйынтыктап айтканда, быйыл түшүмдүүлүктүн өсүү темпи 5-10% чейин жетет деп болжолдонууда.

Айыл чарба продукцияларын экспорттоо иштерине кененирээк токтолсом. Элибиздин 65% элет жергесинен өз кирешелерин таап тиричилигин өткөрөт, өлкөнүн жумушчу күчүнүн 40% жакыны айыл чарбасында эмгектенет. Демек, алардын кетирген мээнетин актаганга айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу жагы абдан маанилүү.

Дыйкандар кездешкен айрым көйгөйлүү проблемаларга токтолсок. Буга чейин башка өлкөлөргө чыгарылган жашылча-жемиштердин артка кайтарылган учурлары абдан көп болгон. Себеби коштоп жүрүүчү документтердин жоктугунан улам болгон. Тагыраак айтканда:

– ташылып бараткан товарда атайын экспертизадан өткөнү,

– салыктарды төлөгөнү тууралуу мыйзамдуу документтеринин бирөө эле жетишсиз болгон шартта – бажы кызматтары аны киргизбей коюшчу.

Ошондуктан айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр экспортко чыгаруу үчүн өсүмдүктөр карантини жана ветеринардык сертификаттарды алууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынан чыккан экспорттук продукцияны кайтарып берүү жөнүндө ноталардын саны дээрлик 100% азайды, мисалы:

2018 – 264 нотификация келген болсо,  2019 – жалпы 228 учур катталган. Анын ичинен өсүмдүктөр жаатында: 2019-жылдын 1-жарымында 155 нотификация, 2-жарымында 11 нотификация келген. 2020-ж. бул көрсөткүч 1-2ни гана түздү.

Демек, учурда бул проблемалар биздин өлкөдө акырындап чечилип баштады десек болот.

Биринчиден, 2019-жылдан 2020-жылдын 1-сентябрына карата тамак-аш жана кайра иштетүү ишканаларынын саны 102 жетти. А.и. 2020-жылы: айыл чарба багытындагы кайра иштетүү жаатында 40 жаңы   кайра иштетүүчү ишкана  ишке киргизилди, 1208 жаңы жумуш орундарын түзүлдү.

Экинчиден, ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген ишканалардын саны 155 жетти (2020-ж – 43). Мисалы: бал боюнча 2020-ж. чейин 29 гана ишкана болсо, 2020-ж. 17 ишкана кирди, жалпы 46 жетти.

Үчүнчүдөн, пандемияга карабастан, Кыргызстандын продукциялары экспорттолуучу өлкөлөрдүн географиясы кеңейүүдө, 2020-жылы жалпы экспорттун көлөмү 2,4% өстү.

Жашылча-жемишти экспорттоо 2019-ж. салыштырмалуу. 28,8% жогорулады. Быйыл 43 502 тонна кургатылган жемиш, 78 514 тонна мөмө-жемиштер экспорттолду (8 ай 2019-ж – 32 343 т.): 120 200 тонна жашылча Өзбекстанга, Тажикстанга, Кытайга, Иранга экспорттолду.

Картошканын экспорту 2019-ж. салышт. быйыл – 112,9% жогорулады: Kазакстанга – 5582 т, Өзбекстанга – 14 426 т, Россияга – 320 т, Түркмөнстанга – 3305 т экспорттолду.

Айрыкча Түркмөнстанга экспорттоо 2019-ж. салыштырмалуу дээрлик 1011 тоннага көбөйдү. Картошканы экспорттоо, кайра иштетүү маселелери акырындап жолго коюлуп келе жатат.

Төө буурчак экспорттоочу өлкөлөрдүн катарын 6 мамлекетке кеңейтти, дүйнөнүн 10 мамлекетине экспорттоло баштады.

Жыйынтыктап айтканда, заманбап лабораториялар салынып, иштөө системасы өркүндөтүлүүдө.

Айрыкча, ЕАЭБ өлкөлөрүнө жаңы айыл чарба продукцияларын чыгарууда дыйкандарга, ташуучуларга – санариптик маалымдоо системасы активдүү кирип жаткандыгын белгилеп кетем.

Өкмөт тараптан жума сайын азык-түлүккө болгон бааларга көзөмөл жүргүзүлүп турат. Баалар дээрлик туруктуу сакталууда.

Ал түгүл өткөн жумада жашылча-жемиштердин баасы сезондуу арзандагандыгы катталды: помидор-бадыраң, чеснок, алма – 2,1% 5,9% чейин. Ошол эле учурда фасолдун баасы жогорулады – 1,4% (89,17 – 90,42 сом/кг чейин).

Социалдык маанилүү азыктардын ичинен эттин баасы акыркы 2 жуманын ичинде бир аз көтөрүлүп жаткандыгы байкалууда: койдун эти – 10,31 сом/кг (2,9%); уйдун эти – 7,81 сом/кг (2,2%).

Күз келип мал жайлоодон түшө баштаганда малдын башын дүнүнөн сатып алгандар көбөйдү. Дээрлик көпчүлүгү сыртка (коңшу өлкөлөргө) сатылып жатат: Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан. Учурда мунун үстүнөн Монополиягы каршы мамлекеттик  агенттик иштеп жатат. Ири мүйүздүү жана майда жандыктардын этинен тышкары – башка эттер кымбаттаган жок. 

Урматтуу мекендештер!

Эпидемиологиялык кырдаал жана даярдыктар боюнча айтсам. 5-февралдан 14-сентябрга чейин ковидге 335 905 лабораториялык изилдөөлөр  жүргүзүлдү. Республика боюнча жалпысынан 13 лаборатория иштеп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата стационарлар консервацияланып жабылды. Ал эми коронавируска тартылган ооруканалар өз багытында иштеп баштады.

Дары-дармектер жана медициналык каражаттар:

Мамлекеттик материалдык резервдер фондуда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады. 15-сентябрга карата дарынын 27 түрү боюнча 85 млн сомго сатылып алынды.

Саламаттык сактоо министрлигинин 14.07.2020-ж. буйругу менен коронавирусту дарылоого керектүү дары-дармектер жана мед каражаттардын тизмеси жаңыртылды.

Учурдагы абал боюнча айтсак, дары-дармектер аптекаларда жетиштүү, кийинки алып келүүлөр 15-сентябрдан тартып (бүгүндөн) белгиленген.

1) Антикоагулянт, антиагреганттар: гепарин, эноксапарин, аспирин августта 121 806 упаковка келди. 15-сентябрдан кийин дагы 30 000 келет. Эноксапарин  (клексан) августта 36929 упаковка алынып келинди. Дагы 32071 келет.

2) Микробго каршы препараттардан 18 аталыш Тизмеге киргизилген. Учурда фарм компанияларда жетиштүү көлөмдө бар жана дагы алып келүү пландары бизге белгилүү. Мисалы: азитромицин – авг-та 745 851 шт келди. Дагы 334 859 келет. Ампициллин – 801 800 шт келди. Дагы 770 654 келет. Цефтриаксон – аптекаларга авг. 1 653 052 келди, 40000 келет.

Бизге келген левофлоксацин, цефтриаксон, цефтазидим, ванкомицин сыяктуу бир катар антибиотиктер резервдик препараттар болуп эсептелет.

3) Дене табын түшүрүүчү дарылар: парацетамол 2 062734 аптекаларга түштү, дагы 100 миң келет; ибуфен августта 572 400 флакон келди, дагы 508 656 келет.

4) Растворлордон (эритмелерден): рингер эритмеси  100692 келди, дагы 50 миң келет. Натрий хлориди 596 157 флакон келди, дагы 10 миң келет. Анткени булар абдан көп куюлат.

5) Антисекретордук каражаттар: июль айында 200 980 штук келген. Ал эми августта ранитидин 107 072 штук келди, омепразол 6000 шт келди.  Омепразол 3-сент.карата 163 714 шт аптекаларда турат.

6) витаминдерден: аскорбиновая кислота 508 008 шт аптекаларга түштү, дагы 50 миң келет.

7) противореанимационные препараттар: морфин, диазепам, ж.б. келди.

Реанимация бөлүмдөрү толугу менен ФОМС аркылуу камсыздалат.

Кийинки сөз – Өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.

2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн. сомду түздү. Айгуст айынын ичинде кызыл зоналарда иштеген 17 010 мед кызматкерге 287,6 млн сом төлөнүп берилди. Анын ичинде: врачтар (4210 адам) – 88 835 519 сом, орто персонал (7272) – 119 263 037 сом, башка персоналдар (1534) – 13 381 738 сом, кенже персонал (3 994 адам) – 66 129 320 сом. Баары 17 010 адам, жалпы сумма – 287 609 614 сом.

1-сентябрда Өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү. Жетпесе кошуп беребиз.

Сovid-19 боюнча каржылоо иштерине кеңири токтолсом

Пандемия башталган күндөн тартып республикалык бюджеттен 5,4 млрд сом каражат каралган, анын ичинен 5,2 млрд сом иш жүзүндө коротулду.

Бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө жумшалды:

– мед жабдууларды (ИВЛ, кычк.концентраторго), ПЦР, экспресс тесттерди, реагенттерди, мед багыттагы бумдарды, жеке коргонуучу каражаттарды  сатып алууга – 2,1 млрд сом;

– саламаттык сактоо кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөргө – 785 млн сом;

– күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөргө – 452 млн сом;

– обсервацияларды уюштурууга, тамак-ашына ж.б. чыгашаларына – 454 млн сом;

– аз камсыз үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоого – 200 млн сом;

– гриппке каршы жана пневмококко каршы вакциналарды сатып алууга – 221 млн сом;

– Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна буудайдын жана дары-дармектердин запасын камдоого – 1,1 млрд сом.

Чет элден финансылык жардамдар боюнча айтсам:

Сovid-19 пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында эл аралык институттардан 773,1 млн долл финансы каражаттарын тартуу боюнча иштер жүрдү. Анын ичинен республикага келген сумма – 338,0 млн долл.

Алынган 338,0 млн долл. 207,7 млн долл. пайдаланылган. Бул каражаттар: коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жоюу, калктын аз камсыз болгон катмарына пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө, муктаж болгондордун азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-аш азыктарын камсыз кылуу, ошондой эле дарыгерлерге, мугалимдерге жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акыларын төлөө, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө байланыштуу чараларды каржылоого жумшалды.

Мунун ичинен ишкерлер үчүн 100 млн  долл – 1% менен 10 жылдык шарт менен алынган. Ал толугу менен ишкерлерге берилет. Бул кайтарымдуу кредит. Бул алынган каражатты 10 жылдын ичинде ишкерлер аркылуу кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот.

130,3 млн долл – пайдаланыла элек. Бул каражат Улуттук банктагы Борбордук казынанын эсептеринде турат.

Учурдан пайдаланып, тышкы карыз боюнча айта кетели.

2020-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 4 169,6 млн долл.

Мамлекеттик карызды 2020-жылдын аягына чейин тейлөөнү убактылуу токтотуу тууралуу иштер жүргүзүлгөн жана улантылып жатат.

2020-жылдын 16-июнунда Париж клубунун мүчөлөрү менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлуп, анын жыйынтыгында ушул жылдын май айынан декабрь айына чейин Париж клубунун кредиторлорунун алдындагы карызды тейлөө убактылуу токтотулду (10,9 млн долл карыздын көлөмү).

Ошондой эле ушул жылдын ичинде Сауд Өнүктүрүү фонду менен (0,81 млн долл), Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт фонду (0,86 млн долл), Түркия Республикасынын Өкмөтү (3,9 млн долл) сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын алдындагы карызды тейлөө убактылуу токтотулду.

Ошону менен бирге Кытайдын Экспорттук Импорттук банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар тараптан 2020-жылдын аягына чейин карызды тейлөө убактылуу токтотуулары тууралуу макулдук берилди. Бул чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 35 млн АКШ долларын же 2,6 млрд сомун экономия кылат.

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мекендештер эми бир аз ар түрдүү суроолорго жооп берип коёюн.

1. Күз-кышка даярдыктар жүрүп жаткандыктан учурда айылдарда электр жарыгы өчүрүлүп жаткандыгы  боюнча маалыматтар чыгып жатат. Мындай авариялык өчүрүүлөр, биринчиден, 6-10 килоВольттук чубалгыларда болуп жатат. Анткени:

– биринчиден, аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу столбалардын жыгылып калуусунан, зымдардын кагылышуусунан же үзүлүшүнөн ж.б. болуп кетет.

– электр тармактарынын негизги жабдыктарынын эскирүү даражасы 50%дан жогору, электр зымдары жана электр жабдуулары пайдаланууга берилгенден бери алар дээрлик жаңыланган эмес.

Учурда 2020-жылдын 30-апрелиндеги Өкмөтүн токтомуна ылайык, кышка даярдыктар толук кандуу жүрүп жатат.

Ошондуктан энергетиктер энергетикалык жабдууларды эксплуатациялоо үчүн бир катар оңдоо-курулуш иш-чараларын мезгил-мезгили менен жүргүзүп жатышат. Ошол үчүн да өчүрүүлөр болуп жатат. Ал үчүн элге атайын алдын ала атайын эскертүүлөр жасалып турат.

Отун даярдоо, шаймандарды оңдоо, электр жана жылуулук тармактарын куруу жана реконструкциялоо боюнча коюлган пландарды жана тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15,1 млрд куб метрди түздү, ал эми былтыркыга караганда 2,0 млрд куб метрге аз (17,1 млрд. м3). Токтогул суу сактагычында  суунун көлөмү Өкмөттүн катуу көзөмөлүндө турат.

Буюрса, кыш мезгилинде электр энергиясында пландуу веердик өчүрүүлөр болбойт.

2. Республикалык штабда бала бакчаларды санитардык талаптарды сактоо менен ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Коронавирус инфекциясынын жайылуусу күчөгөн убакытта бардык бала бакчалар жабылган, азыркы учурда жеке менчик бала бакчалар санэпидемкөзөмөлдөө борборлордун макулдугу менен иштеп жатышат.

Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир райондо/шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, бала бакчалардын ачылышы жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат. Ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарынын дезинфекциялоо иштери башталды.

Ал эми мектептердин  толук кандуу иштеп башташы боюнча акыркы сөздү сентябрь айынын аягында айтабыз. Учурда санитардык-эпидемиологиялык эксперттер Билим берүү министрлиги менен биргеликте бардык тажрыйбаларды карап, күнү-түнү иштеп жатышат.

3. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча эки сөз.

1. Саламаттыкты сактоо министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте шайлоо процессинин этаптарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн аракеттердин алгоритмин иштеп чыгышты.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана шайлоо участоруна жеткирилди. Өлкө ичинде жана өлкө тышындагы шайлоо участокторунда иштер санитардык-эпидемиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлүп жатат.

2. Социалдык дистанция коомдук транспорттордо болобу, кафе-ресторандарда болобу – бардык жерде сакталууга тийиш жана талаптарды сактоону суранабыз.

Санитардык-эпид талаптарды сактоо менен тойканалардын 100 орунга чейинки ачылышы боюнча штабда маселе каралмайынча ачылбастыгын эскертем. Маселе жакынкы күндөрү каралат.

Кандай болгон күндө да жарандарды, саясий партияларды – баарыңыздарды мыйзамдуулукту сактоого чакырам. Урматтуу кыргызстандыктар, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, сатууга болгон аракеттердин баары – кылмыш экендигин эскертем.

Биринчиден, паспортунарды эч кимге бербегиле. Экинчиден, добуш берүү – бул купуя, жашыруун процесс. Алдын ала жазып, же базага киргизип коюуга мүмкүн эмес.

Электрондук урна шайлоо болгон – 4-октябрь гана күнү иштейт, ошондо гана эсептеп баштайт. Шайлоо күнү гана ар ким өз каалаганына добуш берет жана аны эч ким биле албайт.

Ким кимге добуш бергенин эч ким билбейт. Жүрөгүңүздөр менен тандоо жасаңыздар.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *