Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады
ОФИЦИАЛЬНЫЕ НОВОСТИ

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасында кыргыз-россия көп кырдуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон Сиздин чоң салымыңыз жана көңүл бурууңуз жогору бааланат.

Кыргызстан Россиянын эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого, кылымдар бою келаткан достук байланыштарына негизделген бекем жана туруктуу союздашы жана өнөктөшү болгон жана боло берет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Россиянын келечеги үчүн болгон жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми көп улуттуу Россия элине болсо тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Рекомендуемые

Фото — Сотрудники Аппарата Президента КР, Управделами Президента и Правительства КР и ОФ «Эко Деми» провели субботник в одном из парков г. Бишкек

ГРС начнет выдачу водительских удостоверений нового образца

Фото — В международном аэропорту «Манас» встретили первых туристов летнего турсезона из Польши

Оставить комментарий